ИЗДЕЙМ СЕНИ

"ТАЙПАЛАШЫМ МЭЭРИМДИ ИЗДЕЙМ"

– Мен тайпалашым Мээрим Ташмамбетованы издейм. Биз 2004-2005-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетиндеги кыргыз тили жана адабияты факультетинин КТА-2-04 тайпасында чогуу окуганбыз. Андан кийин Мээрим турмушка чыгып, окуусун таштап койгон. Акыркы жолу 2006-жылы жолукканда Бишкектеги Пишпек кичи районунда жашайм деп жаткан. Ошондо телефон номерин алып, тилекке каршы, жоготуп алдым. Мээрим, окуп калсаң байланыш.

Курбуң asula_86@list.ru

"АПАМДЫ КӨРГҮМ КЕЛЕТ"

– Менин атым Нуржамал. Мен төрөп таштап кеткен апамды тапкым келет. Апамдын аты Назгүл экенин, ал Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылынан болорун билем. Апам 1978-жылы төрөлүптүр. Анын Бактыгүл, Таалай деген бир туугандары бар экен. Ушул аялды таанып-билгендер болсо байланышып коюшуңуздарды суранам. Апа, өзүңүз деле ушул билдирүүмдү окуп калсаңыз кабарлашарсыз деген үмүттөмүн. Сиздин жүзүңүздү бир көрсөм деп тилеп келем.

Тел.: +79274482807, nargizafirdays@gmail.com

"КУРСТАШЫМ РАХМАТИЛЛА, КАБАРЛАШ!"
– 1975-жылы Бишкек шаарындагы Политехникалык институттун механика факультетин чогуу аяктаган курсташым Рахматилла Мажитовду издейм. Рахматилла Ош облусунан, ал эми өзүм Нарын облусунан болом. Азыр мен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында турам. Рахматилла, эгер окуп калсаң мага байланыш.

Курсташың Замир Акматов,
тел.: 0552325673

"МАЙРАМ, КАЙДАСЫҢ?"

– Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Мырзаке айылында жашаган курсташым Майрам Калмуратованы издеп жатам. Аны менен 1974-жылдары ОШМУнун физика-математика факультетинде чогуу окугам. Майрам, окуп калсаң байланыш же тааныгандар кабарлап коюшат деп күтөм.

Курсташың Жумаш,
тел.: 0703192934

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же
koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Baktygul2016
2016-06-06 20:18:16
Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Телман айылында жашаган группалашым Асаналы кызы Уулканды издейм. Аны менен 2009-жылдары Ош КУУнун Социалдык колледжинин ПОВТАС-11-09 группасында чогуу окуганбыз. Уулкан эгерде окуп калсан байланыш. Группалашын Аттокурова Бактыгул 0777898592
0
№ 706, 13-май-19-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан