Мээрбек Мискенбаев менен маектешмекчи болуп барганыбызда биринчи суроосу «силер да куудулдар тууралуу сурайын деп жатасыңарбы?» деген суроо болду. А биз баарын сурадык. Балалыгын, үй-бүлөсүн, депутаттык ишмердигин... Айтор, кызыккан суроолорубуздун бирин да жоопсуз калтырган жок.
МИСКЕНБАЕВ МЭЭРБЕК ЖАЙЛООБАЕВИЧ
«АПАҢ ӨЛҮП КАЛГАН» ДЕП ЧЫЧАЛАТЫШЧУ»
– Мен Таластын Кара-Буура районунун Кайнар айылынан болом. Балалыгымда ашыкча тентек болгон эмесмин. Эс тарткыча чоң апамды өз апам деп ойлоп жүрүптүрмүн. Көрсө, өз апам мен кичине чагымда эле каза болгон экен. Кийин 3-4-класстарда көчөдө ойноп жүргөндө балдар «сенин апаң өлүп калган...» деген сыяктуу ачуу сөздөрдү айтып чычалата башташканда гана билгем. Чоң апам ошону жашырып жүрчү, анда деле «өзүмдүн эле баламсың» деп эркелетип калар эле. Азыр эстеп калам, ал башымдан сылап, «сен чоң киши болосуң, мен түшүмдө көргөм» деп айтып калчу. Ага түшүндө ошондой аян келген экен.
Кийинчерээк «Бишкектеги олимпиадалык резервдеги спорт мектебинде окуйм» деп чыктым. Чоң апам каршы болду «сен кетсең мен сагынам да, анын үстүнө кичинекейсиң, балдар уруп коёт, айылда эле жүрчү» деп болбойт. Мен көгөрүп өзүмдүкүн бербей койдум.
«ОЛИМПИАДА ЧЕМПИОНУ БОЛГУМ КЕЛЧҮ»
– Анан 8-классымда Бишкекке келип спорт мектепте окуп калдым. Бардык агай-эжейлердин сүймөнчүгү элем, себеби эң кичинекейи мен болчумун. Салмагым 28 эле килограмм, машыккан спортум болсо оор атлетика. Окуу жайда мугалимдер «сен кичирээксиң» деп оор темирлерди бир жыл көтөртпөй коюшкан. А менин кыялым – Олимпиада чемпиону болуу эле.
Спорт мектебинде окуп жүргөн күндөрдүн биринде бизге шаардык балдар тийишип башташты. Бирок биз, айылдын балдары аларга караганда өжөр, чыдамкай болот окшойбуз. Өздөрү биринчи катылгандардын катыгын берип койгонбуз. Кээде өз кызыкчылыгыңды ошондой жол менен да коргоого туура келчү.
Спорттук мектепти бүтөрүмө бир жыл калганда сабактардан тажап, айылга кетем деп чыктым. Ошондо атам келип мугалимдердин көзүнчө какыс-кукус кылып, «бир жыл калганда чыдабай кетип калып, айылга кантип барасың?!» деп урушкан. Катуу таарынып калган экенмин, айылга бир жыл таптакыр барбай койдум. Кышкы кийимим жок. Үстүмдө спорттук жеңил кийим, бутумда кеда менен кыштан чыгып кеткем. Жайкысын «Спартак» стадионуна да түнөгөн күндөр болду. Чоң апамды сагынганымды айтпагыла.
«ЖУБАЙЫМА 3 ЖОЛУ ЖОЛУГУП ЭЛЕ ҮЙЛӨНГӨМ»
– Негизи мен үй-бүлөдө жалгыз уулмун. Атамдын менден башка үч кызы бар. Ал азыр экинчи апам менен жашайт. Карындаштарымдын экөө өз турмушу менен, кичүү карындашым болсо Бишкекте жогорку окуу жайда окуп жатат. Атам тез-тезден шаарга каттап турат. Неберелерин сагынганда эле меникине жөнөйт. Баса, менин Олимпиада чемпиону болуу кыялым орундалбай калды. Машыгууларда алган жаракат спортту жыйыштырууга аргасыз кылды. Анын айынан аскерге да барбай калдым.
Кийин Улуттук университетте окуп жогорку билимдүү болдум. Жубайым башка жогорку окуу жайда ислам факультетинде билим алчу. Динге ылайык, 3 жолу гана көрүшүп үйлөнүү керек экен. Андыктан кыз-жигит болуп сүйлөшкөн эмеспиз, 3-жолугушуудан кийин жубайлыкка алгам. Кудайга шүгүр, азыр эки уулду тарбиялап жатабыз.
«ОШ БАЗАРДАГЫ» ӨРТТҮН ЧЫГЫШЫНА СЕБЕПЧИ БОЛГОМ»
– «Койчу, Мээрбек «краска» сатып эле жүрчү» деп сүйлөнгөндөр бар. Ооба, мен көп нерсе сатып ишкерлик кылдым. Бөтөлкө алып саттым, айрымдар айткан «красканы» да. Дыйканчылык кылдым. Башкысы, уурулук кылган жокмун. Таза мээнетим менен акча таптым. Баса, дал ошол боёк сатып жүргөндө контейнеримди дагы чоңойтом деп ширетүүчүлөрдү иштетип жатканда өрт чыгып, меникине жакын жайгашкан дагы бир нече контейнер өрттөнүп кеткен. Анын чыгымын кийин жаап бердим. Ошондо «Ош базарындагы» өрт бардык жерде айтылып, жакындарым бушайман болушкан. Андан кийин да далай иштер менен алек болдум.
«АЛТЫ АЙ САЙЫН ДАРЫЛАНЫП ТУРАМ»
– Депутаттыкка кокустан келип калдым деп ойлобойм. Бул менин негизги максаттарымдын бири болчу. Элдин таламын талашкым келчү. 2005-жылдагы революцияда, кийин бакиевдик бийликке каршы митингдерде активдүү катышып жүрчүмүн.
Укук коргоо органдары далай ирет кармап, камап коюшту. Акыркы ирет 2010-жылы «дагы бир жолу митингдерден көрсөк, биротоло соттоп жиберебиз» деп эскертишкен. Бишкекте соода кылган контейнеримде Алмазбек Атамбаевдин, Өмүрбек Текебаевдин сүрөтү, Кыргызстандын желеги илинип турчу. Милиция кызматкерлери келип «сүрөттөрдү алып кой» деп эскертип кетет. «Ооба» деп алар кеткен соң кайра илип коёр элем. Базардагы элди бакиевдик бийликке каршы чыгууга үндөй берчүмүн. Себеби анын саясаты жакшылыкка алып барбасы айдан ачык болчу. Ошону менен 7-апрелде көпчүлүккө кошулуп Ак үйдүн алдына бардым. Кырчындай жигиттер окко учту. Ал күнү мага да ок жаңылды. Бир чакан эле «Тез жардам» унаасына 6 жарадар адамды жүктөп 4-шаардык ооруканага баргыча төртөө менин көз алдымда каза болду. Үйлөнүп, жаңы эле уулдуу болгон кезим. Уулумду ойлоп, келинчегимди ойлоп бушайман болгом. Себеби «бүттү, ажал келди го» дегем. Кудайга шүгүр, дарыгерлердин жардамы менен 2 күн эсиме келбей жатып, акыры жакшы болуп кеттим. Денемдеги окту 1 жарым айдан кийин гана алууга мүмкүн болду. Азыр алты ай сайын дарыланып турам.
«КООМДУК УНААГА ТҮШСӨМ ЖАМАН КӨРГӨНДӨР БОЛОТ»
– Депутат болуп келгенден тарта ар кандай сөздөрдү уктум. Айрымдардын «Мээрбек кечээ эле минтип жүрчү. Кантип ошол депутат болду?» дегендерин кулагым чалып калат. Ооба, мен карапайым жашоодо жүрүп келген кишимин. Элдин көйгөйүн билем. Азыр да эл катары эле жашайм. Үй-бүлөм менен бир бөлмөлүү батирде жашоо кечиребиз. Жумушка маршруттук такси менен каттайм. Бирок ошондо да «бул эми эмне коомдук унаага түшүп алды, өзүн көрсөткүсү келип жаткан го?» деп жаман көргөндөрдү жолуктурам. Кээде жумушка жөө деле кетип калам. Үйдөн Жогорку Кеңешке 1 саат 20 мүнөттө жетем. Мурда спортто жүргөнүмдүн пайдасы ушул. Көп чарчабайм.
Куудулдар менен болгон талаш-тартыштан кийин да түрдүү сын-пикирлерди уктум. Баарын түшүнүүгө аракет кылдым. Бирок баштапкы оюмдан кайта элекмин. Менимче, адам өлүмүн тамашага салуу туура эмес.
Мирлан Өмүралиев
Адилет Бектуров
politika@super.kg