“КЫРГЫЗ-КАЗАК БИР ТУУГАН” ТАСМАСЫ ЧОҢ ЭКРАНГА ЧЫГАТ

Биз баарыбыз ар түрдүүбүз, ар башка мүнөзүбүз, кыялыбыз, тилибиз, улутубуз бар. Бирок ошол эле учурда адам баласы бири-бирине өтө окшош келет. Бул жаңы, көп улуттуу комедия тасманын негизги темасы. Көп күттүргөн “Кыргыз-казак бир тууган” кинокомедиясы 28-апрелден баштап Кыргызстандын жана Казакстандын кинотеатрларында көрсөтүлө баштамакчы. Тууган-туушкандарың, жакындарың, коңшуларың, досторуң менен мамилени туура түзүү жөнүндө ойлонууга мажбур кыла турган комедия көрүп кетиңиз.

Кыргызстандын искусствого эмгек сиңирген ишмери Нурлан Абдыкадыровдун кино жаатындагы жаңы эмгеги – “Кыргыз-казак бир тууган” 2 бир тууган элдин өз ара мамилеси, тили, маданияты жана каада-салттарынын өзгөчөлүктөрүн ачып көрсөтөт. Аталган кинодолбоордун кыргыз кино айдыңындагы башка тасмалардан айырмачылыгы – эң мыкты тандалган актёрдук курамы. “Кыргыз-казак бир тууган” кинокомедиясында көрүүчүлөр Кыргызстан менен Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген белгилүү киноактёрлорунун чебер оюнуна күбө болушат. Алардын ичинде кыргыз киносунун жылдызы, актёрлук чеберчиликтин корифейлеринин бири, тилекке каршы, бул жарык дүйнө менен мезгилинен эрте кош айтышкан Мукамбет Токтобаевдин кино дүйнөсүндөгү соңку образын белгилей кетели.
Тасманын дагы бир өзгөчөлүгү – каармандардын баарлашуусу өз эне тилинде котормосуз түзүлгөнүндө. Режиссёрдун бул ыкмасы өз алдынча улут аралык биригүүгө чакыруу болуп саналат.

“Бул тасма аркылуу казактар менен тээ байыртадан келе жаткан бир туугандыгыбызды, 2 элдин бири-бирине болгон окшоштук, жакындыгын белгилегим келди. Тасмада бир тамырдуу эл экенибиз көрсөтүлөт. Баяндалган окуянын соңунда көлдүк кыргыз каарман казак, ал эми Алматыдан келген казак каарман кыргыз экендиги белгилүү болот”,- дейт режиссёр.


Нурлан Абдыкадыровдун айтуусунда, биздин күнүмдүк жашообуздун өзү комедия менен драманын айкалышы. Ушул себептүү каармандардын мүнөзүнүн жеке өзүнө тиешелүү оригиналдуу жактарын толук ачып берүү үчүн комедия жанры тандалып алынган.
Бир нече улуттун өзгөчөлүктөрүн камтыган комедиянын сюжетинде кол кармашып үй-бүлө түзүүнү чечкен баш каармандар, казак улутундагы кыз менен кыргыз жигити туугандары тарабынан каршылыкка кабылышат. Арзышкандар менен ата-энелери бир чечимге келип, үйлөнүү-үлпөтүн өткөргүчө баштарынан бир топ бир чети күлкүлүү, бир чети өкүнүчтүү окуяларды өткөзүшөт. 2013-жылдан бери тартылып келе жаткан кинокомедиянын көптөн күттүргөн бет ачары 28-апрелде орун алып, Кыргызстан менен Казакстандын кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.

Бош убактыңызды пайдалуу жана кызыктуу өткөргүңүз келеби? Анда режиссёр Нурлан Абдыкадыровдун жаңы кинокомедиясын көрүңүз! Адамдар арасындагы жылуу мамиле, бир карасаң боорду эзген күлкүлүү, бир карасаң жүрөк тызылдаткан өкүнүчтүү окуяларды жараткан пикир келишпес карама-каршылыктар, анан, албетте, эч нерсеге жеңилбес аруу махабатка толгон 1,5 саат сизге сонун маанай тартуулайт. ”Кыргыз-казак бир тууган” жаңы, көп улуттуу кинокомедиясы 28-апрелден тарта Кыргызстан менен Казакстандын кинотеатрларында! Биздин комедия улут тандабайт!

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
zamir_kgz
2016-05-03 02:29:11
Кыргыз - Казак бир тууган, озубекти ким тууган?
+2
№ 704, 29-апрель-5-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан