ШАЙЫР КАСЫМАЛИЕВА: "НЕВРИТТИН АЙЫНАН АЙРЫМ ТАСМАЛАРГА ТАРТЫЛБАЙ КАЛДЫМ"
Театрга анда-санда баш багып калмай жайым бар. Барган сайын Шайыр Касымалиеваны кезиктирем. Саламдашсаң күлүп коёт. Эже сүрдүү көрүнгөндүктөн ашыкча суроо узатууга даай алчу эмесмин. Бул ирет театрга актриса менен маектешүүгө бардым. Кызыккан суроолорумду берип, сүрөткө тарттык. Ал башынан кечирген сүйүүсүн, 15 жылдан бери айыкпай келе жаткан оорусун айтып, маегибиз бир топко созулду.
"Мен деле тирүү жанмын. Жаңылам, сынып калган учурларым болот. Андайда 1-2 күн кыйналам да, кайра эле түзөлүп, алдыны көздөй жөнөйм. Өткөнгө такыр өкүнбөйм. Баары бир ал нерсени кайрый албайсың. Ал кетти, өткөндү көмүп салыш керек деп айтам".
Өзүмдү алсыз, назик, ыйлаак, жан дүйнөсү жумшак адамдай көрчүмүн. Эл дагы мени ошондой ойлошсо керек. Турмушта чоң кыйынчылыктар болот экен. Ошондо адам чыйралып, табигый күчү пайда болот тура. Мындан 10 жыл мурун апамды машина сүзүп, кырсыктап калды. Кудайдын керемети, дарыгерлердин жардамы менен жакшы болуп, бир ажалдан калды. Ошондо апамды 2 ай карадым. Ошол учурда менде каяктан келген күч экенин билбейм, бир күч пайда болду. Азыр башыма кыйынчылык түшкөндө ошол окуяны эстеп, чыйралам. Өзүмө жакпаган сапаттарымдын башында шашмалык турат. Мунун айынан жакшы болчу нерсени да бүлүнтүп салам. Анан аябай ишенчээкмин. Мени кичине бала деле алдап кетет. Башыма бир иш түшкөндө өзүмдү-өзүм көп күнөөлөйм. Эгер күнөө менде болсо, өзүмдү жей бермейим бар. Акыркы күндөрү эмне үчүн өзүмдү кордоп жатам, урушпай эле коёюнчу, аяп коёюнчу деп калам (күлүп). Жакшы сапаттарым – кечиримдүүмүн, мени кыйын күнгө таштап кеткен адамга жамандык каалабайм. Азапка салган адамга да колумдан келсе жакшылыгымды аябайм.
"Кесиптештерим "жаш көрүнөсүң" деп 14 жашар кыздын ролун 20 жыл ойнотушту".
"Рэп ырчыларынын клибине тартылып, түрдүү сындарды уктум".
"50 жашка чыксам да бир орунда тургум келбейт. Өзүмдү ар тараптан сынап көрсөм дейм. Жасап көрөм, болсо болду, болбосо болбой калды. Тобокелчиликке баруудан коркпойм. Рэп ырчыларынын “Эне тил” аттуу чыгармасынын клибине тартылуу мен үчүн кызык болду". Рэпти атайылап деле укпайм. Жогорудагы клипке курбум Замира Сатыбалдиеванын сунушу менен тартылып калгам. Анын оюн угуп 50 жашка чыкканда кандай болот, жок деп эле койсомбу десем, курбум “жаш балдардын чыгармасы экен, кызык болот” деп кызыктырып койду. Тартылуу учурунда аябай кыйналдык. Ыр башталганда кечигип же эрте баштап, бир топ түйшүк жараттык. Рэперлер жаныбарларды үйрөткөндөй эле болушту. Маанайлары түштү. Түнкү саат үчкө чейин тарткан учурлар болду. Тартылгандан кийин сарсанаа болдук. Айрыкча Гүлмира (ред. Турсунбаева)“эл эмне дейт, кандай болду?” деп кыжалат болду. Мен үчүн таене болуп туруп мындай клипке тартылуу кызык туюлду. Бизди айрыкча жаштар жакшы кабыл алышты.
"21 жашымда Чыңгыз Айтматовдун “Бетме-бет” повестинин негизинде тартылган “Келгин куштардын ыйы” тасмасында Сейденин ролун жараттым".
"15 жыл мурун беттин неврит дарты менен ооруй баштагам. Көп жыл күрөштүм, дабасы табылган жок. Башында спектакль ойногондо кыйналып жүрдүм. Бул илдеттин айынан айрым тасмаларга тартылбай калдым". Бул дарт мага катуу стресстен жана суук тийгенден жармашты. Башында көзүмдүн тегерегинде эле болчу. Алтын ийнени туура эмес сайып, күчөтүп салышкан. Дагы бир күчөшүнүн себеби – кайсы бир жылы эрте жазда репрессия тууралуу видеороликке тартылып калдым. Сценарийинде түн, жаан жаап жатканда күйөөмдү бирөөлөр алып кетип, артынан чуркап баткакка жыгылышым керек болчу. Өрт өчүрүүчү машина муздак суу чачып, жука кийим менен 5-6 дубль тартып, сөөктөрүм какшап чыккан.
"Күзгүгө көп каранам. Көчөгө боёнбой чыккан учурларым аз. Мода куубайм, жарашкан кийим болсо кийип кете берем". Бала кезимден эле күзгүнүн маңдайында көп отурмай адатым бар. 4-класста окуп жатканда сүрөт сабагынан берген агай “Шайыр күзгүгө көп каранат” деди. Кайдан билип койду деп ойлонуп таппай койдум. Көрсө, мен аябай тыкан жүргөндүктөн агай туура баамдаган экен. Кичинемден эле тыкан жүргөнгө аракет кылам. Кээде боёнбой эле көчөгө чыгууга туура келет. Бир жолу шашылып жасанбастан көчөгө чыгып кеттим. Унаамды катуураак айдап алгам го, МАИ кызматкери токтотуп калды. Түшсөм тааныбайт. Документтеримди берсем, карап туруп “Шайыр Касымалиевасызбы?” деп таң калып, “эже, катуу айдабаңыз” деп узатып койду. Үйгө келип апама айтсам, “сен боёнбой, өзүңдү карабай коюуга акың жок” деген.
"Сүйүү тууралуу сөз болгондо теманы башка жакка бургум келет. Анткени башымдан кечирген сүйүү өлүм менен барабар болуп бүттү. Сүйүү – бул чоң күч, касиет". Алоолонгон оттун ичинен күйбөй чыктым. Баатырдык кылдым деп өзүмө рахмат айтам. Башка сүйүүгө кезикпейм дебейм. Тирүү жан болгондон кийин кан айланып турган учурда жан дүйнөнү козгогон сезим болоруна ишенем. Ал адам мендей аялзаты менен жашап кетишине көзү жетпеди окшойт. Экинчиден, өзүнө-өзү ишенбеди. Андай кыла турган болсо, менин жан дүйнөмдү козгобош керек эле. Махабаттын көлүндө балкыган жүрөк жабыркап, 1 жыл депрессияда жүрдүм. Башымдан оор сүйүүнү өткөрдүм.
Шайыр Касымалиева: "Неврит дартынын айынан айрым тасмаларга тартылбай калдым"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
ema70
2016-05-02 14:32:14
Талантыңызга таазим!Сакайып кетиңиз
+2
mery.89
2016-05-02 15:43:24
ГАИ тааныбады дегени жакпады.тааныса эле катуу айдаса боло береби.
А так Я Вас уважаюююю.
-4
demo009
2016-05-02 15:43:49
Реп жакшы чыккан
+1
Aikun
2016-05-02 16:22:08
бул эжеке жалгыз ооруган жок, эч кандай пластиканын тиешеси жок невритке
+3
gulzat85
2016-05-02 17:08:52
Ден соолук сизге !!!
+1
jasgul
2016-05-02 18:58:13
Молдо кабыл алат бекен, бул эжени башка динге кирип кеткен деп окуган жайым бар эле. Неси болсо да шыпаасын берсин
-3
azim2
2016-05-02 20:53:39
Талантынызга таазим. Сакайып кетиниз.
0
aisu12345
2016-05-02 22:27:33
Таланттуу айым
+1
Aytur
2016-05-03 01:02:17
Талантынызга таазим !!!
Оорубаныз,бар болунуз
+1
bagira77
2016-05-03 18:52:11
Талантынызга таазим эжекеси!
0
aisu12345
2016-05-03 21:18:43
Урматтайм ушул эжени сиздей адамдар коп болсун
0
tengara
2016-05-04 00:46:25
Шайыр эже шайырлыгыныздан жазбаныз!
Биринчиден: ден соолук каалайм, оорубаныз, тез сакайып кетиниз!
Экинчиден : кыздын чырагы кырк, бир куну чыныгы суйууго туш болунуз! Учунчудон :Эээми чачынызды кеспенизчи(!!!) абдан сонун жарашат эле узуун чачыныз! Бар болунуз, аман болунуз!
+1
Abaeva-1987
2016-05-04 15:43:29
Талантынызга таазим! Омурунуз узун болсун Шайыр эже. мыкты талант!
0
sunu2015
2016-05-04 16:59:53
Атынызга затыныз жарашкан шайыр эделерден болуп журо бериниз ар дайым ден соолукта шайыр гулуп журунуз
0
Surena
2016-05-08 14:04:51
Шыпаа берсин
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.