ӨЗГӨН ШААРЫНЫН АЛДЫНДА ДА ШААР БОЛГОНБУ?

Өзгөн шаары байыркы шаарлардын катарына кирип, өз ичине бир нече кылымдын тарыхын, ошондой эле ачыла элек сырларды катып келет. Муундан муунга өтүп, эл оозунда айтылып келген Өзгөн тууралуу кызыктуу баяндарды угуп, сырын ачып чечмелей албасак да, тийиштүү деңгээлде билген адамдарга жолугуп кайтуу үчүн табышмактуу шаарга сапар тарттык.

«ӨЗГӨНДӨ ЖЕР АЛДЫНДА ДА ЖАШОО БОЛГОН»
Жергиликтүү калк Өзгөн шаарынын алдында жер асты менен өтүүчү өтмөктөр бар деп айтып келишет. Буга далил катары эки жагын Кара-Дарыя менен Жазы дарыясы курчап, секиде жайгашкан шаардын бир топ жеринде оюк, адам бою казылган үңкүрлөр бар. Мындан сырткары катардагы курулуш иштерин жасап, турак үйлөрдү куруп жана көзү өткөн маркумдар үчүн көр казып жатканда да жер алдынан бир нече кылым мурун жасалган кумган, идиш-аяк жана башка буюмдарды таап алгандар көп. Түрдүү көлөмдөгү кумган, табак-чөгүндүн табылышы таң калууну деле жаратпайт. «Азыр жер астындагы өтмөктү кирип көрүүгө мүмкүн эмес. Анын бир тобунун ооздорун СССР мезгилинде бетондоп салышкан»,- деген жергиликтүү тургун Ботахун Маматахунов төмөнкүлөрдү баяндап берди:
– Илгери чоң аталарыбыз «Өзгөндө жер астында шаар болгон» деп айтып калышчу. Ошондой эле жоо келе турган болсо жер асты менен качып чыгып кете турган да жашыруун ооздор болгон. Улуу Жибек Жолу Өзгөн аркылуу өткөн. Ары-бери каттаган көпөстөр ушул жерге келип жайгашып, мейманканаларда эс алып кетишчү экен. Ал эми жер астында алтын-күмүш, байлык-кендин баары катылган. Биз Өзгөндөн 3 адам биригип ушул жер астындагы тоннель сыяктуу өтмөктөрдү иликтей баштадык. Жергиликтүү бийлик, андан сырткары Бишкектеги тарыхчыларга да айттырдык. Бул жактан биздин коңгуроо какканыбызга каршы же ушул табылгаларга кызыкдар бирөөлөр барбы деп да ойлоп жатам. Биз жер-жерлерден ар түрдүү уламыш-божомолдорду топтоп, эки жакты иликтей баштаганда УКМКнын кызматкерлери, «каралардан» бери келип кысым көрсөткөн да күндөр болду. Азыр ашыкча бир нерсе дештен коркуп калдым.
Мындан сырткары мэрия бул жайларга мамлекеттик деңгээлде маани бериш керек экенин түк түшүнбөй койду. Тоннелдин оозу көрүнгөн бир нече жерлерди техника менен сүрдүрүп, дөбөлөргө турак жай курууга уруксат берип да салды. Азыркыга чейин дарбаза сыяктанган жерлердин ооздорунан чоподон бышырылып жасалган кыш жана кооздук үчүн колдонулган жалтырак таштар көрүнүп турат. Бир дөбөнүн астынан чоподон жасалган 25 катар менен кеткен түтүктөрдүн калдыктары табылды. Ал түтүктөр эмне үчүн колдонулганын азырынча айтуу кыйын. Болжолубузда ичтен сыртка маалымат берүүчү үн өтүүчү түтүктөр же жер астындагы шаарга суу алып өтүү үчүн керек болушу да мүмкүн. Ал эми чоң дөбөлөрдүн биринин үстүнө Союз мезгилинде стадион курушкан. Анда да абдан кызыктуу тарыхый маанидеги буюмдар чыкканын шаар эли бүт билет.
Ошондой эле Өзгөн шаарынан бир топ алыс аймактардан да оозу жабылып калган үңкүрлөр табылган. Алардын экинчи оозу шаарга келиши мүмкүн. Булардын баарын терең изилдесе кыргыздардын ачыла элек көп тарыхы ачыкталмак болуш керек. Биздин жер кыдырып, журналист, тарыхчыларды чакырып коңгуроо какканыбызды кимдир бирөөлөр кен издеп жаткандай туюп жатышат окшойт.

«ӨЗГӨНДҮН 7000 ЖЫЛДЫК ТАРЫХЫ БАР»
Ботахун аксакал бизге түтүктүн калдыктары, жалпак кыштар, чоподон жасалган дого түрүндөгү үңкүрлөрдүн кире бериши сыяктуу көп кызыктарды көрсөттү. Мындан кийинки узун баянды Өзгөн тууралуу иликтөөлөрүн жазып жүргөн эколог жана генетик Ысмайыл Салимов куруп берди:
– Белгилүү археолог, тарых илимдеринин доктору Александр Бернштам бул шаар Өзгөн деген аталышты алганга чейин Кытай тарых барактарында «Ю» деп турарын жазган. Мындай жазууга таяп Ю шаарынын же Өзгөндүн 7000 жылдык тарыхы бар десек болчудай.
Өзгөн деген аталышты качан алган жана жер алдындагы өтмөк кайсы мезгилде курулган деген суроого келсек. Тарыхта чоң тамгалар менен жазылып белгилүү болгон караханиддер Юну чаап алышат да, уруу башчыларынын бири болгон Огуз-хандын атын коюшкан. Мындан улам Огуз – Огуз-хандын аты, ал эми «кент» – түрк тилинен которгондо «калаа», «шаар» дегенди түшүндүрөт. Ошентип, Ю деген аталыш «Огузкент» болуп өзгөрүп, кийинчерээк бурмаланып отуруп Өзгөн болуп калган. Мына ушул кырдаал 940-960-жылдарга туш келип отурат.
999-жылдары Огузкент шаары Самарканд, Бухара шаарлары менен катар Самани мамлекетине карап турган да, караханиддер тарабынан бийленип келген. 1015-1020-жылдары кидан уруусу караханиддерди чаап алган.

«ЖЕР АЛДЫНДА ПАДЫШАНЫН КЕНЧИ КАТЫЛГАН»
– Башта кеп болгон жер алды аркылуу өткөн курулушту, Өзгөн мунарасы баш болгон архитектураны, тоннелдерди же өтмөк, метро дейбизби, мына ушунун баары караханиддердин мезгилинде курулган деген жыйынтыкка келсек болот. Жер алдындагы өтмөктөрдүн эң чоң стратегиялык мааниси болгон. Өзгөн секиде жайгашкан шаар болгондуктан төмөн жакта келе жаткан жоо-душман алаканга салгандай көрүнүп турган. Ал эми, өзүңөр көргөндөй, жер алдынан туш тарапка чыгып кете ала турган үңкүрдүн ооздору бар. Негизги чыга бериштен сырткары Жазы дарыясына суу алганы түшкөн, кокус жоо басып кирип калса шаардын башка тешигинен чыгып кетүүгө мүмкүн болгон өтмөктөр да бар.
Жер алдына шаар куруу падышалардын үй-бүлөсүн жана кенчин сактап калуунун эң ишенимдүү жолу болгон. Ал эми Ботахун аба көрсөткөн түтүктөр, менимче, суу алып өтүү үчүн эмес, жер алдына таза аба киргизип туруучу түтүктөр болгон. Жалпысынан айтканда, Караханид мамлекетинин 12 казынасы бар. Бири ушул Өзгөндө болсо, экинчисинин ордун Өзгөрүш айылынан таптык. Калганын дагы изилдеш керек. Мурун Кеңеш айылынын аймагында жер алдынан боз үйдөй болгон чоң аянтка туш болушуптур. Ал чуңкурдан 7 жакка тоннель кетет экен. Анын үчөө ушул Өзгөнгө чейин келет.
Өзгөндө 8 чоң дөбө турат. Анын баары жер алдынан чыккан топурактарды төккөндөн пайда болгон дешет. Кире турган өтмөктөрдүн бийиктиги менен туурасы эшекке куржун асып кенен кирип кете тургандай жазы. Демек, күч катары кулдарга кошуп эшек да иштетишкен.

Кыяс Молдокасымов, тарыхчы: «ӨЗГӨН КАРАХАНИДДЕРДИН ДООРУНДА ГҮЛДӨП-ӨСКӨН»
– Өзгөн убагында кооз архитектура, илим, курулуш жагынан өнүккөн чоң шаарлардын бири болгон. Гүлдөп-өскөн доору Батыш караханиддер байырлап турган учурга туш келет. Жер алды аркылуу өтүүчү өтмөктөр болгон жана ал жерлерде караханиддердин казыналары, байлык-мурастары сакталган. Чоподон жасалган түтүктөр аркылуу жер алдына суу да алып киришкен. Азыркы тил менен айтканда, канализация ошол заманда эле өнүккөн десек болот. Шаар тууралуу маалыматтарды Кытай тарых барактарынан да кезиктирсе болот. Себеби Улуу Жибек Жолу ушул Өзгөн аркылуу өтүп, ири соода борборлору жайгашып, чыгыш элинин мен-мен деген көпөстөрү, падышалары келип турушкан. Ошого жараша аймактын маданияты да жогорку деңгээлге жеткен. Азыркы мунара жана үч күмбөз турган шаардын аянтын мурункуга салыштырмалуу 100дөн 1 бөлүгү гана десек болот.


Чоподон жасалган мындай түтүктөр эмне үчүн пайдаланылганы азырынча табышмак.

Бул жер азыркы стадиондун түштүк тарабы. Кайсы бир максатта тигинен казылган тешиктерди цемент менен толтуруп салышкан.

Чоподон жасалган таш төшөлгөлөрдүн калдыктарын азыр да табууга болот.

Көптөгөн чуңкурлардын ооздору Союз мезгилинде жаптырылган.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
sagyn91
2016-05-02 17:58:06
Анан дагы бир нерсе кызыктырып жатат да, эмне учун ункурлор жабылып калган деген. Же СССР убагында да туннельдер пайдаланылып кийинчерек кандайдыр бир себептерден улам цемент менен жаптырылып салынганбы?
Караханиддер дооруна туура келсе анда коп эле жылдар отуптур.

Муну жакшылап изилдешсе дагы коп нерсе ачыкка чыкмак. Ошондо билмекпиз ичинде эмнелер сакталып калганын.
Тушунугум боюнча бул ункурлорго жашынуу максатында, алтын баалу нерселер сакталган болсо керек. Азыр д
0
munara.11.
2016-05-02 20:23:13
ак сакал айтыптырго черныйларга чейин келип коркутуп кетотат деп.демек чондор арасында война болуп жатат.алтын табылып калса чонтоко сала калалы деп.
жергиликтуу тургундар андайларга жол бербегиле.табылган нерселер мамлекетке отуш керек жана буга мамлекет жардам бериш керек!
+1
alai1987
2016-05-02 21:34:43
ээ тобо кылдым алтындарды керектуу баалууу буюмдардды давно ссср убагында алып туруп анан жапканда кантип тийишпей туруп цементтеп салсын.. кайдагы жоо жомокту баштайсынарда буга окшогон ункурлор алай тарапта толуп жатат ХХХ ХХХ
0
admin_superstan
2016-05-03 12:15:31
alai1987, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
-1
flow23
2016-05-02 21:43:06
Биздин бийликтегилер орусиянын козун карашат, алар уруксат бермек беле иликтегенге, себеби алар биздин тарыхты кысып келишет
+3
esimdesin
2016-05-03 17:17:14
flow23, айтканынызга кошулам
0
miss-998
2016-05-03 00:59:56
Озгондо жашап туруп маани бербеген экенмин
0
Angel92
2016-05-03 20:06:38
Кенеш биздин айыл,биздеги тоннельдин оозу топурак менен жабылып калды.Биз кичине кезде коп ойночуубуз,оозунан аран батасын,бирок ичи абдан кен эле
0
Iolik
2016-05-03 23:34:28
Чындыгында Озгондон боло туруп мындай кызыктуу окуяны биринчи жолу угуп жатам
0
Niyazbek Torobekov
2016-05-04 00:58:31
Союз маалында ункурлордун оозун бетондоткон болсо анда точно москвага ташып кеткен ичиндеги болгон байлыкты тазалап)))
0
ZAIYR
2016-05-04 01:04:14
Озгондун 5км алыста батыш тарабында орун алган Кароол деген айылда дагы ачылбаган коп сырлар бар. Ал байыркы Озгон шаарына кароолчулар ошол айылда туношчу экен, сыртан келе жаткан душмандарды коруп турганга ылпйыкташкан атайы колго жасалгандай бийик чомоло деген адыр бар, ошол жерден от жагып тутотуп эскертуу беришчу экен кароолчулар.
+1
portugalia
2016-05-06 15:18:10
Рахмат Супер инфо! Озгон чындап эле байыркы шаар.Биз кундо басып журчуу жерлерибизде ушундай кызык тарых сакталганы кубандырат.
+1
umar-ali
2016-05-06 16:39:48
Озгон шаарым менин кичи мекеним анын ичинде Кароол айылым, негизи эле Озгонду жана анын айланасындагы айылдарды изилдесе ото Чооон сыр ачылып зор табылга табылмак.
+2
Samaganova
2016-05-07 12:58:16
Озгон чон шаар
Биз жашаган Шералыга тийип турган Кара-Дарыянын озу сырларга бай болуш керек.
0
milashka.98
2016-05-07 23:19:27
Ooo менин туулган жеримго
0
umka87
2016-05-08 01:42:19
Салимов Ысмайыл Аяш Атаго жээренчиден болобуз
0
Bektash
2016-06-21 13:03:08
Алтын жана башка казына Өзгөндө окшойт.
0
№ 704, 29-апрель-5-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан