Чолпон Жакупова, Жогорку Кеңештин депутаты: "ДЕПУТАТТЫКТЫ ТАШТАП КЕТИП КАЛГЫМ КЕЛЕТ"

Сезимдери ачык-айкын көрүнүп турган адамдар болот эмеспи, эл өкүлү Чолпон Жакупова ошондой адамдардан экен. Күлсө да чын дилден күлүп, кейисе да чын дилден кейип турду. Ал балалык күндөрү, жакшы көргөн жумушу, депутаттык кызматы жана ага өзгөчө тарбия берген ата-энеси тууралуу эргүү менен айтып берди.


ЖАКУПОВА ЧОЛПОН ИДИНОВНА

  • 1959-жылы 25-мартта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Стрельникова айылында туулган.
  • 1982-жылы – Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн.
  • 1983-1995-жылдары – Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу;
  • 1995-1999-жылдары – Кыргыз Республикасынын Социалдык эмгек министрлигинин миграция башкармалыгынын директору;
  • 1999-2002-жылдары – "Миграция жана качкындардын маселелери боюнча регионалдык борбору" коомдук фондунун директорунун орун басары;
  • 2002-2015-жылдары – «Адилет» укуктук клиникасы коомдук фондунун директору;
  • 2015-жылдан тарта – «Бир бол» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты.

"ДАРБАЗАЧЫ БОЛЧУМУН"
– Мен абдан эрке өскөм. Ананчы, үйдүн жалгыз кызы элем да. Атам алдыңкы делген миллионер совхоздун башчысы болчу. Ал кезде азыркы Арашан Стрельникова совхозу деп аталчу. Апам мени катуу кармаганга аракет кылса, атам оюма коюп коёт. Эң кооз көйнөк, эң таттуу момпосуйду алып берчү. Биздин үй совхоздун башкы имаратынын бет маңдайында эле. Кээде апам мени какыс-кукус кылып койгондо короодон унчукпай чыгып, контораны көздөй биринчи кадам аттаганда эле атама арызданып кыйкырган бойдон жөнөчү экенмин.
Менден эки жаш улуу агам жана менден эки жаш кичүү иним бар. Кыздар менен ойногон күндөрүмдү деле эстей албайм. Байкем менен иниме кошулуп алып жалаң эркек балдар менен топ кубалап футбол ойногонум көз алдыма тартылат. Мен дайыма дарбаза коргоочусу болчумун.
Кээ күндөрү болсо атамды ээрчип алам. Ал өзүнүн кызматтык УАЗын айдап алып жайыттарды, Чуңкурчак жайлоосун кыдырчу. Жанында быйтыйып мен отурам. Ошол машинада эле чарчаганда шылкылдап уйкуга кетем.

"Үй-бүлөмдө баары жакшы, неберемди эсепке албаганда баарыбыз юристпиз".

АТА-ЭНЕМ ЧОҢ ЧЫР МЕНЕН БАШ КОШУШКАН"
– Апам 47 жыл мугалим болуп иштеген адам. Апамдын жүзүн жер каратпайын деп мектепти абдан жакшы окуп бүткөм. Азыр кээде аны Арашанга ээрчитип барам. Өткөндөрүн эстеп бир жыргап алат. Ал "атаң ошончо жыл кызматта жүрүп бир байлык топтобоптур" деп кейип калат. Ооба, атам өзгөчө киши болчу. Киши менен да ачылып сүйлөшчү эмес. Кыргызчылыктан алыс адам экен ойлоп көрсөм. Катыш, шеринеге көңүл деле бурчу эмес. А апам тескерисинче уюштургуч, адамдардын тилин таба билген киши. Эсимде, атамдын колхозунда Зорька аттуу сүттү көп берген уй бар эле. Ошол Зорьканын эмчеги ооруп калганда атам күн-түн дебей совхоздо жүрүп калган. Апам ошондо "мен бирдеме болсом деле башыңды оорутпайсың го, а бул Зорькаң ооруп калса үйгө да келбей калат экенсиң" деп кейиген. Атам абдан эле жоопкерчиликтүү болуптур. Балким, ошол сапаты менен 27 жашында Каракол совхозунун жетекчиси болгондур. Азыркы муун, биз деле абдан кеч чоңойгон экенбиз деп калам. Менин чоң атам репрессияга кабылып каза тапкан экен. Атам далай кыйынчылыкты башынан өткөргөн үчүн ошентип эрте жетилсе керек.
Апам болсо бардар жашоодо чоңойгон. Таятам тээ 1930-жылдарга чейин аткезчилик менен алектениптир. Эсимде, ал Советтер Союзуна кызмат кылбаганына өзгөчө сыймыктанчу. "Каапырлардын өкмөтүнө бир да күн кызмат кылган жокмун" дей берчү. Баса, ал таенемди 14 жаш курагында Кытайдан көрүп калып ашык болуп, Кыргызстанга алып кетип калган экен. Таенем өзгөчө сулуу жан эле. Үркүндө Кытайга качып барып калып калыптыр. Буту абдан кичине эле. Көрсө, ошол кезде Кытайда буттарды атайын кысып кичирейтип, өстүрбөй алып жүргөн сулуулук катары сыпатталчу тура. Ошону менен суйкайган 14 жаштагы кызды кыргызстандык аткезчи аялдыкка алып, мекенине алып келген экен.
Апамды болсо атам ала качып алган. Абдан чоң чыр чыгыптыр. Арыз жаз, соттотуп жиберебиз дегенде апамдын атама боору ооруп отуруп калыптыр.

"МУГАЛИМДИН АЙЛЫГЫ КҮЛКҮ КЕЛЕРЛИК"
– Эң алдыңкы деген шаардык мектепти окуп бүткөн соң жогорку окуу жайга өтүү кыйынчылык деле жараткан жок. Тарых факультетинде окуп жүрүп, аз өтпөй Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетине которулуп кеттим. Окуумду бүткөн соң кайрадан мекениме келдим да, азыркы Кыргыз улуттук университетте саясий тарыхты окутуп баштадым. Менин эң жакшы көргөн жумушум мугалимдик. Мугалим болушум керек эле. Себеби жаңыдан келген студент жарым жылдан соң сен берген билимдин аркасында бөлөкчө ой жүгүртө баштаганын көрүү бул өзүнчө ырахат. Оюма койсо мугалим болуп эле жүрө бермекмин. Бирок, билесиңер го, мугалимдердин айлыгы биздин өлкөдө күлкү келерлик. Жашоо тиричилик деген бар. 15 жыл иштеген соң эки жолдун ортосунда калдым: же мен үй-бүлөмдү багып, татыктуу жашап кетүү үчүн мугалимдикти ташташым керек, же студенттерден акча алып башташым керек. Жок, мен акча ала албайт болчумун. Анда эң сүйгөн кесибиме чыккынчылык кылган болмокмун. Ошону менен Мамлекеттик миграция башкармалыгына башкы адис болуп иштеп кеттим.
Кичүү иним да айлыктын айынан азыр Америкада невропатолог болуп иштеп жүрөт. Кыргызстандагы врачтардын айлыгынан чарчаганда АКШга кетип калган.

"АКАЕВ БИЛИМДҮҮ АДАМДАРДЫ КӨРӨ БИЛЧҮ"
– Миграция башкармалыгында жарым жыл иштеген соң ошол башкармалыктын жетекчиси болуп калдым. Эсимде, аналитикалык отчёт жасап, Коргоо кеңешине жибергем. Ал кезде Коргоо кеңешин президент болуп турган Аскар Акаев өзү жетектечү. Ал жактан көп өтпөй эле "аналитикалык отчётторду ким жазып жатат?" деп сурап башташты. Ким кандай ойлойт билбейм, бирок Акаев билимдүү адамдарды көрө билчү. Ал убакта билимиң менен "крышасы" жок эле жогорку кызматка барууга мүмкүнчүлүк бар болчу. Мамлекеттик кызматтагы көп адамдар өз ишинин мыкты адистери эле. Кийин гана ал системге үй-бүлөлүк башкаруу аралашып, бырын-чырыны чыгып талкаланды.
Мамлекетке жакшы кызмат кыла алдым деп айта алам. Мен жетектеген мекеме алгачкы качкындар тууралуу мыйзамдын демилгечиси болду, ошо кезде жарандык согуш жүрүп жаткан Тажикстандан 18 миң адамды кабыл алдык, чет элдиктердин жардамы менен мектептерди салдык. Бул биз жасаган жумуштардын чекеси гана. 8 эле адам иштечүбүз. Кийин башкармалык реформалоого кабылып, Миграция боюнча агенттикке айланды, башкача айтканда, ал министрликтин деңгээлинде болуп калды. Менин мамлекеттик жумуштагы карьерамдын туу чокусу ошол болду. Андан аркы деңгээлге чыгыш үчүн "крыша" керек болчу. Мен чет элдик долбоорлор менен иштеш үчүн жумуш которуп кеттим. Аз өтпөй миграция боюнча аймактык борбордун жетекчиси болуп калдым. Мына дал ошол жерден чет элдиктер менин англисче сүйлөөрүмдү, уюштургуч жөндөмүмдү байкашкан соң "Адилет" укуктук клиникасын жетектөөнү сунушташты.

"ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ӨЗҮ БИРИНЧИ ОҢОЛУШУ КЕРЕК"
– Адам бир орунда отура бербеш керек деп ойлойм. Антпесе, сөөктөрүң деле катып калат. Орун которуп, жаңы тажрыйба алуу кажет. Жогорку Кеңешке жогорку деңгээлде мыйзамсыздык менен күрөшүү үчүн келгем.
Мен силерге бардыгын ачык айтып берем деп убада кылдым. Ачыгын айтайын, бир канча жолу депутаттыкты таштап кетип калгым келди. Анткени пайдасыздыкты сезип жаттым. Маселен, "Адилетти" жетектеп турганда мага укугу бузулган адам келчү. Мен анын укугун коргоп күрөшүп баштачумун. Жок дегенде бир адамга пайдам тийчү.
Коомду, мамлекетти оңдош үчүн биринчи Жогорку Кеңеш өзү оңолушу керек. Мисалы, мен сотторду тандоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштадым. Эми ошону депутаттардын талкуусуна коюуга 5 айдан бери каттабай жатышат. Себеби кимдир бирөөгө ал пайдасыз. Депутат катары менин укугум бузулуп жатат. Ал эми жөнөкөй, карапайым адамдар кантип жатты экен?
Кетип калгым келет. Бирок шайлоочулар эмне дейт? Бул олуттуу эмес эже турбайбы дешет го. Азыр 12 мыйзамдын демилгечисимин. Аларды ишке ашырыш үчүн иштөөм керек.

"БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМ ЖӨНҮНДӨ"
– Бейөкмөт уюмдардын ишин жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоорун Алмамбет Шыкмаматов экөөбүздөн башкасы колдоп беришти. Бул негизи чет элдик агенттер тууралуу мыйзам болгон. Орусиядан эле көчүрүлүп алынган болчу. Бирок акыр аягында Орусиянын кызыкчылыгын да, чет элдик уюмдардын кызыкчылыгын да эске алган, ортодогу бир мыйзам болуп калды. Биз качанкыга чейин ар кайсы мамлекеттен коркуп жүрө беришибиз керек? Өзүбүздүн башыбыз жокпу?
Мисалы, Июнь окуясында чек арасыз дарыгерлер уюму Ошто жардам берип жүрүштү. Эми ошол сыяктуу уюмдарды кысымга ала берүү канчалык туура болот? Коомдо журналисттер, анан бейөкмөт уюмдар гана чиновниктерди ооздуктап турушат. Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам эң ириде чиновниктердин кызыкчылыгын коргойт. Бул айдан ачык.

"ҮЙ-БҮЛӨМДӨ ЭКӨӨ ГАНА ЮРИСТ ЭМЕС
– Үй-бүлөм тууралуу эч нерсе айтпаганга аракет кылам. Баары жакшы. Эки мыкты уулум бар. Экөө тең юрист. Сулуу, акылдуу келиним бар. Ал да юрист. Эки сонун неберем бар. Алар юрист эмес. Биздин үйдө экөө эле юрист эмес.
Атам, улуу агам каза болуп калышкан. Апам экөөбүздүн эң чоң күйүтүбүз ушул.

Мирлан Өмүралиев
Адилет Бектуров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 706, 13-май-19-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан