НАСЫЯ АЛУУДАГЫ КАРЫЗГЕРДИН МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА УКУКТАРЫ

Өлкө жарандарына насыя алуучулардын насыя алуудагы милдеттери жана укуктары жөнүндө маалымат берүү өтө маанилүү. Анткени насыя алгандан кийин карыз алуучу алынган каражатты финансы-кредиттик мекеменин кредитин колдонуу боюнча эсептик пайыздарын насыялык келишимде жана аны төлөө графигинде көрсөтүлгөн боюнча кайтарып берүүгө милдеттүү. Карыз алуучунун милдеттери жана укуктары жөнүндө билимдин болушу насыя алуу боюнча ашыкча карыздануу тобокелдигин төмөндөтөт. Анткени потенциалдуу карызгер ай сайын насыя боюнча негизги сумманы жана пайыздарды төлөп берүү мүмкүнчүлүгүн өтө жогору баалап, насыялык келишимдин аткарылбай калышы кандай коркунуч жаратарын жакшы билет. Ушул себептен улам Улуттук банктын Банктарга тышкы көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору Мээрим Саткеевадан финансы-кредиттик мекемелерден кредит алар алдында эмнелерге көңүл буруу керектиги тууралуу жооп алдык.

- Насыя алар алдында айрыкча эмнеге көңүл буруу керек?

- Насыя алуу – бул өтө жооптуу кадам. Ошондуктан аны алардан мурун максималдуу түрдө даярдык көрүп, ар тараптуу маалыматка ээ болуу керек. Ушуга жараша эң негизгиси, насыя алып жатып төмөнкүлөрдү билүү зарыл:

  • Насыянын шарттары менен таанышуу. Бул үчүн активдүүлүк менен кредиттик экспертке тийиштүү суроолорду берүү талап кылынат. Канчалык көп суроолор берилсе, ошончолук күмөн саноо азайып, түшүнүктүү болот. Кредиттик эксперт сизге пайыздык чендер, төлөмдүн суммасы, арыз берүүдө керектелүүчү документтердин топтому, насыяны төлөөнүн жолдору жана арызды кароонун мөөнөтү тууралуу айтып берет. Кардардын укугу жана милдеттери өзүнчө бөлүмдө көрсөтүлүшү шарт. Насыялык келишим жазылган ар бир баракчадагы шрифттин көлөмү бирдей болуусу керек. Ошондой эле документке кол койгонго чейин сиз чогултулган документтин топтомун өз колуңузга алып, 1 күндөн 3 күнгө чейинки аралыкта банктан тышкары чыгып, эксперттерден же юристтерден кеңеш алууга укугуңуз бар;
  • Насыя боюнча пайыздык чен;
  • Насыяны мөөнөтүнөн мурда төлөп берүү мүмкүнчүлүгү – канча мөөнөттөн кийин толугу менен насыяны кайтарып төлөп берсе болот? Мөөнөтүнөн мурда бөлүштүрүп төлөөгө болобу? Болсо, анын негизинде ар айлык кредиттин төлөмү жана мөөнөтү кыскарабы?
  • Насыя боюнча жеңилдетилген пайыздык чен – бул келечектин суроосу. Анткени банк өзүнүн дайымкы кардарына насыяны төмөндөтүлгөн пайыздык чен менен берет. Анын негизинде такай бир банктан насыя алуу керекпи же ийкемдүү шарт сунуштаган башка банкты тандоо керекпи шыр эле билинип калат.

– Насыянын наркы тууралуу мааламыт бере кетсеңиз...
– Финансы-кредиттик мекеме үчүн карыз алуучуга насыя кандай суммага чейин жетери тууралуу маалыматты ачыктоо маанилүү болуп саналат. Финансы-кредиттик мекемелер кардарга мурдатан төлөмдүн суммасы кантип эсептелери, насыянын толук наркы жана эффективдүү пайыздык чендин мааниси тууралуу маалымдашы керек.

– Насыя кайтарымсыз же түбөлүктүү болушу мүмкүнбү?
– Насыя кайтарымсыз же түбөлүктүү боло албайт. Анткени финансы-кредиттик мекеме жарандардын же мекемелердин убактылуу берилген эркин акчасын колдонуу аркылуу насыя берет. Финансы-кредиттик мекемелер өз убагында ал каражатты ээсине биринчи талап боюнча же мөөнөтүнө жеткендигине байланыштуу тапшырып берүүсү абзел.

– Эмне себептен финансы-кредиттик мекемелер кээде насыя берүүдөн баш тартышат?
– Финансы-кредиттик мекемелер төмөнкү учурларда насыя берүүгө каршы болушат:

  • насыя алуу үчүн документтерди топтоодогу кемчиликтер байкалып же туура эмес толтурулганда;
  • документтердин нускалыгында күмөн саноо жаралганда;
  • арыз-анкетада көрсөтүлгөн маалымат менен текшерүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтардын бири-бирине дал келбестигинде;
  • мурда алынган насыялар боюнча карыздарынын болушу, анын ичинде жаңы насыяны тейлөөгө жол бербеген төлөм карталарындагы карыздары;
  • терс насыя тарыхы, ишенимсиз карыз тизмесинде кардар тууралуу маалыматтардын болушу;
  • финансы-кредиттик мекеменин талаптарына ылайык келбеген же жетишсиз күрөө менен камсыздаганда.

– Финансы-кредиттик мекеме келишимге бир тараптуу өзгөртүү киргизе алабы?
– Жок, финансы-кредиттик мекеме менен кардардын ортосундагы бардык өзгөртүү жана толуктоолор эки тараптын тең макулдугу менен гана болушу керек.

– Насыя алуучулар төлөм жүргүзүүдөн качып же төлөөнү создуктурган учурда аларга кандай чара колдонулат?
– Эгерде насыя узакка чейин жана кыйынчылык менен төлөнүп жатса жана ошол эле учурда ал боюнча күрөөгө коюлган мүлк бар болсо, анда финансы-кредиттик мекеме насыялык төлөмдү жабыш үчүн ал мүлктү алып коюуга же сатып салууга укугу бар. Эгерде күрөө коюлбаган болсо, финансы-кредиттик мекеме карыз алуучунун же кепилдик берген жактоочусунун өздүк мүлкүн сотко кайрылып алып алышына жол берилет. Финансы-кредиттик мекеме банкрот болгон учурда да карыз алуучунун насыя боюнча карызын төлөөсү талап кылынат.

– Эгерде насыяны төлөп берүүдө кыйынчылыктар кездешип жатса кандай аракет кылыш керек?
– Насыяны төлөп берүүдө кыйынчылыктар кездешсе кайгыруунун кажети жок. Биринчи кезекте сиз финансы-кредиттик мекемеге кайрылып, насыяны кайтарып берүүнүн шарттарын кайрадан карап чыгууну суранышыңыз керек. Ошол эле учурда финансы-кредиттик мекемеге өз мөөнөтүндө насыяны төгө албай жатканыңыздын негизги себебин түшүндүрүү керек. Ошондой эле насыяны качан төлөп бүтө аларыңызды жана сиздин финансылык абалыңызды, төлөм жүргүзүү жөндөмүңүздү аныктай ала турган документти сунуштооңуз шартталат.

Белгилей кетчү жагдай, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына жана Улуттук банктын нормативдик актыларынын бузулуусуна байланыштуу суроолор кездешпеген учурда маселенин чечилишине кийлигишүүгө акысы жок. Ошондой эле мамлекеттик бийлик, башкармалык органдар жана анда иштеген кызмат өкүлдөрүнө дагы банк ишмердүүлүгүнө байланыштуу ар кандай формадагы суроолорго кийлигишүүгө болбойт. Ушунун негизинде насыялык келишимдин аткарылыш процессинде эгерде тараптар өз ара чечишип ала албай турган болсо, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын алкагында сот тартибинде чечилет.

– Насыя алгандан кийин кандай талаптарды аткаруу керек жана эмнени билүү зарыл?
– Бул боюнча төмөнкү талаптар аткарылуусу кажет:

  • Түзүлгөн график боюнча насыяны өз убагында төлөп туруу керек. Анткени финансы-кредиттик мекеме улам кечиктирилген күн үчүн айып пул салып коюшу күтүлөт;
  • Финансы-кредиттик мекемеден берилген ар бир квитанцияны жакшылап текшерип, насыя толугу менен төлөнүп бүткөнгө чейин сактап коюу зарыл;
  • Финансы-кредиттик мекеме менен болгон бардык байланышты жазуу жүзүндө тариздөө керек (суроого – жооп, арыз, бет ачар жана башка);
  • Өзүңүздүн кредиттик экспертиңизге сиздин милдеттемелериңизге байланыштуу ар бир пайда болгон суроолор боюнча кайрылсаңыз болот. Мисалы: насыянын калдыгы жана башка;
  • Талаш жараткан учурлар пайда болгондо аны чечишип алуу үчүн биринчи кезекте түздөн-түз финансы-кредиттик мекеменин өзүнө кайрылуу керек.

– Мындан сырткары насыя алуу жана аны төлөө тууралуу суроолорго жоопту кайдан алса болот?
– Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, ошондой эле туруктуу негизде маалыматтык иш жүргүзүп келе жаткан башка борбордук банктар дагы дайыма маалыматтык эстеткич, көп берилүүчү суроолорго жооп, маалымдоо каражаттарында жарандардын маалымдуулугун жогорулатуучу темаларда макалаларды жарыялап турат. Ошондой эле финансылык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган көптөгөн маалыматтарды Улуттук банктын расмий сайты www.nbkr.kg жана www.finsabat.kg сайттарынан тапса болот.

Эске тутуу зарыл!
Эгерде карыз алуучу насыяны төлөө мөөнөтүнөн кечигип жатса, анда анын кредиттик тарыхында терс маанайдагы маалыматтар топтоло берет. Анын негизинде кийин насыя алууну каалаган учурда финансы-кредиттик мекеме кардардын кредиттик тарыхындагы маалыматты негиз кылып насыя бербей коюшу мүмкүн. Ал эми карыз алуучуга кепилдик берүүчү тарап бул кадамга барардан мурда жакшылап ойлонуп, ким үчүн кепилдик берип жатканын таразалап көрүүсү керек. Карыз алуучу дагы өз кезегинде кепилдик берүүчү менен карыз алуудагы өнөктөшүн жакшылап тандоосу сунушталат. Өзгөчө кырдаалдарда алар силердин милдеттерди өз моюнуна алып, тийиштүү милдеттерди аткаруусу абзел. Бир гана таразалап, кепилдик берүүчүнү тандап алгандан кийин биргелешип алынган каражат туугандар үчүн минималдуу тобокелдикке алып келип, кредиттик шартта эсептешүүнү жеңилдетет.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Bazana
2016-05-03 01:47:25
Кайдан ушул кредит деген балакет чыкты кредити жок адам аз калдыго карапайм калктан
+2
love8994
2016-05-04 14:03:00
жакшы кенеш
0
maks94.kb
2016-05-04 19:39:07
Жерге кирсин жанагы Кубан Чороевдин манифест ишке ашып кетсе корот элек анан мулкту сатканды же алып алганды
0
№ 704, 29-апрель-5-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан