ҮЛГҮЛҮҮ ҮЙ-БҮЛӨ КУРА АЛГАН ӨРДӨКТӨР

Адам табият менен таттуу мамиледе болгону оң. Ал табиятты байкоодон, аңдап-түшүнүүдөн, баамдап, суктануудан башталат деп ишенем.

ЧОМГАЛАР ЖУПТАШУУ МЕЗГИЛИНДЕ ГҮЛ БЕРЕТ ЖАНА ЖҮГҮНӨТ
Чомга же чоң арам өрдөк – аты да, заты да кызык. Өлкөбүздөгү куштардын дээрлик бардыгынын кыргызча аттары бар, алтургай эркеги-ургаачысы өзүнчө аталыштарга ээ. Бирок чоң арам өрдөк орусча «большая поганка» аталышынан которулган. Арам деген аталышы эти сасык, жегенге мүмкүн эмес болгондугунан улам келип чыккан. Балким, бул өрдөктүн саны азайып же бизге байырлабай калган маалда кыргызча аталышы да унуткарылган. Баянымда анын кыскача чомга деген ысымын алууну чечтим.
Сүрөтүн алгач көрүп, бизде да ушундай куш болобу деп таң калгам. Кышкысын башка өрдөктөрдөн деле катуу айырмаланбайт, бирок жазында, жупташуу мезгилинде жүнү кулпуруп өзгөрүп, айтылуу чүрөктөрдөн (чүрөк да куштун түрү) кооз болуп чыга келет. Төшү аппак, жону кызгылт сары, башында жүнү кара чачтай болуп, аябай эле башкача көрүнөт. Өмүр бою сууда жашап, балыр, майда балык менен азыктанат. Буту да башкача. Биз көнгөн каз тамандай эмес, кадимки манжалардай, бирок салаалары кайыктын калагындай жазы. Табият аны суу астында жакшы сүзүш үчүн ошондой жаратса керек.
Ушул маалда көлмөлөрдүн ортосуна чыгып алып эки чомга бири-бирине жүгүнүп, бийлеп, гүл сымал балыр жулуп келип бергенин көрсө болот. Ургаачысы балырды алымсынбай, албай коюшу да ыктымал. Кудум эле биз, кыздардыкындай кыялы бар. Анда эркеги ого бетер изденип, канатынан жүнүн жулуп берет, сууга чумкуп оозуна балык салат. Адамдарга салыштырсак, гүл берип, тамакка чакыргандай. Кичинекей жандык болсо да татаал мамилеси, жүрүм-туруму, мүнөзү бар.

ЖУМУРТКА БАСЫП ЖАТКАНДА УРГААЧЫСЫН ЭРКЕГИ БАГАТ
Уяны суунун бетинде балырдан куруп, төрт же беш жумурткасын ургаачысы 24 күн басат. Ошол маалда эркеги жубуна тамак алып келгенин токтотпойт. Балапаны чыкканда энеси жонунда алып жүрөт, алтургай балдары менен кошо сууга чумкуйт. Балапандар тыңыгыча эки жуп чогуу жүрүп, тукумуна бирдей кам көрүп, үлгүлүү үй-бүлө салтында жашашат. Күн сууктаганда майда көлмөлөр тоңуп калат, чомгалар кыштоого башка жактарга, мисалы, Ысык-Көлгө учуп кетишет.
2014-жылдан бери Кыргызстандын куштарын байкоону хобби катары эрмектеп келем. Көргөн да арманда, көрбөгөн да арманда демекчи, куштардын турмушу керемет. Айрым учурларды көргөндө суктанганымдан дем алганды унутуп, мелтиреп калам. Бирок браконьерчиликтен жалтанып, макала кылып жазууга батынбайм.
Чомгалар жөнүндө баяным менен силерди да табиятка суктанууга чакырам. Искусстводогу шедеврлерге суктана билгендей эле, Жараткан берген табият, жандыктарга баа берип, аларды байкап туруудан ырахат ала билүү – турмуштун ширинин тата билүүгө тете. Бактылуу болуу жолдорунун бири. Сизди айлана-чөйрөдөгү кандай көрүнүштөр бактылуу кылат?

Нуржан Алымканова
Ирина Романовская

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ZANIA-92
2016-05-05 01:31:00
Кызыктуу экен. Бул макаланы окуугандан кийин табиятга болгон коз карашым бираз озгоргондой болду.
+1
Aibekaiym
2016-05-06 14:33:35
ZANIA-92,Мендагыыыы)))Археолог анан эколог болгум келип кетти)))!!!
0
№ 704, 29-апрель-5-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан