ЖЫНСЫ ШЫМ ТАНДАЙБЫЗ

Жынсы шымды кантип тандоо керек? Бул жылы анын кандай түрү популярдуу? 2016-жылдын тренди болгон жынсы шымдар менен таанышып алыңыз.

КЛЁШ ЖЫНСЫ ШЫМ
Көк түстөгү клёш жынсы шым кайрадан модага кайтып келди. Стилисттердин айтымында, бул түс кемчиликтерди жашырып, келбеттүү көрсөтөт. Арык кыздарга да куп жарашат. Клёш жынсы шым менен блузка, рубашканы шымдап кийсе болот. Ошондой эле ар кандай түстөгү пиджак, булгаары күрмө менен да жарашат.
Өткөн жылы мода болгон багелеги бүктөлгөн жынсы шым 2016-жылы да өз позициясынан тайган жок. Андыктан мырзалар классикалык фасондогу жынсы шымдын багелегин түрүп, рубашка менен кийишсе болот.


ДУДОЧКА ЖЫНСЫ ШЫМ
Дудочка жынсы шым – бул универсалдуу фасон. Мындай моделдеги шым бутка өтө чапташпай, бир аз бошураак отурат. Ал арык, толук, узун, кыска бойлуу бийкечтердин баарына жарашат. Багелегин түрүп кийсе кыздардын дене мүчөсүндөгү сулуу деп саналган томугун көрсөтүп, көрк берет. Аны лодочка туфли, узун рубашка менен кийсеңиз, 2016-жылдын саркечине айланасыз дешет стилисттер.



БОЙФРЕНД ЖЫНСЫ ШЫМ
Бойфренд жынсы шым денеге бош отургандыктан жигитиңиздин шымын кийип алгандай сезилет. Ушундан улам бул модель «жигитимдин жынсысы» деген аталыш алган. Түрдүү фурнитура, булгаары, түстүү материалдар менен кооздолгон, айрылган жынсы шымдар бул жылдын тренди. Кыска бойлуу кыздар бул фасондогу шымды бийик такалуу бут кийим менен кийгени оң. Узун бойлуу кыздар балетка, кеда менен кийсе жакшы жарашат.



ЖЫНСЫ КОМБИНЕЗОН
1990-жылдары хит болгон жынсы комбинезондор 2016-жылдын тренди. Стилисттердин айтымында, аны бир түстөгү футболка, блузка, жука рубашка, топ менен кийсе болот. Образды моюнга шуру, илмек тагып толуктаса ашыкча болбойт. Бут кийимди тандап алган стилге жараша бийик такалуу туфли, балетка, сандали жана кеда менен айкалыштыра аласыз.
Мырзалар үчүн кенен жынсы шымдар 2016-жылдын тренди. Бир канча жыл бою чапташкан шымдар модадан түшпөй келгени менен, алар мырзаларга эч кандай эркектин образын берчү эмес. Ошондуктан чапташкан скинни жынсы шымдын модадан акырындап сүрүлүп чыга баштаганы чыныгы эркектерди сүйүнтүүдө. Мындай жынсыны свитер, пуловер же ачык түстөгү рубашка менен кийсе болот.


Мырзалар үчүн кенен жынсы шымдар 2016-жылдын тренди. Бир канча жыл бою чапташкан шымдар модадан түшпөй келгени менен, алар мырзаларга эч кандай эркектин образын берчү эмес. Ошондуктан чапташкан скинни жынсы шымдын модадан акырындап сүрүлүп чыга баштаганы чыныгы эркектерди сүйүнтүүдө. Мындай жынсыны свитер, пуловер же ачык түстөгү рубашка менен кийсе болот.

ЖЫНСЫ ТУУРАЛУУ УЧКАЙ КЫЗЫКТАР

  • Жынсы шымды актёр Жеймс Байрон Дин тартылган тасмаларына кийип чыкканга чейин көптөгөн жылдар бою жумушчулардын кийими катары саналып келген.
  • Эң кымбат жынсы шым 60 миң долларга бааланган. 1951-жылы Levi Strauss & Co фирмасы чыгарган бул жынсы шымды мына ушундай баага 2005-жылы япониялык коллекционер сатып алган.
  • Дүйнөдөгү эң узун жынсы шымдын узундугу 68 метр, туурасы 25 метрди түзүп, салмагы 3 тонна турат.

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
janna95
2016-05-10 00:56:49
Ээй мен ороном деп ниет кылтам ошон учун окубадым
-3
tokitok
2016-05-10 01:01:28
жанылык деле эмес. кыздардын бары эле бул жакта жазылып турганды билсе керек. жынсы анча кыйын эмес.
+2
munara.11.
2016-05-10 08:00:09
фотомодель кыз Гулжигит Калыковдун суйлошкон кызы эмес беле ?
0
gulaza
2016-05-13 03:17:35
munara.11.,ошол кыз просто оозун жаап тушуптур кулгондо тааныйт элен 32 тиши корунуп
-1
din_tomas
2016-05-10 12:16:30
Ушу тытылган жынсы кийгендерге тушунбойм же жарашсачы, анысы да бутун жынсыдан кымбат болуш керек
-1
jama9210
2016-05-10 12:31:51
Мен мода куубай эле жарашканын алып кийе берем
+4
limuna
2016-05-10 14:23:52
Менде баары бар :)))
+1
kurguz...
2016-05-10 22:30:37
арты алды жыртык шым кийгиле кыздар шамалдаап журосунор.
+3
nurgiz91
2016-05-11 00:56:22
мм мен жыртык шымга жетпей журом......
-1
bond
2016-05-11 19:36:27
nurgiz91,береинби
0
aijan
2016-05-12 23:19:36
nurgiz91, уйдогу жынсыныздын каалаган жерин лезвие менен тилип жыртып алсаныз эле болду да, анын оорчулугу деле жок)))
Бойфренд дегенге байкениздин же жолдошунуз бар болсо, жолдошунуздун кенен шымын кызыл ашык корунгондой багалегин буктоп кийип аласыз, болду)))
+2
Rednalf
2016-05-12 11:20:35
Дудочка киймектен эмне кийсен да куйругун тасырайып жарашпайт силерге шым деген нерсе.Кыздай эле болгулачы.Кузгудон го озуно ажайып коруно бересин,азыр кочого чыксам,баары суктанса,мени карашса деп кыялга батасын.Ооба карашат бирок ал шым сени сулуу кылганы учун эмес,кулкулуу болуп калганын учун.
-5
el9nora
2016-05-12 19:20:20
джинсы шымды жамандап жазып жатканынарда деле кеминде 1 джинсы шымынар болсо керек
+5
barhin1978
2016-05-13 04:05:34
клёщ джынсы жагат. толук адамга дале арыктарга дале жакшы жарашат.
+3
dina-85
2016-05-13 04:16:53
Тема мага жакты,айрыкча клеш джынсынын модага кайтканы
+1
ulik0007
2016-05-13 17:16:14
Ilyazdin shimi en sonun
0
leonar
2016-05-15 10:26:09
Джинсы жакшы, ынгайлуу, ар жакка кие берсен болот(ходовой),жудотпойт, ото жармашпайт да, мода десен модасы бутпойт.
+2
Musabaeva.
2016-05-15 19:44:20
leonar,++
0
krem
2016-05-16 01:25:48
эркектердин да шалбыратып штан койногун сасыган сапсайган сакалын жаза кетпепсинер
0
№ 705, 6-май-12-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан