ПРОКТОЛОГ КЕҢЕШ БЕРЕТ

Окурмандардан келген суроолорго Бишкектеги Улуттук госпиталдын колонопроктология бөлүмүнүн башчысы Ызакжан Бектенов жооп берет.

“КӨТӨН ЧУЧУГУМ КАНАП, ООРУТАТ”
2 жылдан бери Орусияда иштейм. Жумушта өз убагында тамактанбай жүрүп ичим катчу болгон. 7 ай мурун дааратканага барганымда катуу ыйынгандан улам көтөн чучугум оорутуп, канап кеткен (жарылган). Ошондон бери канайт. Кийинки кезде ичимди бошоткондон кийин оорутуу 2-3 саатка созулчу болду. Кармалап көрсөм катуу бир нерсе колума урунгандай болот. Өз алдынча эмнелерди ичип, сыйпап айыктырууга болот?

Бектурган, 36 жашта,
Новосибирск шаары

Ич катып, көтөн чучукка күч келгенде анын ич жагындагы былжыр чели да жарылып, канайт. Жарылганда былжыр челдин алдында жаткан булчуң эттер сезгенип, көчүк оорутат. Ичти бошоткондон кийинки оорутуунун узактыгы да ошол булчуң эттердин канчалык деңгээлде сезгенишине жараша болот. Сиз убагында дарыланбай өнөкөткө айлантып жибериптирсиз. Мындай түрүндө акырындап көтөн чучуктун оозунан геморрой сыяктуу эт түйүнү өсүп чыгат (геморрой эмес). Сиз кармалап көргөндөгү катуу нерсе эт түйүнү болушу керек. Андай эт өсүп чыккан соң дары-дармек жардам бербейт. Операция жолу менен гана айыктырууга болот. Андыктан проктологго кайрылууңуз зарыл.

“СӨӨЛГӨ ОКШОШТОР ЖАЙНАП БАРАТАТ”
Менин көчүгүмдүн тегерегинде алгач бирин-серин сөөл сымал нерселер бар эле. Кийинки кезде жайнап баратат. Аларды кантип жоготсо болот?

Севора, 40 жашта, Баткен шаары

Көчүктүн тегерегине сөөл сымал эттердин өсүп чыгышы – бул кондиломатоз деп аталат. Сырткы жыныс органдарынын оорусу катары эсептелет. Ооруну папиллома вирусу жаратат. Көбүнчө мончодон жугат. Акырындап көчүктүн тегерегин каптап, анан анын ич жагындагы былжыр челди көздөй өсө башташат. Кондиломатоз жаңы башталганда атайын дары менен күйгүзүп жок кылууга болот. Көбөйүп, көчүктүн тегерегин толук ээлей баштаса хирургиялык жол менен кесип салууга туура келет.

“ЖЕЛДИ КАРМАЙ АЛБАЙ КАЛЫП ЖАТАМ”
Мен мындан 3 ай мурун төрөгөм. Балам тетири келип калып, төрөттө чатым (көтөн чучук менен кындын ортосу) айрылган. Акушерлер “айрылган жерди тигип койдук” дешкен. Бирок төрөтканадан чыккандан 2 апта өтпөй ичтеги желди, анан суюк заңды жакшы кармай албай жатканымды байкадым. Эми эмне болот деп башым катууда. Бир айласын айтыңыздарчы?

Аида, 31 жашта,
Ош шаары

Чаттын айрылуусу көбүнчө сиз айткандай бала жамбашы менен келип калганда, бала чоң салмакта төрөлгөндө, анан төрөтүп жаткан врачтын туура эмес жардамынан улам болот. Эгер төрөттөн кийин айрылган жыныстык кын менен көчүктү кысып туруучу булчуң эттер туура тигилсе, коркунуч болбойт. Эгер көтөн чучуктун булчуң эти туура эмес тигилип калса, кийинчерээк көчүктүн кысуусу начарлап, жел, суюк заң кармалбай калат. Сиз проктологго барып, операция жолу менен кайра туура тиктирүүңүз кажет.


“ИРИҢДҮҮ ЖАРА УЛАМ ЖАҢЫРУУДА”
Курулушта эмгектенгендиктен ысык-суукка карабай иштөөгө туура келет. Жазында көчүгүмдүн тегерегинин эки жери чыйкан чыккандай болуп катуу оорутуп, шишип чыккан эле. Дене табым да көтөрүлгөн. Хирургга барсам “бул парапроктит. Жаралардын ичи ириңдеп кетиптир” деп кесип, ириңин чыгарган. Бирок кайра эле ириң чыкканынан дарыканадан дары май алып сүйкөгөм. Бир аз жакшы болуп, кайра эле жаралардан ириң чыгып жатат. Эмне кылса болот?

Сабыр, 46 жашта, Ош шаары

Парапроктит – бул көчүктүн тегерегиндеги эттин ириңдеп, сезгениши. Ал суукта жүргөндөн, сыз, муздакка отургандан чыгат. Хирургдар жараны жарып, ириңин чыгарып коюшат. Кээде ички жагы калып калат да, ириң кайра чогула берет. Хирургдар мындайда дагы кесишет. Айрымдар экинчи ирет врачка баруудан коркуп жүрө берет. Ириң болсо ич жакка тарайт же сыртка тээп, терини тешип чыгат. Көчүктүн айланасында андай тешиктердин саны көбөйө берет.Андай кезде көчүккө операция жасалат. Андыктан сиз хирургга эмес, проктологго дароо барыңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Adhambek
2016-12-15 17:06:16
кандай жол менен суроо берет админ?
0
admin_superstan
2016-12-15 17:10:49
Adhambek, саламатсызбы? Суроолоруңузду kenesh@super.kg дарегине жиберсеңиз болот.
0
№ 704, 29-апрель-5-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан