АЛТЫН КУЙМАЛАРЫ – КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН ИНВЕСТИЦИЯ

Валютанын кайсы түрү болбосун кайсы бир кезде өз кунун жоготуп коюшу мүмкүн. Алтын бардык убакта эле баалуу болуп келгендиктен каражатт алтын куймасы катары сактоого мүмкүнчүлүк түзүп бергенине туура бир жыл толду. Биз бул ирет алтын куймалары тууралуу кененирээк маалымат бермекчибиз.ы алтын катары сактоо ар убакта ишенимдүү. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өлкөбүздүн жарандарына каражатын алтын куймасы катары сактоого мүмкүнчүлүк түзүп бергенине туура бир жыл толду. Биз бул ирет алтын куймалары тууралуу кененирээк маалымат бермекчибиз.

КУЙМАГА КАРАТА СУРОО-ТАЛАП ЖОГОРУЛООДО
Мындан бир жыл мурун, тактап айтканда, 2015-жылдын 7-майында Улуттук банк тарабынан аффинаждалган өлчөнгөн алтын куймалары сатыкка чыгарылган. Бул долбоордун максаты – өлкөбүздө баалуу металлдар банктык рыногун түзүү жана өнүктүрүү болуп саналат. Улуттук банктын бул долбоору заманбап жана актуалдуу экендигин өтүп бараткан жыл далилдеди. Бүгүнкү күнү Улуттук банктын өлчөнгөн алтын куймаларына карата калк тарабынан туруктуу суроо-талап бар. Өлчөнгөн алтын куймаларын кайрадан сатып алуу механизми бул продуктка карата суроо-талапты жогорулатып, аффинаждалган өлчөнгөн алтын куймаларын жогору ликвиддүү кылды.
2015-жылдын 7-майынан бери сатылган аффинаждалган алтын куймаларынын жалпы салмагы 85,1 килограмм болуп, суммасы 228,9 миллион сомду түздү. Ал эми кайрадан сатып алынган өлчөнгөн алтын куймалар 837 даана же 39,3 килограммды түзгөн.

АЛТЫН КУЙМАСЫН САТЫП АЛУУДА САЛЫК ТӨЛӨНБӨЙТ
Улуттук банк бул долбоорго өлкөбүздүн коммерциялык банктарын да тарткан. Улуттук банк тарабынан чыгарылган таза алтын куйма түрүндөгү баалуу металлдар менен банк операцияларын жүргүзүү үчүн үч банкка ("Капитал Банк", "Кыргызкоммерцбанк" жана "Айыл Банк") лицензия берген. Бул банктар аффинаждалган өлчөнгөн алтын куймаларды сатуу, сатып алуу жана алтын түрүндөгү металл эсептерин ачуу, аларды банк ячейкаларында сактоо сыяктуу операцияларды жүргүзө алышат.
Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү демилгеленип, анын негизинде банктар тарабынан аффинаждалган алтын куймаларды ишке ашырууда кошумча нарк салыгы жана сатуудан түшкөн салыктан бошотуу каралган. Аффинаждалган алтындын өлчөнгөн куймалары – бул валюта рыногундагы туруксуз кырдаалда тобокелдиктерди жөнгө салуучу, үнөмдөөнүн инвестициялык инструменти жана инфляциялык таасирлерден сактап калуучу альтернатива болуп саналат. Бул инструменттин негизги өзгөчөлүгү катары Улуттук банк тарабынан кайра сатып алууга мүмкүндүк түзүлгөндүгүн айтсак болот.

Улуттук банктын алтын куймалары бардык өлкөлөр тааныган "Good Delivery" стандартынын талаптарына жооп берет.

"КУЙМАНЫ МУРАСКА ДА КАЛТЫРСА БОЛОТ"
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйында алтын куймалары тууралуу маалымат берди:
– Алтын куймаларын узак убакытка инвестициялаган адам эч качан уттурбайт. Алтындын баасы убакыт өткөн сайын баары бир өсүп турат. Алтын эч качан бузулбайт, дат баспайт, эрибейт, сынбайт. Ал 50 жылдан кийин же кайсы өлкөдө болбосун өз баасын жоготпой турары анык. Куйманы сатып алган адам аны каалагандай колдонсо болот. Мисалы, балдарына мураска калтырса, баалуу белек, тойго кошумча же калың катары берсе да болот. КМШ өлкөлөрүнөн Орусия менен Кыргызстанда гана алтын куймалары жасалып сатылат, башка өлкөлөрдө мындай мүмкүнчүлүк жок. Сатып алууда чектөөлөр жок. Аны чет элдик жарандар да сатып алып, сыртка алып чыгууга укугу бар.

КУЙМАЛАР САЛЫНГАН ТАҢГАКТЫ АЧПАҢЫЗ!
Алтын куймаларынын бардыгы 999,9 пробасындагы жогорку сапат болуп саналат. Алтындан даярдалган 100 грамм салмагындагы куймалар сертификаты менен кошо өзүнчө кутучаларга жайгаштырылат. Ал эми салмагы 1, 2, 5, 10 жана 31,1035 грамм өлчөмүндөгү куймалар сертификаттын кызматын аткаруучу – өзгөчө коргоого алынган бекем желим менен капталган таңгакта чыгарылат. Бул таңгак бир эле учурда мына ошол алтын куйманын сертификаты дагы болуп эсептелинет. Ошондуктан бул таңгакты ачпай эле койгон оң. Өлчөнгөн куймалар салынган таңгак бузулбай, ар кандай доо кетпеген кынтыксыз абалда, сертификаты бүтүн сакталган шартта гана кайра сатып алынат. Таңгагы бузулбаган абалдагысы, сертификаты бүтүндүгү өлчөнгөн куймалардын аныктыгынын кепилдиги жана аларды кайра дароо сатып алууга шарт түзөт. Бирок чийилип, таңгак бузулса же сертификаты жок болсо банк аны экспертизадан өткөргөндөн кийин гана баасын төлөп берет. Бирок экспертиза үчүн мына ошол баанын 7 пайызы алынат жана текшерүүгө 10 күнгө чейин убакыт кетет. Куймалар жүгүртүүгө чыккандан бери бир да алтын куймасы экспертизага жөнөтүлгөн эмес. Бул куймалардын сыртынын сапаттуулугунан кабар берет. 100 граммдык куйма Кыргызстанда чыгарылса, калганы Казакстандан даярдалып келген.
Улуттук банктын төрөгасы Толкунбек Абдыгулов алтын куймалары тууралуу маалымат берүдө.

БААСЫ КҮН САЙЫН АНЫКТАЛЫП ТУРАТ
Аффинаждалган алтындын өлчөнгөн куймаларын сатуу жана сатып алуунун баасы күн сайын Лондондогу баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын фиксинги боюнча АКШ долларынын сомго карата расмий курсуна ылайык аныкталат. Алтын куймаларынын күн сайын аныкталган баасы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтындагы "Банктык өлчөнгөн куймалар" бөлүмүнөн таанышууга болот. Мисалы, 2016-жылдын 11-майына карата 1 граммдык алтын куйманын баасы 4292 сом болсо, 100 граммдык алтын куйманын баасы 282 042 сомго бааланган.
2016-жылдын 10-майынан баштап өлкөбүздүн бардык аймактарында Улуттук банктын өлчөнгөн алтын куймаларын сатуу, кайрадан сатып алуу иши башталды. Аны сатуу, сатып алуу иши Улуттук банк жана анын облустук башкармалыктарында, дем алыш күндөрүнөн сырткары күн сайын саат 9:00дөн 15:00гө чейин төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:


  • Бишкек шаары, Т.Үмөталиев көчөсү, 101,
    тел.: (0312) 66-91-41, 66-92-31;
  • Ош шаары, Курманжан датка көчөсү, 119,
    тел.: (03222) 2-12-07, 2-12-20;
  • Жалал-Абад шаары, Эркиндик көчөсү, 13,
    тел.: (03722) 5-27-72, 5-03-15;
  • Каракол шаары, Токтогул көчөсү, 265,
    тел.: (03922) 5-12-47, 5-12-58;
  • Нарын шаары, Жамгырчы уулу Абас көчөсү, 6,
    тел.: (03522) 5-04-71, 5-04-69;
  • Талас шаары, Фрунзе көчөсү, 291,
    тел.: (03422) 5-23-77, 5-20-77.

Мындан ары дагы өлкөбүздүн аймагында толугу менен кымбат баалуу металлдар банк рыногун түзүү жана өнүктүрүү процессине коммерциялык банктарды тартуу улантыла берет. Ошондой эле репо операциялары, алтын куймаларын күрөөгө коюу менен насыя берүү, металл эсептеринин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу аркылуу калкты "Элкарт" төлөм карталары менен тейлөө каралат.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Wave.
2016-05-16 11:01:59
Куймалар салынган тангактын ичинде чыныгы 999 пробадагы алтын бар экенине ким кепилдик берет? Мен бугун сатып алып кийинки жылы сатайын десем, алтын таза эмес болуп калса ким жооп берет?
Тангакты этияттык менен ачып ичин алмаштырып, кайра озундой кылып жаап коюуга болот.
+2
Heloo
2016-05-17 01:04:32
Баасы кандай болду экен эми бул байлыктын.
0
№ 706, 13-май-19-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан