Айрым селкилер эркекти каратуу үчүн аялзатынын көзү, чачы, бою, кыскасы, келбети чоң роль ойнойт, муну өзгөртүү мүмкүн эмес деп ойлошот. Бирок бул чоң жаңылыштык. Ар бир эле кыргыз кызы беш бармак жасоону оңой үйрөнүп алат эмеспи, ошонун сыңары жактырган жигитин торуна илүүнү деле оңой өздөштүрүп алат. Анда, кыздар, тор, кайырмак даярбы, кеттик.
Жолугушууга кадам
Ооба, биринчи кадамды эркек жасоо керек деп айтылат жана бул түшүнүк мээбизге сиңип калган. Бирок ал жигит көзү ачык эмес да, эгер тааныш эмес болсоңор таанышкыңыз келип жатканын, андан ары сүйүү отун тутантып жиберүүнү кыялданып жатканыңызды билгидей. Мына ушул жерден көпчүлүк кыздар ката кетиришет. Ичинен жактырып жүргөн мырзасын качан келип мени менен таанышат, жолугушууга чакырат деп отура беришет. Унутпаңыз, сиз бул ааламда жалгыз аялзаты эмессиз. Сизден өткөн эпчил кыздар да бар. Сиз таанышууга бел байлаганча эпчилдер эбин таап кетишет.
Кайгырганда, маанай жаркыганда же жөн эле жай турмушта жөлөнгөнгө ийин керек болсо, анда максатка жетүү колуңуздагы иш. Болочоктогу балдарымдын атасы деп ал мырзага ишенсеңиз, сиздин көз карашыңыз менен келишимдүү, кызыктуу эркек экенин билдирип жолугушууга чакырыңыз.
Келишимдүү келбет
Келишкен келбет мен эркекмин дегендердин баарын каратат. Андай айымды көргөн эркектин делебеси козголуп, өзүнөн-өзү тартылат. Анткени табият эркектерди ушундай жараткан. Келечекте тукумун улоочу аялзатынын келишимдүү болушун акылы эмес, сезими каалайт жана тандайт.
Спорт залга барбай эле коюңуз, ар түрдүү көнүгүүлөрдү үйдөн эле жасоо менен келбетиңизге кам көрүп, жеген тамак-ашыңызга да көңүл буруңуз. Дене мүчөңүз басыгыңыздан да билинет. Маралдай кериле басып, бүкүрөйбөй жүрүүгө үйрөнүңүз. Үйрөнүү, көнүү эч качан кеч болбойт. Бийик така менен суйкая басуу ар бир кыздын колунан келет.
Макияж
Мырзаны өзүңүзгө карата турган куралдардын бири, албетте, сырткы келбетиңиз. Чач жасалгаңыз, боёнгонуңуз, дене-мүчөңүздү белгилеп көрсөтө турган кийимиңиз жарашыктуу болушу керек. Ашыкча боёнуп алсаңыз, адепсиз көрүнүп каласыз. Жактырган адамыңыз сизге тартылмак түгүл оолак болууга шашарын эсиңизден чыгарбаңыз. Таптакыр боёнбой да койбоңуз, анткени азыркы замандын айымдарынын бетинде жок дегенде билинер-билинбес боёк болушу керек. Бул жаатта атайын адистердин кеңешин алып, бет териңизге дал келген өңдөгү косметикалык каражаттарды колдонуңуз.
Жагымдуу үн
Үндү бийик чыгарып сүйлөбөңүз, эркектерге жагымсыз угулат. Назик чыгаруу менен, коңур тембрди алыңыз. Айрым эркектер үчүн селкилердин сырткы келбетинен үнү маанилүү болот.
Моймолжуган көз караш
Жактырган эркегиңизди кызыгуу менен карап коюңуз, бул көз караш жүрөккө бир кадам дегенди билгизет. Көз караш ашып кетсе 2-3 секундга созулуп, ичине бир аз мыскылды, бой көтөрүүчүлүк, көңүл коштук, ошол эле учурда жылуу энергия камтышы керек. Жана да бир аз жылмаюу менен кооздоп коюңуз. Жигит менен сүйлөшүп калганыңызда анын көзүнө карабасаңыз, мени укпай эле деп ойлошу мүмкүн. Андыктан баарлашууда көзүңүздү да колдонуңуз. Эгер тиктешип калсаңыз, кызыгуу бар экенин билгизгенге аракет кылыңыз.
Жакшылык каалоо
Кандай маселеде сүйлөшпөңүз ага жакшылык гана каалаганыңызды билдирүүнү үйрөнүңүз. Анын айткандарын көңүл коюп угуп, кызыгып, баш ийкеп, жылмайып туруңуз.
Кийим
Табитиңизге жараша жарашыктуу кийине билиңиз. Жеңил, бир аз ачык көйнөктөр сиздин аброюңузду деле түшүрбөйт, бирок өтө ачылып-чачылып жиберип адепсиз көрүнүп калбаңыз. Ичке белиңизди, эмчегиңизди, буттарыңызды баса белгилөөчү кийимдерди кийүүдөн тартынбаңыз. Алгачкы жолугушууда бир өңдөгү, жумшак кездемеден тигилген, анча чоң эмес тилиги бар көйнөк кийип алыңыз. Бул кадамыңызды эркек сөзсүз байкайт жана баалайт.
Байкабай жөөлөп кетүү
Жөөлөп кетүү десе эле катуу кетпеңиз. Кинолорду эстесеңиз, бири-бирин жөөлөп кетип, колундагысы жерге түшүп, анан аны алып берүүдөгү көз караштар сүйүү учкундарын жаратат. Же болбосо сүйлөшүп отурганда байкабай колуна колуңузду жагымдуу тийгизип алыңыз.
Бүттү. Калганы сиздин колуңузда, бир аракетиңиз жакшы жыйынтык бербесе экинчисине, үчүнчүсүнө өтүңүз. Келечегиңизди өзүңүз гана түптөй аласыз.
Астра Айдарова
erotika@super.kg