ЖАРК ЭТИП, АНАН ЖАЛП ӨЧҮП...

Жылдыздар турмушунан

“Өтө кызыл бат оңот же өтө ысык бат муздайт” деген сөз бар кыргызда. Анын сыңарындай, шоу-бизнес айдыңында бир ыр менен жарк этип чыгып, анан эле кабарсыз кеткендер кездешет.

НУРЛАНДЫ ТААНЫТКАН «ГҮЛСАРА»
Бул жигит “Гүлсара” деген ыры менен чыкканда үнүн Бек Борбиевдикине окшоштуруп мыкты ырларды үмүт эткенбиз. Анан эле ырчыга Бек байкенин иниси Жаныбек продюсерлик кыла баштаган эле. Ошого карабай ырчынын акыркы учурда такыр эле дайыны чыкпай кетти. Нурландын өзүнө «эмне жоголуп кеттиң?» десең, “иштеп эле жатам” дегенден башка сөз укпайсың. “Кыймылдаган кыр ашат” дейт го, кыймылдаса бир күнү кырдан ашып, эл көзүнө кайра көрүнө баштаар деп күтүп жатабыз.

«АТАГА КАТ» ДЕП СЫЗДАГАН АРТЫК
Артыктын Сапар менен ырдаган “Атага кат” дуэтин тили чыга элек баладан баштап бели бекчейгендерге чейин жактырып угушчу. Жакшы чыгып келе жаткан Сапарды Дана эжекеси ээрчитип кетти. Ал эми Артык болсо Данадан артып калды. Ырчы ойлонуп “кой, муңдуу эле ырларды ырдай бербейин” деп шаңдуураак “Зарина” деген ырын жарыкка чыгарды. Клип тартканга да жетишкен. Баары бир “Зарина” “Атага катка” караандабай койду. Артыктын чыгармачылыкта жолу болбодубу же таарындыбы, кыскасы, бул чөйрөдөн алыстап кетти. Угушубузга караганда, ырчы жигит учурда Казакстанда соода иштери менен алек экен.

КЫЗДАРДЫН «КАРА ТОРУСУ»,
МЕЛИСТИН ЖҮРӨК ООРУСУ
Кара, кара, кара тору” деп кара тору кыздарга ашык болгон Мелисти Ассоль «апасы» жакшы эле чыгарып жаткан. Анан ырчы жигитти эч жерден таппай калдык. Бирок артка кылчайып көрсөк, “карасынан” кийин бир топ эле клип тарттырып, ыр жаздырыптыр. Бирок “Кара торусуна” жетпептир. Жеке жашоом да артта калбасын дедиби, айтор, ырчы жигитибиз үйлөнүп алды. Учурда бул жигитибиздин 10 айлык Медина аттуу кызы бар. Ырчы каражат көп табуучу бизнес ишине аралашып алып, андан чыга албай жүргөн кези. «Эми сахнага кайтам» деп бизге бир келип да кетти. Сабыр этип, күтө туралы.

«САГЫНГАНДА» ДЕП САХНАНЫ АТТАГАН КАЙРАТ
Кайрат Примбердиев Султан Садыралиевдин жардамы менен продюсер Динара Эсенгулованын колуна келген. Кайраттын жылдызы “сен дагы мени сагынганда, канатсыз учкуң келеби?..” деген саптары бар “Сагынганда” ыры менен жанган эле. Бул ырчыбыз андан кийин деле бир топ ыр аткаргандай болду. Продюсери менен түзгөн келишимин бүтүрдү да, үйлөнүп алды. Ал эми чыгармачылык болсо “мен дагы сени сагынганда...” деген бойдон кала берди. Үйлөнгөндөн бери да дайын-оту жок кетти. Сыягы, келинибиз тың окшойт.

АЙГҮЛ «СҮЙҮҮ АРМАНЫН» СОЗГОНДО...
Айгүл Чалова “Сүйүү арманы” деген ыры менен бир дүң дегени күйөрмандардын эсинде болсо керек. Учурунда бул ыр менен оорубаган адам калбады го чиркин. Жада калса Эрнест Абдыжапаровдун “Боз салкыны”да “сыркоолоду”. Айгүл жүрөк сыздаткан бул ырды жигити таштап кеткенде чыгарган экен. Ырчыны сүйгөнү таштабаса мындай ыр жаралбай калмак беле... Андан кийин деле бир эки ыр ырдамыш болду, биринчи ырына жеткен жок. Айгүл “Сүйүү арманы” менен шоу-бизнестин эшигин ачып алды да, жалкоолонуп иштебей койду көрүнөт. Бирок бир “крутой” жигитти тузагына илгенге жетишти. Балким, ошол жигитке алаксып жүрүп, сахна эсинен чыгып калгандыр. Күтө туралы, Айгүл мүмкүн эми кайра жаркыраар.

ЭМИ МЭРИНИ «САГЫНБА»
Мэри Шакулинаны эстегенде “Сагынба” аттуу ыры, клиби менен көз алдыбызга тартылат. Билишибизче ырчы элге таанылгыча Мухтар Атаналиевдин “Эл ырчысын эл тандайт” деген долбооруна катышкан. Анан эле Дана аттуу продюсерлүү болду. Көп өтпөй эле Дана турмушка чыгып кетип, Мэри кызыбыз жалгыз калды. Андан бери эмне ыр жаздырды, иштедиби же иштеген жокпу, кыскасы, бул айымдан да кабар жок. Бирок ак жоолук салынып, учурда келиндик кызматын өтөп жатканынан кабар таптык. Кайрадан жарк этип сахнадан көрүнөбү, жокпу аны убакыт өзү көрсөтөр.

ИРЛАНДЫН «ОКУУЧУ КЫЗЫ» БОЙ ЖЕТИП...
Ирлан аттуу жигитибиз бир кезде “окуучу, окуучу, окуучу кыз” деп окуучу кызды жетелеп чыкты эле. Андан кийин окуучу кызы студент болуп кеттиби же башка кызды сүйө албай койдубу, айтор, Ирландан мындай деңгээлдеги ырды уга албадык. Уга албадык деп коём, ырчынын өзүн да сахнадан көрбөй калдык. Бирок ырчы аябай толуптур акыркы убакта. Продюсеринен кеткенден кийин дароо эле 20 килограмм салмак кошуптур. Ирландын сахнадан көрүнбөй калганынын дагы бир себеби бизнес иштерине берилип кеткенине да байланыштуу экен. Үй-бүлө багуу үчүн деле көп каражат кетет да, туурабы?..

«АЙ, ЖЕЗДЕ» ДЕП ЫРДАГАН “ДЕЛБИРИМ” ТОБУ
Ай, жезде, ай, жезде, сунам сизге ыр десте” деп эки кыздын ырдаганын билсеңиздер керек. Албетте, булар “Делбирим” тобу. Бул топту Бек Борбиевдин бир тууган иниси Жаныбек жетектечү. “Делбиримдин” чыгармачылыкка алгачкы шилтеген кадамы байсалдуу эле болгон. Дагы көптөгөн жакшы ырларды күткөнбүз. Бирок бул кыздардын ыры гана эмес, өздөрү да көрүнбөй кетишти.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Tendik
2010-02-25 14:23:07
Айгулдун бир жакшы ыры чыкты эле го жаны
-1
№ 381, 19-25-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан