Бул жашоодо жомоктор болуп турарын «Лестер» клубу дагы бир ирет далилдеди. Англиянын кичинекей клубдарынын бири дүйнөнүн эң күчтүү делген лигасында чемпион аталып, дүйнө жүзүн таң калтырууда. «Түлкүлөрдүн» бул жетишкендиги баарын башынан баяндап берүүгө татыктуу.
Футболдук клуб Лестер шаарында 1884-жылы негизделген.
Каймана аты – «Түлкүлөр», «көктөр»
Президенти – Вишай Шривадданапрабха
Машыктыруучусу – Клаудио Раньери
2016-жылдагы Англия чемпиону
БАТКАКТАН ТАКТЫГА
«Лестер» 2014-жылы экинчи дивизиондон премьер-лигага көтөрүлүп, кийинки жылы жогорку дивизиондо араңдан зорго сакталып калган. Жаңы сезон башында машыктыруучусу Найжел Пирсон кызматынан кетип, анын ордуна Клаудио Раньери дайындалат. Буга чейин бул италиялык машыктыруучунун Грецияны «Евро-2016» оюндарына чыгара албай уят болгон жайы бар. Серепчилер бул жылы да «Лестер» премьер-лигада ордун сактоо үчүн күрөш жүргүзүп, чемпиондукта акыркы орундарга илинет деп божомолдошкон. Алар мындай шумдук окуя болорун кайдан билишсин?! Клубдун курамы арзан футболчулар менен толукталган. Салыштырсак, «Лестердин» негизги курамы – 11 футболчунун трансфердик баасы жалпы 53 миллион еврону түзсө, «Челсинин» бир эле футболчусу Эден Азар 70 миллион еврого бааланат.
АТАКТУУЛАРДЫН ЖОЛУ БОЛГОН ЖОК
Жаңы сезондо башкы талапкерлер катары араб шейхтеринин акчасы менен байыган «Манчестер Сити», 20 жылдан бери машыктырып келе жаткан Арсен Венгердин «Арсенал», Луи Ван Галдын философиясы менен ойногон «Манчестер Юнайтед» саналган. Албетте, Жозе Моуринью баштаган «Челси» чемпиондугун коргоосу керек эле. Бирок атаандаштар биринин артынан бири кыйын абалга кептелди. Биринчи кезекте эле чемпион саналган «Челси» өз оюнун таппай, президенти Абрамович айтылуу Жозени айдаганга чейин барды. «МЮнун» оюнчулары жыл бою Ван Галды түшүнө албай койсо, «Арсеналга» туруктуулук жетишкен жок. Атаандаштардын мүчүлүштүктөрүн Раньеринин «Лестери» толугу менен пайдаланып кетти. Алардын оюну көрүүчүлөр үчүн толумдуу болбосо да, жыйынтыктуу болуп жатты. «Лестер» көпчүлүк оюндарында атаандаштарын бир гол айырмачылыгы менен гана жеңип жатты.
БЕЛГИСИЗ ОЮНЧУЛАР ЖЫЛДЫЗГА АЙЛАНДЫ
«Көктөрдүн» футболчуларын жыл башында эч ким тааныбаса, эми алар жылдыз. Мисалы, кезинде мыкты дарбазачы Петер Шмейхелдин уулу Каспер дарбазаны кайтарса, жарым коргоочулар Н’Голо Канте менен Рияд Махрез, чабуулчу Жейми Варди. Булардын арасынан 29 жаштагы чабуулчу Вардини өзүнчө сөз кылууга болот. Англиялык чабуулчу 4 жыл мурун эле сүйүүчүлөр арасында талаага чыккан. Тагыраагы, сегизинчи дивизиондо 3 жыл ойноп, жылдан жылга жогорулап отурган. 2012-жылы «Лестерге» кошулуп, аны менен чемпиондук наамга чейин жетти. Муну менен катар Варди Англиянын улуттук курамына чакырылып, «Евро-2016» оюндарында өнөрүн көрсөтүүгө камданууда. Эми жөнөкөй футболчудан чемпиондукка чейин жеткен Вардинин өмүр таржымалы тууралуу тасма тартуу үчүн Голливуд режиссёрлору кезекте турушат.
ЧЕМПИОНДУКТУ ВАРДИНИН ҮЙҮНДӨ ТОСУШТУ
Англия премьер-лигасынын 36-турдук оюндарында экинчи орунда келе жаткан «Тоттенхэм» конокто «Челсини» ута албаса, анда «Лестер» мөөнөтүнөн мурда жеңүүчү аталмак. Аталган оюнду «Лестер» футболчулары Жейми Вардинин үйүндө чогулуп көрүп, «Тоттенхэмдин» упай жоготуусун күтүштү. Жыйынтыгында бул ишке ашып, жомок чындыкка айланды. «Лестер» – чемпион! Машыктыруучу Клаудио Раньери көзүнө жаш алса, клубдун президенти таиланддык Вишай баарын мурда эле билгендей мыйыгынан жылмайып койду. Эми күйөрмандары жашы-карысына карабай Лестер шаарын тополоң кылып, жумалап майрам кылып жатышкан кез.
ЖОМОКТУН УЛАНДЫСЫ БАРБЫ?
Футболдо акча чечпестигин, талыкпаган эмгек жана өзүңдү жумушуңа толугу менен арноо гана жыйынтык берерин «Лестер» көрсөттү. Муну менен жөнөкөй командалар да футболго болгон сүйүү менен мыкты жетишкендиктерге жетсе болорун көрө алышты. Эми аутсайдерлер «Лестерди» мисал кылып, эртеңки күнү жеңиш жолдорун баштаары шексиз.
Учурда «түлкүлөрдүн» мыкты оюнчуларын бай командалар илип кетүү үчүн келишимдерди жаадырып баштады. Бирок азырынча эч ким бул командадан кетүү тууралуу ооз ача элек, себеби кийинки жылы «Лестер» Чемпиондор лигасында өзүн сынайт. Чемпиондукка жетүүдөн мурун, аны коргоо оор болорун бардыгы билет. Бул кокустуктан болдубу же жокпу, эми кийинки жылы көрө алабыз.
Кандай болгон күндө да «Лестер» бул жылдын эң кооз жана укмуштуу окуясын тартуулап койду...
НАРИСТЕЛЕРГЕ ЛЕСТЕР ЫСЫМЫ КОЮЛУП БАШТАДЫ...
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg