Улуу Британиянын Хойлэйк шаарында кезектеги таң атты. Оливия Крэйг 16 жаштагы баласы Дэниелдин мектептеги окуусунан жыйынтык чыкпаганын көрүп, аны эртерээк ойготууга шашты. Бул күнү Манчестерге Улуттук жаштар театры келмек, андыктан актёрлукка шыгы бар Дэниелди бул театрдын сынагына кандай болгон күндө да тапшыртуу керек эле...
Регби талаасында
Келечектеги Бонд бул сынактан өтпөй калса, азыркы актёрду көрбөйт болчубуз. Дэниел 4 жашында ата-энеси ажырашып, эжеси Лия экөө апасы менен Ливерпуль шаарына көчүп келишет. Апасы Ливерпуль театрында эмгектенгендиктен Крэйгдин балалыгы сахна артында өткөн. Анын актёрлукка болгон шыгы дал ушул кезде ойгонуп, мектептеги спектаклдерде роль жаратуудан тартынчу эмес. Окууга анчейин көңүл бурбаган Дэниелди бирде сахнада, бирде Хойлэйк мектебинин регби талаасынан тапса болот эле. Ошондой эле ал “Ливерпуль” футболдук клубунун ашынган күйөрманы болчу, дем алыш күндөрү “Энфилд” стадионунан чыкчу эмес. Дэниел Крэйгдин жашоосун Манчестерде өткөн сынак түп тамырынан өзгөрткөн.
Лондондо
Сынактан ийгиликтүү өткөн 16 жаштагы Дэниел Лондонго сапар алат. Аталган театр ага тажрыйба топтоо, эл-жер көрүү үчүн чоң мектеп болуп берет. Актёр алгачкы кадамдарын мындай эскерет: “Деңиз флотунда кызмат өтөө максатыман айрылып, 20 жашымда музыка жана драма мектебине тапшыргам. Эпизоддук ролдорго тартылуу менен карьерам башталган. Бирок сериалдан сериалга, спектаклден спектаклге тартылуу менен күн өткөрүүгө акча жетчү эмес. Официант, тазалоочу жана башка майда-чүйдө жумуштарда иштөөгө туура келчү”.
Голливудда
Крэйг 2001-жылы Голливудда “Лара Крофт” тасмасына тартылып, режиссёрлордун жакшы пикирине арзыйт. Бирок дүйнө жүзү Дэниел Крэйг аттуу актёрду Бондиананын 21-тасмасынан тааныйт. Англиялык актёрдун дайындалышы Голливуд эмес, дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салат. Жаңы Бонд сары чачтуу, көк көз, жадакалса чыныгы ак сөөккө да окшобойт. Мындай жол менен режиссёрлор Бонд тасмаларына жаңычылдык аркылуу жаңы дем беришкен. Мезгил режиссёрлор туура тандоо кылышканын тастыктады. Анткени Дэниел Крэйг учурдагы замандын талабына жооп берген идеалдуу Жеймс Бонд боло алды.
Бардыгы Бонд жөнүндө
- Бондго бекитилгендеги сиздин алгачкы сезимдериңиз?
- Бондиананын 50 жылдык өмүрүндө Жеймс кандай ичимдик ичерин көпчүлүк билет. Ал шампан же мартини ичет. Мени бул ролго бекиткендигин укканда алгач эле ичкем... Өтө көп. Эмнени дебейсизби? Албетте, мартинини.
- Ролго бекитилгенден тарта көптөгөн кысымдарга кабылганыңыз белгилүү...
- Өзүмө болгон чабуулдарды татыктуу көтөрүү керек болду. Тасма жаатындагы адамдардын какшыгын, ММКдагы шылдыңдоолор жана керек болсо СraigNotBond (КрэйгБондЭмес) аттуу атайын ачылган сайт каршы болушкан. Алардын оозун жабуу үчүн тасма мыкты чыгуусу керек эле. Мен буга олуттуу кириштим: спорт залда күндө машыгып, Флемингдин бардык китептерин окуп, Бондиананын бардык серияларын бир нече ирет көрүп чыккам. Бондду 100 пайыз даяр болмоюнча аткаруу мүмкүн эмес.
- Жеймс Бонддон күнүмдүк жашообузга керектүү эмнени үйрөнсөк болот?
- Эч нерсени.
- Бирок ал легендага айланган баатыр эмеспи?
- Тасма менен жашоодон алган тажрыйбаны салыштырбаш керек. Жеймс Бонд максатына жетүү үчүн аракет жасайт. Аныкы тасмада, ошон үчүн мыкты болуп көрүнөт.
- Каарманыңыздын кайсы сапаттары сизде бар деп ойлойсуз?
- Мен роль гана жаратам. Жашоодо анчалык каардуу жана кайраттуу эмесмин. Бонддой жалгыздыкты жактырбайм. Ал ойлоп чыгарылган каарман да. Ал менин карама-каршым десем болот. Бул жөн гана актёрлук жумуш. Ал кадимки жумуштардан айырмаланбайт, аны аткарам да үйгө жөнөйм.
Кыска-нуска
Адилет Керимбек уулу
star@super.kg