Бала уурдоого шектелип кармалган келин: "БООРУКЕРЛИК КЫЛАМ ДЕП УУРУ АТЫГЫП КАЛДЫМ"

Көзүн жашка толтуруп ыйлап жаткан 19 жаштагы келинди милиция кызматкерлери адам уурдоого шектүү катары кармашкан. Анын айтымында, таанышканына 1 эле ай болгон таанышынын 1,5 жаштагы баласын курсагын тойгузуп, дары берип коёюн деп үйүнө алып кеткен.

Баланы уурдоого шектелген келиндин үстүнөн тергөө иштери жүрүүдө.

"АТЫН БАШКА АЙТЫП ТААНЫШКАН"

Окуя 3-майда болгон. Бишкек шаардык Биринчи Май РИИБинин жетекчисинин орун басары Марлис Асанов бул окуя тууралуу буларга токтолду:
– 20 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, чала тааныш бир келин анын 1,5 жаштагы баласын алып кеткен бойдон дайынсыз деп билдирген. Ыкчам топ арыздын негизинде издөө жүргүзүп, Арча-Бешик конушунан Гүлмира Сүйүтбек кызы аттуу 19 жаштагы келинди кармашты. Ал арыз ээсине өзүн Жазмина деп тааныштырган экен. Кийин энеси үйүндө жок кезинде баласын алып кеткен. Кылмышка шектелип кармалган Гүлмира Сүйүтбек кызынын айтымында, арыз ээсинин үйүнө барганда бала кароосуз калып, ооруп жаткан экен. "Үйгө барып курсагын тойгузуп, дары берип, кайра жеткирип берейин дегем",- деп жатат. Бирок арыз ээси шектүү келиндин телефонуна чалганда өчүк болгон. Азыр бул боюнча "адам уурдоо" фактысы менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

"БАЛА ООРУП, АЧКА ЖАТЫПТЫР"

Биринчи Май РИИБинде кармалып турган Гүлмира Сүйүтбек кызына жолукканыбызда ал төмөнкүлөрдү айтты:
– Баланын апасы менен таанышканыма бир айдай болуп калган. Ошол күнү анын үйүнө барсам өзү жок экен, баласы болсо ооруп, тура албай жатыптыр. Үйдө анын бир курбусу сүйлөшкөн жигити менен жана алардан башка дагы 2 эркек киши бар болчу. Үйүндө наны, тамак-ашы деле жок. "Апасы кайда кетти?" деп сурасам "жигиттер менен жолукканы кеткен" дешти. 1 сааттай күттүм, келген жок. Анан "баланы дүкөнгө алып барып, бир нерсе сатып берем" деп чыгып үйгө келдим. Курсагын тойгузуп, жолдошума дары алып кел дегем. Телефонума салып жүргөн номеримди чыгарып, ордуна башка SIM-карта салып койгом. Ал номеримди баланын апасы билбейт болчу. Бала жакшы болуп калгандан кийин кайра жеткирип берейин деп жаткам. Бирок милициядан келишип, мени бала уурдады деп жатышат. Болгон күнөөм – айтпай-дебей баланы алып кеткеним. Боорукерлик кылам деп ууру атыгып калдым. (Гүлмира Сүйүтбек кызы абалын түшүндүрүп жатып ыйлап жиберди).

1,5 жаштагы баланы милиция бөлүмүнө укук коргоо кызматкерлери алып келишти.

"Баламды уурдап кетти" деп арыз жазган келин. Ал 1,5 жаштагы баласы менен жашаган батирдин сырты ушундай абалда.

"КЕЛИН ЖОЛДОШУ МЕНЕН ТААРЫНЫШЫП ЖҮРЧҮ"

Биз баласын уурдаткан келинге жолугуу үчүн ал жашап жүргөн "Ош базарынын" жанында жайгашкан үйгө жөнөдүк. Батирдин кире беришинде кичинекей дүкөн бар экен. Сатуучусунан бул үйдүн жашоочулары тууралуу сурасак, "Назимабы? Аны кечээ кууп жибердим. Мен батирдин ээси болом. Кайда кеткенин билбейм, ушул ызы-чуудан кийин эле кетишти. Айтымында, апасы айылына чакырыптыр. Паспорту да жок болчу. Документтерин тууралайм деп кетти окшойт",- деди. Келиндин жолдошу кайда экенин, өзү кайда иштээри тууралуу сураганыбызда "күйөөм менен таарынышып жүрөм деген, өзү болсо кафелердин биринде иштечү, баласын жалгыз багат" деп жооп берди.
Биринчи Май райондук соту кылмышка шектүү Гүлмира Сүйүтбек кызын тил каттын негизинде, эки кепил адамдын суранычы менен 6-майда үй камагына чыгарган. Ага да жолугуп, иштин чоо-жайын сурайлы деп укук коргоо кызматкерлери берген дарек боюнча барып таппай кайттык. Бизди тынчсыздандырганы – баланын абалы болуп жаткан. Биринчи Май РИИБинин башчысынын орун басары Марлис Асановго кайрадан байланыштык. "Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы бала тууралуу социалдык кызматкерлерге кабарлап, иш алып барып жатабы?"- деген сурообузга "тергөө иштеринин жыйынтыгы менен гана жооп берем" деп тим болду. Окуянын аягын биз дагы акмалап турмакчыбыз.

 Кыстарылган видео 
1,5 жаштагы баланы уурдоого шектелип 19 жаштагы келин кармалды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
tabyshmak
2016-05-16 10:43:45
Макул, наристенин ден-соолугун ойлоп алып кетсин, бирок, эмне учун оз ысымын айтпады экен? Баланын энеси баласын бага албаса баланын келечегин ойлоп, анын бир айласын табуусу керек. Кудай сактасын! Эмнеси болсо да ошол куноосу жок наристеге эч кимдин зыяны тийбесе экен...
0
suban78
2016-05-16 12:48:39
Уурдай турган адам антип уурдабайт да, элге корсотуп. Хотя бы жашаган жерин озгортот. Дайынын таптырбай кетет да. Боору ооруган го кичине бала чондор менен жалгыз калса, ооруп жатса. Чондор эмне кылышып жатты экен ошол маалда баланын козунчо ким билет. Бул жерге жазылбаганда. Менин оюм боору ооруп алып кеткен.
+3
Aruwka.89
2016-05-16 13:30:50
Кандай болгон Кундо да айтып алып кетсе болмок,же чалып кабатыр алба балан менде бошогонунда алып кет деп тушундуруп
А берки кыз емне болсо да ене да , коркот ар нерсени ойлоп арыз жазганын туура еле кором азыр бала уурдап ичиндеги органдарын сатып атканы елди танкалдырбайле калган корунущ болуп калбадыбы
0
el9nora
2016-05-16 19:04:33
апасы жигиттерге жлолукканы кетти деген адамдар,баланы алып кетип жатканын корушпоптурбу,жок дегенде ошолорго айтып кеткендир
+3
stervella415
2016-05-16 20:05:05
Munda dele bawkaçaboyu bolgongo,owon uçun atyn bawkaça aityp taanywtyda,bir çeti aktalyp ele ketsin baikuw kyz,bala aman esen baary jakwy,kiwi olturup dele aktalyp juruwpoibu.....glavnyi kiinkisinde oilonup niw kylsyn
0
Samina007
2016-05-17 02:05:46
баланын апасы акча өндүрөм дегенго по ходу,значит тел айталбаганы акчасы жок,сим карта алмаштырып күйоосуно айтыптырго даары алып кел деп
+1
miki-84
2016-05-17 21:55:36
Ушундай мерездер кыйналбай балалуу болушат зарыкпай бечара оронгон кызда айып жок
0
Rednalf
2016-05-19 10:36:44
Бир нерсе ондуройун деген арам ою да.
-1
Aidowi
2016-05-19 14:32:42
энесинин кебетеси ичкичтерге окшош экен.Тообо кудай сакта ушундай энелерден бала ачка ооруп жатса жигиттерге кеткенин.
-2
Sajakat14
2016-05-21 04:17:55
Мыйзам астында жоолук салынганы дагы, салынбаганы дагы бирдей жооп берет!
0
didu
2016-05-23 17:55:34
ооруп жатса кандай жолугушууга барат.
0
kutmanbek80
2016-05-31 02:23:28
Алдах алдын да ак болсонуз болду акыйкат ийилет бирок сынбайт
0
kutmanbek80
2016-05-31 02:33:26
Чечим эмне болду админ??? Кайсыл тарапка чечилди
0
admin_superstan
2016-05-31 10:17:19
kutmanbek80,саламатсызбы? Сурооңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Take_men
2016-06-13 06:43:26
Айтып эле алып кетсе болмок экен, багып берейин деп. Тиги апасы багып кыйратчуудай эмес. Кудай деп эле берсе керек эле
0
Emil0211
2016-10-25 03:59:52
Бул жерде эки келин тен куноолуу.Бири жаш баласын кароосуз калтырганы учун,экинчиси уурдаганы учун.Ал келин уурдап эле кеткен,себеби атын да жашырып башка айткан,атайын ушундай максатта таанышып ошондой убакытты кутуп жургон
0
№ 706, 13-май-19-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан