КАНТИП АЙЫМДАР ЭҢСЕГЕН ЭРКЕККЕ АЙЛАНУУГА БОЛОТ?

Эки айымдын жанынан сырткы келбети келишкен мырза өтсө, алар тымызын карап тим болушат. Ал эми эки эркектин жанынан келбеттүү айым өтсө, эркектердин оюна сөзсүз «муну менен бир түн болсом» деген ой жаралат. Бирок эркектер төшөккө чейин айымдарга жагуу керек экендигин көпчүлүк учурда эстен чыгарып жиберишет. Андыктан ар кайсы кыздарга көз артып, шилекейди жутуп тим болгон мырзаларга төмөнкү кеңештер «шпаргалка» болсун.

АЙЫМДАР ЭРКЕКТИН ЭМНЕСИНЕ КЫЗЫГАТ?
Келбетине. «Менин сүйүктүүм мүнөзүмдү жактырат» деп оозуңузду ачып жүрө бербеңиз. Сөзсүз тышкы келбетиңизге да көңүл буруңуз. Сакал-мурутту алып, чачты тегиздетип, өзүңүзгө жарашыктуу кийиниңиз, спорт менен алектениңиз. Ал эми өзүңүздүн келбетиңиз купулуңузга толбосо, оңдоого аракет кылыңыз. Мисалы, таз болсоңуз жарашыктуу, модалуу баш кийим кийип, арык болсоңуз тамак көп жеп, семиз болсоңуз чуркап дегендей.
Чөнтөгүнө. «Аялдар кулагы менен сүйөт» деген кеп бар, чөнтөктө сокур тыйының жок болсо деле сөздүн гүлүн терип, «асмандагы жылдызды» алып берип жүрө берсем меники болот» дегендер жаңылышат. Айымдардын талуу жери – косметикалык каражат менен ар кандай белек-бечкектер. Сулууларды суукта үшүтпөй өзүңүздүн унааңыз менен же такси менен жеткирип, көңүлүн алуу үчүн белек-бечкек берүүгө, албетте, акча керек. Андыктан материалдык абалыңызды жакшыртыңыз.
Акылына. Айымдардын баары эле мырзасынын аңкоо эмес, акылдуу болушун каалайт. Анткени акылдуу эркек караңгыда жол табат, акчаны да мол табат. Билимиңизди тереңдетип, дүйнө таанымыңызды кеңейтиңиз да, сүйүктүүңүздү курбуларынын жанында уят кылбай алтын шилекейиңизди чачыратып, акылдуу кептериңизди айтып отурганыңыз оң.
Кызматына. Айымдар карьералуу мырзаларды жактырышат. Аны катардагы жөнөкөй эркек кесиптеши менен «шефине» жасаган мамилесинен улам эле байкаса болот. Ал эми мырзасы «шеф» болсо, кол алдындагылар баары ийилип турса, табиятынан башкарганды жактырышкан аялдарга андан өткөн бакыт жок.

АЙЫМДАРГА ЖАГУУ ҮЧҮН КАНДАЙ САПАТТАРГА ЭЭ БОЛУУ КЕРЕК?
Ишенимдүү. Эгерде сиз автобустан бир кызды жактырып калсаңыз тартынбаңыз. «Чоң кыз, сиз мага жактыңыз. Мени менен таанышсаңыз өкүнбөйсүз» деп уят-сыйытты жыйыштырып, эртеңкиге калтырбай бүгүн таанышыңыз. Болбосо автобус сизди күтпөйт, аялдамага бат эле жетип каласыз. Айымдар өзүнө ишенип, алдыга койгон максаттарына умтулган, чечкиндүү кадам таштаган мырзалардын жанында болууну каалашат.
Элпек. Айымдар оор баштык же чакага суу көтөрүп келе жатканын көрсөңүз колунан ала коюп, барчу жагына жеткиришип коюңуз. Автобуста көрмөксөн болуп кете бербей орун бошотуп бериңиз.
Өжөр. «Сүйүүмдү билдирсем кабыл албай койду, мени сүйбөйт экен» деп кол шилтеп баса берген жарабайт. Бир ишти баштаган соң акыркы мүнөттөргө чейин күрөшүңүз. Өжөрлүк сапаты бар эркектер жеке жашоодо гана эмес, жумушунда да ийгиликтерди багынтат.
Кыялкеч. Айымдарга «Э-эх, буюрса, мен байыганда экөөбүз дүйнөнү түрө кыдырабыз, ээ?» деп көзүңүз жетпесе деле айта бериңиз, жакшы сөз жан эргитет. Жактырган айымыңыздын жүрөгүнөн түнөк таап, кыялдарыңызга жетүү үчүн ар кандай сюрприздерди жасоодон коркпоңуз. Анткени айымдар күтүүсүз белектерди алуудан ырахат алышат, романтик мырзаларды баалашат.

АЙЫМДАРДЫ КЫЛТАККА ТҮШҮРҮҮГӨ ЭМНЕЛЕР ЖАРДАМГА КЕЛЕТ?
Басык. Шашпай, бүкүрөйбөй, жайбаракат, салмактуу басыш керек. Туура, айымдарга жага тургандай сексуалдуу басууну кааласаңыз Эштон Кутчер тартылган «Бабник», Жонни Депп катышкан «Дон Жуан Де Марко», Ричард Гир башкы каармандын образын жараткан «Америкалык жиголо» тасмаларын көрүп, кантип басууну үйрөнүңүз.
Үн. Чыйылдабай, мыңкылдабай, ишенимдүү, жумшак сүйлөңүз. Айымдарга көбүнчө коңур үндүү мырзалар жагарын эсиңизден чыгарбаңыз.
Жылмаюу. Эч качан жасалма күлбөңүз. Чын жүрөктөн күлсөңүз да чеги менен күлүңүз, шилекейиңиз чачырап кетпесин. Кыздарды кылтакка илгиңиз келсе жөн гана үнүңүздү
чыгарбастан, мээримдүү жылмайып койгон оң.
Көз караш. Сулуулар менен отурганда эч качан көзүңүздү ала качпаңыз. Айымдарды курч жана мээримдүү көз караш менен караңыз. Карегиңизден аны сүйөрүңүз же каалап жатканыңыздын учкундары чачырап турушу зарыл.

ТӨШӨКТӨ ЭРКЕК ЭМНЕЛЕРГЕ КӨҢҮЛ БУРУШУ ЗАРЫЛ?

  • Көпчүлүк айымдарга төшөктө ар кандай жагымдуу нерселерди ойлоп таба калган «чыгармачыл», «эмгекчил» мырзалар жагат. Андай мырзаларды кучагынан бошотуу айымдар үчүн оңойго турбайт.
  • Ошондой эле айымдарга «тентек» мырзалар жагат. Кумарлануу учурунда шоктонуп, төшөктө «падыша» болуп буйрук бере баштаса, айымдар ага баш ийип, айтканынан чыгышпайт.
  • Айрым айымдар «жоош», алардын айтканы менен болгон мырзаларды жактырышат. Эгер сиз андай айымдарга туш болсоңуз өз үстөмдүгүңүздү орнотууга аракет кылбаңыз. Антсеңиз өнөктөшүңүз ордунан туруп, кийинип алып басып кетиши толук мүмкүн.
  • Өнөктөш айымыңыз менен төшөк маселелерин ачык-айкын сүйлөшүп, кеңешип алган оң.
  • Эч качан айымдын дене мүчөсүндөгү кемчиликтерин айтпаңыз. Анын көзүнчө порнографиялык тасмаларды көрбөңүз. Антсеңиз ал тартынып, өзүн төшөктө ээн-эркин сезбей калат.
  • «Иш» учурунда өнөктөшүңүздү жылмаюу менен карабастан көзүңүздү жумуп Голливуд актрисаларын же коңшуңуздун аялын элестетпеңиз. Антсеңиз айымыңыз тажай баштайт.

Эркин Сексенбаев
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (49)
ilich4223
2016-05-10 15:53:27
Жакшы, пайдалуу кенештер экен. Жашоодо бул кенештерди созсуз эске алуу керек. Спорт менен машыгуу кыздарга гана жагуу учун эмес ден соолугубуз учун дагы аябай пайдалуу экенин унутпайлы достор. Баарынарга ийгилик!!!
+1
aijan
2016-05-10 19:06:18
Кызга жагынуу учун же кайсы бир болбогон майда нерселер учун атайылап кандайдыр бир кадамдарга баруу убактынчалык нерсе го дейм. Адам эн биринчи кезекте озу учун озун озу ар тараптан остуруп, дуйно таанымын кенейтип, отуруп калбай, изденип, коздогон максаттарына умтула берсе, ошонун озу эле керектуу адамын жолуктурганга оболго деп эсептейм.имхо.
+2
bekmyrzat.kg
2016-12-15 00:54:12
aijan,100% кошулам
0
kurguz...
2016-05-10 22:06:48
жакшы жакшы сескуалдардан жазып тургула.
0
dina-85
2016-05-10 23:25:52
Кызыктуу анан ойлонуучу
тема экен
0
bekmyrzat.kg
2016-12-15 00:54:15
dina-85,
0
Abdyrashit.Satylganov
2016-05-11 04:11:11
Ха Ха-Го.кошунандын аялын элестетпениз...шамшыкал кенештер экен..Айтаарым жигиттер оз баштагы акыл менен иш кылсак .баары ок болот
0
Usow
2016-05-11 07:48:10
Ыыы демек мени коп эле айымдар ичинен жактырышат экенда (кулуп)
+1
aqua.94mema
2016-05-11 15:01:20
Коп каткырба шилекейин чачырап кетет ... Ха ха ха
+1
naristem2016
2016-05-11 23:03:40
Кызга жагуу учун биринчи кезекте жигиттер жасалмалуу жооруктардан алыс болуусу керек деп ойлойм.
+1
nurzhaz
2016-05-12 13:50:33
кошунанын аялын элестетип кызык экен
0
Birimdik5555
2016-05-12 18:10:50
Чубак ажы деле айтат го,аялым мени карабай койду дебей ага жагыныш учун озунду кара,жуунуп-таранып тиштеринди тазалап тыкан бол деп
+1
deva
2016-05-13 17:10:56
Сонун кеңештер экен! Рахмат, Эркин Сексенбаев!
0
aizirek...
2016-05-13 23:08:21
МММ. Менин куйоомдо карьера жок, байлык жок. Буйруса болот. Спорт мн машыкпайт арык бою кичине. Бирок мен аны олллло суйом. А тошокто эн мыкты. Ага ар дайым ыраазымын
0
33SUUN
2016-10-01 23:51:47
Уч жылдан бери кире элек элем бул болумго.Шайтанга шылтап кое берейин.Озубузго ынсап берсин кудай.
0
Naima2604
2016-10-24 12:38:24
Ар бир адамдын озуно ынсап ыйман берсин бирок бул баракчага кирсен озуно керектуун да аласын.
0
Erkek94
2017-04-04 04:51:51
Жакшы кенещтер экен
0
№ 705, 6-май-12-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан