ООРУЛАР, ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ЧЫР-ЧАТАКТАР, ИШТИН ЖҮРҮШПӨСТҮГҮ... БУЛАРДЫ ИЛХАМ ЖӨНГӨ САЛАТ

"МЕНИН БАКТЫМА ЧЕК ЖОК"
- Бүгүнкү күндө бактыма чек жок. Менин бактылуу болушума жетекчим себепкер. Мындан бир нече ай мурун психотерапевттерге алсыз, оорукчан адамдар барат деп ойлочумун. Өзүмдү алсыз, оорукчан сезчү эмесмин. Бирок убакыт, жашоо мени бул оюмдан кайтууга аргасыз кылды.
Ойлоп көрсөңүз, тишибиз ооруса жакшы стоматологго барууну ойлойбуз. Эгер жан дүйнөбүз ооруса, бир адиске барууну эмес, өзүбүздү-өзүбүз дарылаганга өтөбүз. Мен көп жыл өзүмдү-өзүм дарыладым, эч майнап чыкпады.
Кабыл алууңузда турган ийгиликтүү, белгилүү адамдарды көрүп сизге тартылдым. Көрсө, ийгиликтүү, ден соолугу чың адамдар кабыл алууңузда көп болгону үчүн ошондой чокуларды багындырышат турбайбы. Сиз менен болгон баарлашуудан кийин бул дүйнөдөгү бакыт – моокуму канганча каалагандай жашоо экенин түшүндүм. Бирок ага чейин ар кандай комплекстериңди жок кылуу керек экен. Ар кандай ооруларды, жан дүйнө коркунучун жок кылуудан бакыт тамчысы куралат.
Баарыңыздарга үйүңүздөбү, жумуштабы, жан дүйнөңүздөбү, тынчтык болушун каалайм. Ал сиздерге абадай зарыл.

Атай Тимурович,
Бишкек шаары

"БҮГҮН МЕН КАЙРА ТӨРӨЛДҮМ"
- Жашоомдо мен таптакыр башка багытта бара жатканымды түшүндүм. Адистигим боюнча психотерапевтмин, бирок иштебей тиричилик, балдар менен алпурушуп үйдө отуруп калдым. Бул жашоодо стресс баарын башкарып, мажбурлап, өзүнүн шарттарын түзөт экен. Стресстен кимдир бирөө өзүн коргой алышы мүмкүн, бирок менин колумдан келбеди. Ал мени сындырып, акырындан өлтүрүп баратты. Жан дүйнөмдөгү борошону окурмандарга төгүүнүн кажети деле жок. Бирок бир нерсени түшүнгөнүңөр туура, мен жашаган жокмун, жөн гана жан сактадым. Жан дүйнө боштугу турмушумду өзгөртүүгө алып келди. Айрымдары балалуу болуп, аларга тарбия берип, жолдошун колдоп жатышат, менде андай болгон жок. Өзүмдүн фобиямды казып, оорумду изилдеп, азап чегишимдин себептерин издеп жаттым.
Адамдар, ойгонгула жана жашагыла! Менин катамды кайталабагыла жана жок жерден маселе жаратпагыла. Эң негизгиси, жакшы адис таап, ага жан дүйнөңүздү ачуудан тартынбаңыз.
Бүгүн мен кайрадан төрөлдүм, Алла Таалам ушул күндөрүмдөн ажыратпасын, мен сиз белек кылган гармонияда болуудан тажабайм. Сиз мен сыйлаган урматтуу Илхамсыз.

Мээрим Рамзанова,
Кант шаары

"ИЛХАМ БАЛАМДЫН ДЕН СООЛУГУН КАЙРЫП БЕРДИ"
- Балама кодировка жана детоксикация кылганда көп убакытка чейин жардам берчү эмес. Бизде үмүттүн шооласы араң эле бүлбүлдөп калды, күч дагы, каражат дагы бөксөрө берди, а оорубуз ошол боюнча турду. Сизге ыраазычылыгымды билдиргим келет. Сиздин ишмердигиңиздеги чыдамыңыз, жүрөгүңүз адамдарга жылуулук тартуулайт. Үйдө таптакыр башкача аура орун алды. Биз бири-бирибизди укканды үйрөндүк. Жаман сапаттардын баары өзүнөн-өзү качты. Сиздин "ойлор гимнастикаңыз" – керемет күчтөр булагы. Балабызга ден соолук жана ишеним бергениңизге рахмат, Илхам.

Супаналиевдердин үй-бүлөсү,
Бишкек шаары

"МЕН КОРКУНУЧТА ЖАШАЧУМУН"
-Сиз менин коркунучта жашап жатканымды айтып бердиңиз, эң туура таптыңыз. Керемет жашоону күтүп отура берүү туура эмес, бирок менде андан башка арга жок эле. Мен коркчумун. Күйөөмдү колдочумун, кайненем ооруп жатканда аны карап жанында отурдум, өзүм дарыгерлерди көргөндө эле каччумун. Акырындан ашказан тушум катуу ооруп, уйкум качып, тамакка табитим жоголду. Интернеттен ар кандай ыкмаларды колдонуп үйдө дарыланып жаттым. Антидепрессанттарды издеп жатып сиздин афоризмдерге кабылдым. Алар мага кадимкидей күч берди, аларды окуп сизге жолугууга белсендим. Сиздин энергияңыз мени бир канча жылдарга дени сак жана туура жашоого багыттады.

М.Ахмедова,
Бишкек шаары

"ИЛХАМ БИЗДИН ҮЙ-БҮЛӨГӨ ДАБАГЕР БОЛДУ"
- Биздин үйдөгү чоң маселе – жубайымдын психосоматикалык оору менен жабыркашы эле. Ушул оорунун айынан Илхам менен жолугуштук да, ага байландык. Дароо жыйынтык болот деп күткөн эмеспиз. Сиздин көп жылдык тажрыйбаңыз бизге дени сак жашоого багыт болду. Айрымдардын бир эмес, бир нече диплому бар, бирок жыйынтык чыгарбайт. Сиздин тажрыйбаңыз, адамдар менен сүйлөшүүңүз, ден соолукту чыңдоочу дарылар биздин жашоонун жарчысы.
Илхам биздин үй-бүлөгө дабагер болду, баарыңыздарга сунуштайм.

Бекжан М.,
Бишкек шаары

"АПАМ ТАПТАКЫР БАШКА АДАМГА АЙЛАНДЫ"
- Мен Илхамдын кабыл алуусунда болуп көргөн эмесмин, бирок апамды таптакыр башка адамга айланткандай болду. Апам мурункудай наалып, күңкүлдөбөй калды. Бирөөнүн жашоосун, өзүнүн ооруларын таптакыр айтпай калды. Ал менин таянычым жана колдоочума айланды. Азыр биз жашап жаткан доордо сиз иш алып бара жаткан жаатта мыкты адистер аз. Ыраазыбыз, биз сиз багыт бергендей жашоого бет алдык.

Замира,
Ош шаары

"БАШЫМА КЕЛГЕН ООР КАЙГЫНЫ ЖЕҢДИМ"
- Илхамдын жардамы менен башыма келген оор кайгыны жеңе алдым. Өз көзүм менен көргөн окуянын чындыгын карап, аны кечирдим. Жан дүйнөмдөгү оор таш кулап түшкөндөй болду. Түнү тынч уктап, жаңы жашоо абасын жута баштагандай болдум. Күйөөмдү күнөөлөбөйм, өзүмөн да маселе издебейм. Сатып кетүүдөн пайда болгон оору жок, кадимки жашоомо кайтып келдим. Баары алдыда, муну мен даана, так көрүп турам.

Гүлбара С.,
Бишкек шаары

"ӨТКӨН ЖАШООМДУ ӨРТТӨП ЖИБЕРГИМ КЕЛЕТ"
- Сиз менен маектешкенден кийин мага башкача күч келди да, жашоомду андан ары уладым. Канымдан жаралган кичинекейим төрт жашта болуп туруп, башынан 4 жолу химиотерапия өткөрдү. Дарылоо Беларуста жүргүзүлдү. Акча табуучу булагыбыз жок, үйдө отуруп калдык. Өзүбүздү да таштап койдук. Ата-энем ажырашкандан бери атамды көрө элек болчумун. Байкеме жолуктум, атам менен көрүштүм. Өткөн жашоону, алар жазылган баракты өрттөп жибергим келет. Сиздин күчүңүзгө жана бизге арнаган убактыңызга рахмат!

Токтосун Ж.,
Бишкек шаары

"МУРУНКУ КЕЛИНИМДИН БАКТЫЛУУ БОЛГОНУН КӨРӨ АЛЧУ ЭМЕСМИН"
- "Сени менен чогуу жүргөн кекти жоготушуң керек" деп мени тосуп алганыңыз күнү бүгүнкүдөй эсимде. Мурунку келинимди жек көрчүмүн деп айта албайм, бирок анын бактылуу болгонун көрө алчу эмесмин. Уулум жумуш ордунан кетсе, неберелеримди көпкө көрбөй калсам, жадакалса ооруп калсам да келинимди күнөөлөй берчүмүн. Күнөөлүү адамды таап жеңилдей түшчүмүн. Көрсө, жөн эле суу берсе деле ыраазы болуу мүмкүн. Берген суусун ыраазы болуп ичсең жаштык эликсириндей, нааразы болуп ичсең уудай эле сезилет. Бирок мен ичкен ууну келиним эмес, өзүм өз колум менен жасадым. Жана ал мени акырындан өлтүрө баштаптыр. Канчалаган ишти өзгөртүш, жасаш керек. Сиздин бар экениңизге, бардыгын оңдоого мүмкүнчүлүк бергениңизге ыраазымын.

Элмира,
Бишкек шаары

 

Эскертүү! Өз дарыгериңиз менен кеңешүүнү унутпаңыз!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Nperfect
2016-05-09 19:09:37
Коп тушунгон жокмун? Бул эмне болгон адам, дайын-дарегин болушуп койсонуздар урматтуу Супер-инфо.
0
jumali900710
2016-05-09 20:37:12
Супер инфонун алдынкы сандарын окусаныз,марттан бери Бишкекте журсо керек
0
arzuuu
2016-05-10 00:22:50
Дарыгер менен неге кенешмек эле? Бул дары жазып бербейт экенго.
0
din_tomas
2016-05-10 12:11:13
Воздух
0
zhalyn13
2016-05-12 03:26:36
Ой тушунсом олойун,бул киши ким ошондо,психотерапевт го дегем.
0
№ 705, 6-май-12-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан