Кыргыз шоу дүйнөсүнө жакында эле аралашкан Рахат Божокоева учурдун популярдуу актрисасы, модели, телеалпаруучусу. Апта каарманы “мурун Анжелина Жолиге окшоп боевикке тартылгым келчү, азыр тарыхый тасмаларда ойногум келет”,- дейт.
– Рахат, жакында эле «ДвижЭние кылыш керек» тасмасында күйөөсүнө каяша айтпаган, көп сүйлөбөгөн жубайдын ролун жараттың. Келечекте өзүңдү ошондой элестетесиңби же анын карама-каршысы болосуңбу?
– Мен созулган жерде созулуп, сүйлөчү жерде сүйлөп коём. Мага кыйкырып сүйлөгөндөргө теңелбей, жооп кайтарбаган мүнөзүм каарманыма окшошуп кетет. Негизи, «аял киши алдыда болуш керек» дегендерден эмесмин. Жолдошумдун алдына чыгып кетпей, артында да калбай, жанында жөлөк болуп жүргүм келет.
– «Жарайт сити» долбоорунун жигиттеринин командасында иштөө кандай болду?
– "ДвижЭние кылыш керек" тасмасынын жаратуучуларынын көпчүлүгү КВНчилер болгондуктан, тартуу иштери позитивдүү маанайда өтүп жатты. Башында балдардын менден тартынганы сезилди, мен да алардан тартынып жүрүп 2-3 күндөн кийин аралашып кеттим. Анан Данияр байке (ред. режиссёр Данияр Болотбеков) «өзүңдү кармап жүргөн окшойсуң, эми ачылдың» деп шылдыңдап жатпайбы. Көбү мени сыртыман тааныган балдар экен. Жакын сүйлөшүп калгандан кийин «сен эми жылдызсың да, баракчама катталып койбойсуңбу» деп тамашалап жатышты. Кээ бири такыр унчукпай жүрүп бир тамаша айтып койсо, ошону эстеп алып 2-3 күн күлөсүң.
– «Сагын» деген тасмада болсо Кумар Жалиевдин жубайынын ролун ойноптурсуң. Спортчу мырза тасмада кандай өнөктөш болду?
– Данияр Абдыкеримовдун аталган тасмасы 2014-жылы эле тартылып баштаган. Кумар байке «жардам керек болсо айтып тур, сени эч ким таарынтпасын» деп мени карындашындай көрөт. Аны «байке» деп жүрүп тасмада аялынын ролун аткаруу бир аз кыйынчылык туудурду. Бирок ролумду ишеничтүү аткара алдым. Кумар байке спортчу эмеспи, бош учурда «мага бокстун ыкмаларынан үйрөтүңүзчү» деп жанын койбой жүрүп 2-3 ыкма өздөштүрүп алдым.
– Комедия, драма жанрында ойнодуң. Дагы кандай образ жараткың келет?
– Буга чейин Анжелина Жолиге окшоп автомат көтөрүп, боевикке тартылгым келчү. Азыр тарыхты чагылдырган тасмада ойносом дейм.
– Сага ишенип тапшырылган кайсы каарманыңды жеткиликтүү ачып бердим деген ойдосуң?
– Көп эле тасмага тартылдым, бирок жараткан образымдын бири да купулума толгон эмес.
– Азыр телеалпаруучу болуп эмгектенип жатасың. Түз эфирде эсте калган окуялар болду беле?
– НТС каналындагы «Утро live» таңкы берүүсүндө иштегениме 1 жыл болду. Башында кыргызча алып барып бир аз кыйналдым эле, азыр орусча бөлүгүн алып барам. Көптөгөн кызыктуу адамдарга жолугам, бул горизонтту кеңейтип, өскөнгө жардам берген жумуш. Кызыктуу окуялар көп эле болот. Мисалы, жетишпей баратканда чуркап барып камеранын алдына тура каласың, өнөктөшүм менен «сен сүйлө, мен сүйлө» деп унчукпай калган учурлар болот. Биринчи эфирге чыккан күнүм эсимде калган. Мага чалып «эртең эфирге чыгасың» дешкенде түнү бою ойлонуп, уктабай чыккам.
– Инстаграмдагы баракчаңдан көбүнчө жагымдуу комплименттерди окуп калам. Негативдүү билдирүүлөр болобу же аларды өчүрүп саласыңбы?
– Мага катталган 112 миң адамдын арасында, албетте, жаман көргөндөрү болот. «Сүрөтүң жаман болуп калыптыр, боёнбой эле койчу!», боёнбой түшсөң «эми кичине боёнуп деле албайт белең» дешет. Элдин баарына жага албайт экенсиң. Негативдүү комментарий жазгандар менен мага болушкандар «өзүңдү карап алчы, сонун эле болуп турат» деп урушуп жатып калышат.
– Баракчаңа жарнамалаган продукцияларды өзүң колдонуп көрөсүңбү? Же жакшы төлөп берсе чыгара бересиңби?
– Инстаграмды киреше алып келген баракча деп айта албайм. Аны жашоомдогу кызыктуу көз ирмемдерди бөлүшүү максатында ачкам. Мен жаккан нерсени гана жарнамалайм, жаман нерсени жарнамалап элге жаман көрүнгүм келбейт.
– Жеке жашооңду сыр тутуп келесиң. Жакында интернетке бир жигиттин сени көтөрүп түшкөн сүрөттү жүктөгөнүңдөн «жеке фронтто» абал ойдогудай болуп жатыптыр деген ойдо калдым...
– Жеке жашоодо баары жакшы. Буюрса, жакында баарын ачыктайм.
– «Апам түрткүлөп турганы үчүн ийгиликтерге жеттим» дегениң бар, азыр да ошентип турабы?
– Эфирге таңкы саат 4 жарымда турсам, апам кошо туруп узатат. Ар бир эфиримди калтырбай көрөт. Мен маек берген гезиттердин баарын чогултуп, «кийин неберелериме көрсөтөм, бул деген сенин тарыхың» деп сыймыктанат. Ошондуктан жараткан ийгиликтеримдин баары апама арналат.
– Сырыңды төкпөй-чачпай айтып берген курбуң барбы?
– Мектептен бери достошуп, сырымды айтып келе жаткан Элзада, Нури, Гүлзари деген курбу кыздарым бар. Алар көз карашыман эле маанайымды билип коюшат. Ооруп калганда гүл көтөрүп келип маанайымды көтөрүп кетишет. Достукту күтө бербей, жүрөгүң менен өзүң да бирөөгө дос болушуң керек. Аларга да сырларын ката билген сандык болуп, ишеничтүү адамына айлансаң түбөлүк дос боло аласың. Ошондуктан аялзатынын достугуна ишенем.
Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg