УЮЛДУК ТЕЛЕФОНДОГУ «АКЦИЯЛАРДЫ» ТОКТОТУУГА БОЛОБУ?

Уюлдук телефон абоненттерине оюндун, лотереянын же акциянын жеңүүчүсү болуп табылгандыгын, ага баш байге – баалуу буюм же накталай акча бериле тургандыгын айткан чалуулар же жөнөтүлгөн СМС-билдирүүлөрдүн саны азайбай эле көбөйүүдө. Мындай «утуштарды» уюштургандар кимдер жана алардын торуна кантип илинбөө керек?

«12 740 СОМГО АЛДАНЫП КАЛДЫК»
Акбараалы Самудинов (аты-жөнү өзгөртүлдү) аттуу студент жигит редакциябызга баш багып, окуусуна төлөнүүчү акчаны телефон алдамчыларына кантип алдырып жибергенин айтып башын мыкчып отурду:

-Бишкек шаарындагы ЖОЖдордун биринде 1-курста окуйм. Ушул жылдын 24-март күнү саат 9дарда уюлдук телефонума 0555 47 51 57 номеринен «Куттуктайбыз! Сиз «Газпром нефть Азия» компаниясынан 20 миң сом жана сыналгы утуп алдыңыз» деген СМС келди. Бир аздан кийин ошол эле номерден бир эркек киши чалып, менин аты-жөнүмдү айтып: «Биздин компаниянын туулган күнүнө карата акция өтүп жаткан. Сиздин номер 8 бактылуу номерлердин катарына кошулуп, байгеге ээ болдуңуз. Байгеңизди биздин кеңсеге келип алып кетсеңиз болот»,- деди. Алгач анчалык деле маани берген жокмун. Кийин ал дагы чалып: «Сиз биздин кеңсеге келбей эле коюңуз. Андан көрө бир номер беребиз, ошого 470 сом бирдик жүктөсөңүз сыналгыны үйүңүзгө жеткирип беребиз»,- деди. Жанымда окуумдун акысына төлөй турган акча бар эле. Барып ал айткан номерге бирдик жүктөдүм. Бир аздан кийин кайра чалып, «документтерди тууралоого керек» деп дагы 1000 сом салдырды. Ошентип жогорудагы номерге баш-аягы 3 миң сом салдым. Өзүмдө акча калбай калганынан досторума окуя тууралуу айтып, «карызга бере тургула, акчамды алсам кайтарып берем» дедим. Алар да окуусуна деген акчасын беришти. Тиги киши бир аздан соң дагы чалып, 6 телефон номерди айтты да, «баарына 200 сомдон бирдик жүктөгүлө» деди. Аны салдык. Башка номерлерге да бирдик жүктөдүк. Балким, алдаса кереги тиет деп шекшип ошондон тарта жүктөлгөн бирдиктердин дүмүрчөктөрүн чогулта баштадык. Ага чейинкилерин терминалдан эмес, дүкөндөрдөн эле салган элем.
Андан соң ал киши «силерди журналисттер келип тартып кетишет, алардын жол киресине керек» деп 1 номерге 3 миң, дагы башка номерге 940 сом салуубузду айтты. Биз анысынан баш тартсак, ал «Чүй көчөсүндөгү №242-имаратта жайгашкан юридикалык бөлүмгө келип, Исаев Нурбек Самагановичке 7500 сом айып пул төлөп кеткиле» деп СМС жазды. Чалып себебин сурасак «силер келебиз деп журналисттерди убара кылдыңар, ошол үчүн айып пул төлөйсүңөр» деди. Анан мен балдарга «7500 сом төлөгүчө 3940 сом бирдик салганыбыз оң го» деп айттым. Алар макул болушуп, аны да салдык. Анан ал киши бизди Политех жакка чакырды. Барып чалсак «иштерибиз менен Жумушчулар шаарчасында жүрөм, ошол жакка келгиле» деди. Балдардын жарымы калып, жарымыбыз ал айткан дарекке барып таппай койдук. Чалсак албайт. Бир маалда ал телефонун алып, бизди 8-кичи райондогу «Газпром нефть Азия» компаниясынын кеңсесине чакырды. Барып чалсак «чыгып өзүм чалам, эшиктин алдында күтө тургула» деген бойдон телефону өчтү. Ошондо гана алданганыбызды билдик. Ал бизди жалпысы 12 740 сомго алдап кетти. Эми кантерибизди билбей отурабыз. Бардыгыбыздын тең окуубузга төлөчү акчабызды берген элек. Эми ата-энебиз билсе эмне болот, билбейм...


Биз өз кезегинде каарманыбызды милиция кызматкерлерине барып арыз жазуусу керек экендигин түшүндүрүп жөнөттүк. Эртеси байланышсак ал: "Бул тууралуу агама айтсам "бизди да, өзүңдү да уят кыласың, андан көрө муну эч ким билбей калганы жакшы" деп каршы болду. Ошондуктан арыз жазбай турган болдум",- деди.

«АБОНЕНТТЕРИБИЗГЕ АЛДАНЫП КАЛБООНУ ЭСКЕРТИП КАТ ЖӨНӨТҮП ТУРАБЫЗ»
Мындай иштердин алдын алуу үчүн эмне кылуу керектигин билүү максатында өлкөбүздөгү уюлдук операторлордун бири «Мегаком» компаниясынын жарнама жана маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Жумгалбек Өмүрканов менен байланыштык:
-Компаниябызга шылуундардын кайырмагына илинген абоненттер көп кайрылышат. Аларга биз укук коргоо органдарына кайрылууну сунуштайбыз, анткени териштирүү же толугу менен маселесин чечип берүү компаниянын эмес, алардын иши. Өз кезегинде биз жалпы абоненттерге эскертүү иретинде СМСтерди жөнөтүп, ММКлар аркылуу маалымат берип турабыз. Номердин каттоодон өткөн же өтпөгөнүн сурашат, бирок башка абонент жөнүндө маалымат берүүгө болбойт. Бизден мыйзамдуу түрдө укук коргоо органдары коопсуздукту алдын алуу жана териштирүү үчүн маалымат ала алышат. Бул багытта ИИМ менен тыгыз иш алып барабыз.
Урматтуу абоненттер, сиздерге белгисиз адамдар кайрылып, кайсы бир оюндун, лотереянын же акциянын жеңүүчүсү болдуңуз деп маалымдаган учурда ошол замат *500 номери аркылуу кардарларды колдоо кызматынын адистеринен маалыматты тактаңыз. «Мегаком» компаниясы мындай мазмундагы билдирүүлөрдүн компаниянын ишмердүүлүгүнө тиешеси жок экендигин эскертет.


«ШЫЛУУНДАРГА АЛДАНГАНДАР АРЫЗ ЖАЗЫШПАЙТ»
Телефон алдамчылары тууралуу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын мүлк кылмыштарына каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Умар Жунусов буларды билдирди:
-Телефондон алдагандардын көпчүлүгү абакта отургандар жана алар катталбаган номерлер менен алдашат. 2013-жылы Бишкек шаарынын Октябрь районунда абактагы алдамчылардын чогулткан бирдиктерин бир түрмө кызматкери алып келип, накталай акчага алмаштырып жаткан жеринен кармалып, иши сотко өткөн. Андан бери мындай кылмыш тууралуу бизге арыз түшкөн жок. Телефон шылуундары көпчүлүк учурда табылбай калып жаткандыгынын себеби – алдангандар арыз жазышпайт же 5-6 күн өтүп кеткен соң кайрылышат. Шылуундар алдаган телефон номерин өчүрүп салгандан кийин аларды табуу кыйын болуп калат. Мындан тышкары биз уюлдук компаниялардан өзүбүз барып номерлерди ала албайбыз. Мыйзам чегинде соттун санкциясы менен гана номерлерди алабыз. Алгач кылмыш иши козголуп, андан ары тергөөчү прокуратурага, андан соң сотко барып анын чечимин алгандан кийин гана уюлдук компанияларга барыш керек. Анан номерлерин алган күндө деле уюлдук компаниялардын базалык станциялары так дарегин көрсөтпөйт. Мисалы, базалык станциядан алдамчылар бир абактан чалганын билген күндө да биз барып абак кызматкерлерине «ушул жактан бирөө алдаптыр» десек, алар «абактын ичинде камералар көп, бир телефонду 15 соттолуучу колдонушу мүмкүн, анын кимиси элди алдаганын билбейбиз» дешет, ошентип далилдөө кыйын болуп калат.
Азыр кимдир бирөө кандайдыр бир документтерин жоготсо ММКлар аркылуу издөө жарыялап, өзүнүн аты-жөнүн, телефон номерлерин жазып коёт. Бул алдамчылар үчүн шпаргалка сыяктуу. Экинчиден, шылуундар кандайдыр бир компания утуштарды ойнотуп жатат деп чалышса ошол компаниянын өзүнө чалып, алдын ала маалыматтарды тактап алуу кажет. Эгер компаниялар акция өткөрчү болсо алдын ала ММКлар аркылуу атайын билдирүү таратат жана кардарларына жумуш телефону менен чалышат. Ал эми абакта отурган шылуундар уюлдук телефон менен чалышат, муну да эске алуу зарыл.

«ТҮРМӨДӨ ТЕЛЕФОН КОЛДОНУУНУ ТЫЮУ САЛГАН МЫЙЗАМ ЖОК»
Түрмөдө уюлдук телефонду колдонууну токтотуу үчүн кандай чаралар колдонуларын жана эгер айыпталуучу элди алдаганы билинсе аны кандай жаза күтөрүн билүү максатында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатаровага кайрылдык:

-Телефон алдамчылардын бардыгы эле абактагылар деген туура эмес. Эркиндикте жүрүп деле телефон аркылуу шылуундук кылгандар бар. Негизи абакта уюлдук телефон колдонууга тыюу салган мыйзам бизде жок. Себеби биздин мыйзамдар уюлдук телефон чыга элек маалда жазылгандыктан толуктоо киргизүүгө муктаж. Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатабыз. Түрмөдө отургандар уюлдук телефон колдонсо жана телефонду сырттан киргизгендерге да кандайдыр бир жазалар колдонулса мындай көрүнүш азаймак чыгар. Бардык түрмөгө уюлдук байланыш тартпай калчу аппараттарды коюуга мамлекеттин каражаты жетпейт. Ошентсе да түрмө кызматкерлери абакта отургандардын камераларына тинтүү жасап, эгер уюлдук телефондору болсо чогултуп алышат. Абактагылар телефон колдонгону үчүн жаза алышпайт, ал эми телефон аркылуу алдамчылыкка барганы аныкталып, далилденсе кошумча кылмыш иши козголуп, жаза мөөнөтү узартылышы мүмкүн.


ЭСИҢИЗДЕРДЕ БОЛСУН!
Шылуундар көбүнчө элди төмөнкү жолдор менен алдашат:

  1. «Сиздин номериңиз «Сүйүктүү» же «Бактылуу» номердин бири болду. Куттуктайбыз! Сиз ноутбук же сыналгы уттуңуз. Белегиңизди алуу үчүн алгач төмөнкү сандарды терип катталышыңыз керек!» деген сыяктуу СМС-билдирүү жөнөтүшөт же чалып айтышат.
  2. Эгерде чоң суммадагы «байгелерди» сиздерге айтса (автоунаа, батир) «салыкка төлөйсүз, ал үчүн банкка эсеп ачып, акчаны ошол жакка салышыңыз керек. Ишенимдүү болсун десеңиз, бирдик аркылуу деле төлөп койсоңуз болот» деп эптеп өздөрүнө акча которууга шашылышат.
  3. "Сизге Орусиядагы, Казакстандагы тууганыңыз аманат берип жиберди, келе жатсак бизди бажыканадан кармап, өткөрбөй жатышат. Бизге бирдик которуп туруңуз" дешет.

Телефондогу «акциялардын» көбөйүүсүнө ким күнөөлүү? Телефон чалып элди алдагандарбы, абактагылардын телефон колдонуусун токтото албаган тиешелүү кызматтарбы же уюлдук компанияларбы? Балким, байгелүү болууну каалап, өз колубуз менен бирдик жүктөп берип, алданган соң милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылуудан уялып, кайдигер мамиле кылган өзүбүз да күнөөлүү болуп жүрбөйлү?.. Андыктан окурмандарга айтарыбыз, мындай "акциялардан" сак болуңуз!

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Wave.
2016-05-02 09:41:35
Мындай нерселер коп эле болуп жатат. Дагы эле алдангандар толтура. Озунорго сак болбосонор, ушундай нерседен силерди эч ким коргой албайт.
0
Bekish_zbp
2016-05-02 09:45:53
Мен алданбайм
+2
simone
2016-05-02 10:08:31
Сактансан сактайым дейт Жаратканыбыз!
0
admin_superstan
2016-05-02 10:37:28
KENEWBEK88, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. 3 күнгө БАН!
-2
jemile
2016-05-02 10:46:20
Бир жолу байкеме чалып: " 30 миң сом утуп алдыңыз" дептир
Байкем жөн адам эмес да, аны кайра ар нерсе кылыптыр, 1 саттай азыр салам, акча сурап атам деп, анан бир маалда "Ии, ошол 30 миңден бардык услугаңарга ала бергиле, мага 4.5 миң берсеңер деле болот" десе, жанагы жаны чыгып кетти дейт, анан бир эки сөккөн экен ошол бойдон тынчыптыр.. )))))

Кандай алданышат, тооба!
+3
radyakiz
2016-05-02 12:00:14
Сал десе сала беришеби? Бир салсын макул 500 сомго чейин анан 3000 деген не деген шумдук,биринчиден оздору куноолуу компаниянын операторуна чала калса болбойбу?
+6
zirek.kyz
2016-05-02 12:06:56
Ушул номерден мага да чалып ушул балага айткан нерслереди айткан.болгону 10чу бактылуу номер дешкен:)чала берип номеримди алмаштырып жаным калды го.
0
svobodna9luna
2016-05-02 12:36:25
Кудай сактаа
0
Ashka
2016-05-02 13:43:27
Сал десе эле сала бердинерби. Тооба! Тааныбаган эле адамга единица салып.)))
+1
kalima88
2016-05-02 14:36:40
Айылга уюлдук телефон жаны келген маалда (2007-ж.болуш керек) Юрий Анатольевич деген мага да "плазменный" телевизор утуп алдыныз" деп чалган.Алгач ишенгем, бир аз кун мурда эле "мобильные мощенники " деп орус тилинде билдируу келген эле. Ошону эстеп кетип дароо эле байланыш кызматкерлери мн байланышып, "утуш" тууралуу айтсам, "ишенбениз, алар алдамчылар " дешти. Ошентип, тиги кишиге "мен узакта, тоолуу райондо жашайм, телевизорду барып алып ке
0
kalima88
2016-05-02 14:54:40
ошол акча кетип калат экен, кереги жок, балдар уйуно берип кое бериниздер " деп, бар орусчамды чогултуп айтсам, " телефонго бирдик жуктоп коюнуз " дейт... Калганы белгилуу да))) Телефонду очуруп аран кутулгам.
0
Meerim.manas
2016-05-02 16:39:00
kalima88,жакшы кылган экенсиз
0
Meerim.manas
2016-05-02 16:37:23
уятты жооктор кантип алдап бироонун акчасын жейт экен
0
akjoltoy
2016-05-02 16:51:08
Мага бир жолу Москвадан акен посылка салып жиберди дер чалган . Чек арадан откорбой жатат 1000сом салгыла деп айткан. Авама чалсам жок деди. Корсо шылуундар экен
0
rayana2015
2016-05-02 19:48:17
Менин мегаком номериме оздору чалып регистрация кылышты эле,эми мен дагы ойлонуп калдым чын эле компания озу чалдыбы
0
jibew
2016-05-03 10:00:04
Бул шылуундар биздин номерди кайдан алышты деп тан келбей эле койгула,озубуздун эле тааныштар берет ушуга чал деп адресин аты жонун толук берип. Мага да чалышкан 4-5 жыл мурун ашатып эле согуп баштасам очуруп салган.
0
№ 704, 29-апрель-5-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан