Бүгүнкү каарманым – белгилүү ырчы Токон Эшбаевдин эрке кызы, акын, журналист маркум Медер Осмоналиевдин жубайы Акмаанай Эшбаева. Аны ырдагандан сырткары "Түндүктүк келин" тасмасынан да көргөнбүз. Учурда Акмаанай ди-джейликтен кетип, опера ырчысы болуп эмгектенүүдө.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
– Акмаанай, бир туугандарыңдын арасынан атанын жолун улачусу сен болдуң окшойт?
– Ооба, атамды билесиңер, апам Инабат Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. 25 жылдан бери Ошто музыкалык мектепте директор болуп иштейт. Ата-энем экөө тең музыкант болгондуктан 5 баласын тең музыкалык мектептен окутушту. 3 агам менен эжем башында окумуш болуп таштап коюшту. Улуу агам учурда Ош шаарынын мэриясында иштейт. Эжем микрокредиттик компаниялардын биринде эмгектенет. Андан кийинки 2 агам ишкерлик менен алектенишет. Ырчылыкты улантып кеткени мен эле болдум.
Акмаанай деп атыңды ким койду эле, өзгөчө угулат?
– Апам кичинекей кезинде Айда жашаган Айсаамай, Аймаңдай деген перилер тууралуу жомок окуп, ошолордун атына окшоштуруп койгон экен. Аябай эрке өстүм. Кийимдин жакшысын кийген мен, тамактын таттуусун жеген мен, коноктон калбай барган мен элем. Атам гастролдон келгенде "сагынычымды таркатам" деп жылаңачтап алып курсагына жаткырып кучактап уктачу.
– Медер Осмоналиев экөөңөр кантип таанышып калдыңар эле?
– Медер менен радиого ырымды алып барганда таанышкам. Болгону аты-жөнүмдү сураган. Бир күнү "ырың радиодон кетип жатат, уксаң" деп чалып калды. Укпай калган экем. "Сага ырың кызыктуубу же кызыксызбы? Башка ырчылар өздөрү чалып сурашат. Сага баары бир го" десе, "мен чыныгы ырчымын да" деп күлүп койгом. Ошентип бат-баттан чала баштады. Кийин бирдигибиз калбай калганча сүйлөшчү болдук. Бир күнү Медер чалып "мага турмушка чык" деп макулдугумду алды. Өтө шашылыш баш коштук. Ноябрь айында таанышканбыз, декабрдын 14үндө кайненемдер сөйкө салып кетишти. 28-декабрда баш коштук. Андан да кызыгы – эртең той деген күнү экөөбүз экинчи жолу көрүшүп, жакындан тааныштык. Апам экөөбүз шашып түнү менен сеп даярдаганыбызчы.
– Медердин мурун үйлөнгөнүн билчү белең?
– Ооба, билип эле турмушка чыккам. Мурун үйлөнгөнүн бир гана атама айта алган эмесмин. Атам байкуш аны бирөөлөрдөн угуп, мени укпасын деп жашырып жүрүптүр. Медер менен 1 жыл 8 ай жашадым. Жолдошум экөөбүз уулдуу болсок, Амантур коёбуз деп кыялданчубуз.
– Анан атасынын тилегин орундатып Амантур койдуңарбы?
– Уулума кыркы чыккандан кийин ат койдук. Кайненем менен кайнатам "Медер кичине кезинде Аскар Акаевдин колунан белек алган. Ошондо "балалуу болсом, атын Аскар коём" деген болчу" дешти. Мен "жок, биз Амантур деп сүйлөшкөнбүз" деп көгөрөм. Анан молдо "документинде Аскар болсун, азан чакырылган аты Амантур, атасынын айтканына кыянаттык кылбагыла" деди. "Медер эле койсокпу, кайра Медер Осмоналиев болуп калмак" десек, молдо көнбөй койду.
Кайын журтума азыр деле барып турам, былтыр кайненем каза болуп калды. Кайнатам "Акман, сага рахмат, сенден башка бирөө болсо бала менен деле катыштырбаса керек эле. Кызыбыздай болуп калдың, эми кимдир бирөө колуңду сурай турган болсо, өзүбүз узатабыз" деп айтат. Себимди деле алып келе элекмин. Эми үй алдым, алып келип үйүмдү толтурсамбы деп турам. Балам таятасына жакын болуп, атам деп кабыл алчу. Таятасы каза болуп калгандан кийин боз үйдүн артына туруп алып "таятамды ойготуңуз" деп ыйлап жүрдү. Таятасынын ырларын жатка билет.
– Жолдошуңдун көзү өткөнүнө 6 жыл болуп калыптыр. Турмушка чыгып, экинчи ирет бактымды сынап көрөйүн деген ой болсо керек?
– Акыркы кезде үйдөгүлөр "турмушка чык" деп кыйнашчу болду. Медердин баласын жетелеп барып бирөө менен жашагандан корунам. Болбосо сүйлөшүп жүргөн кишим деле бар. Баласы мени башка эркектерден кызганат. Бир гана азыр сүйлөшүп жүргөн адамым менен жакшы мамиледе. Балам мага уул болот, күйөө болот дей берчүмүн, бирок аялдык бакыт башкада экенин түшүндүм.
– Сенин ди-джей болуп кетүүңө жолдошуңдун таасири тийди го дейм?
– Медер ооруп жатканына карабай «Эл FM» радиосун ачып, 8 айдан кийин каза болуп калды. Аябай ызаланып, үч уктасам түшүмө кирбеген ди-джейлик менен алектене баштадым. Кийин "Санжыра" радиосунан сунуш түшүп Бишкекке көчүп келдим. Учурда ди-джейликтен кетип, өтө чоң жылдыз болуп кетпесем да атамдын чыгармачылыгын улантайын деп Опера жана балет театрында иштеп жатам.
– "Түндүктүк келин" тасмасындагы ролуңдан кийин дагы сунуштар түшүп жатабы?
– Буга чейин эпизоддук ролдорду ойноп жүргөм. Рысбек Жабиров "кино тартып жатам" дегенинен "мени деле тартпайсызбы" десем, "макул, сага ылайыктуу роль бар, айылда мода кууп кийинген өтө кыйынсынган жеңени ойнойсуң" деп калды. "Менден андай чыкпайт го" десем, "коркпо, сенде жеңенин образына жараша турган көз караш бар, ошону тартабыз, оңой эле" деди. Тартылуу учурунда менин күйөөмдүн ролун ойногон байкени жаным дей албай, бир аз кыйналдым. Бирок киного тартылган жакты. Сунуштар түшсө тартыла берем.
Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg