СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДАГЫ БИЗ БИЛБЕГЕН ФУНКЦИЯЛАР (жаңыланды)

Жакында эле финляндиялык Яни аттуу 10 жаштагы бала Instagram тармагынан мүчүлүштүк таап чыккан. Анда аталган тармакта бирөөнүн баракчасына жүктөгөн текстин башка колдонуучу өчүрө аларын билдирген. Компаниянын өкүлдөрү Яниге ыраазычылык иретинде10 миң доллар ыйгарышкан. Биз да социалдык тармактардагы көпчүлүк биле бербеген функцияларды издеп көрдүк.

WHATSAPP

КОМПЬЮТЕРДЕН ЖАЗЫШУУ

Эгерде сиз смартфонго караганда компьютерден бат жазышсаңыз, анда бул тармактын компьютердеги версиясы сиз үчүн ыңгайлуу. Бул функция 2015-жылдын башында чыгып, көпчүлүк колдонуучулардын мактоосуна татыды. Муну колдонуу үчүн компьютерден web.whatsapp.com сайтына киресиз. Ошол эле учурда смартфондон WhatsApp`тын менюсуна кирип, WhatsApp Web функциясын тандайсыз. Компьютерде пайда болгон QR-кодду смартфонго сканерлейсиз. Бул функцияны колдонууда смартфондо интернет иштеп туруш абзел.



ГРУППАЛЫК ЧАТТЫ ӨЧҮРҮҮ

Эгерде сиздин досторуңуз көп билдирүү жөнөткөндү жакшы көрсө, бул чат сизди бат эле тажатып жибериши мүмкүн. Бирок ал топтон ачык-айкын чыгып кетүү ыңгайсыз болуп жатса, үнүн өчүрүп салсаңыз болот. Ал үчүн чаттын жөндөөсүнө (настройки) кирип, «үнүн өчүрүү» (отключить звук) дегенди басыңыз. Чатты 8 сааттан бир жылга чейин өчүрүп койсо болот.



ЭС-ТУТУМДУ КЕРЕКСИЗ ФОТО, ВИДЕОДОН ТАЗАЛОО

Чатка келген медиафайлдар смартфондун жалпы эс-тутумуна келип түшөт (көпчүлүк смартфондордо WhatsApp же WhatsAppTumbs деген папкада сакталат). Ошондуктан керексиз сүрөт, видеолорду галереядан өчүрсөңүз да аталган жайда сакталып кала берет. Бул функцияны өчүрүү үчүн жөндөө (настройки) > чат жана чалуу (чаты и звонки) > автожүктөө медиа (автозагрузка медиа) дегенге өтүп, керексиз пункттардан белгилерди алып салыңыз.




АКЫРКЫ ЖОЛУ КАЧАН КИРГЕНДИ ЖАШЫРУУ

Эгер акыркы жолу качан киргениңизди жашыргыңыз келсе, меню > жөндөөлөр (настройки) > аккаунт > жашыруу (приватность) функциясына өтсөңүз, акыркы жолу качан киргениңиз жашырылат.



INSTAGRAM

СИЗ МЕНЕН ТҮШКӨН СҮРӨТТҮ ПРОФИЛДЕН ӨЧҮРҮҮ

Сиз менен түшкөн сүрөттү башка колдонуучулар жүктөп, ал сизге жакпаса, аны өчүрүүгө болорун билип алыңыз. Ал үчүн ошол фотону ачып, өз атыңызды басыңыз. Ал жерден «сиз менен түшкөн фотону сактоо» (сохранить фото с вами) же «белгини өчүрүү» (убрать метку) деген функцияларды таба аласыз.


БАШКА КОЛДОНУУЧУНУН ЖАРЫЯСЫН БӨЛҮШҮҮ

Instagram'да башка социалдык тармактар сыяктуу бирөөнүн жарыясын бөлүшүү деген функция жок. Бирок мунун айласы эчак эле табылган. Ал үчүн интернеттен Instagram repost деген тиркемени смартфонуңузга көчүрөсүз. Ага кадимкидей эле Instagram'дагы логин менен сыр сөзүңүздү жазасыз. Керектүү фотону же видеону тандап, менюдагы «бөлүшүү» деген билдирүүнү басып, максатыңызга жетесиз.



СИЗГЕ ЖАККАН СҮРӨТТӨРДҮ ГАНА КӨРҮҮ

Баракчаңызда толгон-токой адам болсо, мурда сиз жактырып "лайк" баскан сүрөттү табуу кыйын. Бирок көпчүлүк биле бербеген функция менен бул сүрөттү табууга болот. Өзүңүздүн профилиңизге өтүп, жөндөөгө кириңиз. Ал жакта «сизге жаккан жарыя» деген пункт бар. Бул аркылуу издеп жүргөн фотону таба аласыз.



ӨЗҮҢҮЗДҮН ЖЕ ДОСУҢУЗДУН СҮРӨТҮ МЕНЕН БӨЛҮШҮҮ

Instagram тармагындагы direct (жеке кат) кызматы аркылуу сүрөттү бардык колдонуучуга жарыялабай, сиз каалаган саналуу гана досторуңуз менен бөлүшүүгө болот. Ал үчүн сүрөттү Instagram Direct аркылуу көрсөтүүчү жебе менен өтүү керек.

Адилет Керимбек уулу
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (40)
Shat.88
2016-05-17 16:21:23
Ватсаптагы акыркы кирген убакытты жашырууну колдонсом да жашырбай жт
0
adi.sumi
2016-05-17 17:17:44
ватсапта акыркы киргенди жашырсам. Мененда бары жашынып калат го менде бул эмнеси
+1
Shat.88
2016-05-17 22:19:13
adi.sumi,сен жашынсан алар да жашырынат деп жазылып журот кантип жашынып атасын айтчы менда жашынайын
0
DNurgiza
2016-05-19 09:35:54
Shat.88,настройкага кирип, аккаунт>приватность>был(а) дегенди никто деп озгортосун....
0
nurik903
2016-05-17 22:17:01
мен жакында эле билдим однокласснике биронун профилине кирип ким эмне деп жазышат ал учун Id код керек
+1
LEGENDA.
2016-05-18 10:17:39
Башкасын коюп мени "кыздарики" деген группага кошуп койгулачы админ))))))
+1
kutmanbek80
2016-05-18 16:35:07
Билебизго буларды
0
AIZAD
2016-05-18 18:43:23
Одноклассниктен видео кантип кочурсо болот?
0
Seiil.94
2016-05-23 05:06:43
AIZAD,opera менюдан кириниз однаклассникти.Анан видеону басаныз алынат.
0
Azikko
2016-05-18 22:31:55
Комптон ватсапка кирсе болобу?
0
egemberdievagulbara
2016-05-19 10:17:22
мен билбейт екем.рахмат суперинфо
0
jibek.shami
2016-05-19 20:28:11
ооба комптон кирсе болот..виртуалный андроид системасын орнотунуз анан кадимкидей иштей берет
0
Serenada
2016-05-20 09:02:38
ватсапта башка бироонун жазышканын очуруп таштаса кайра ошону окууу мумкунчулугу барбы жокпу жазып койгулачы
+1
munduz2016
2016-05-21 21:46:55
Билгендерден билбегендер коп.Мен деле 2жылдан бери суперге аран катталдым го,жакшы билбегенимден.
0
leonar
2016-05-22 05:14:01
Функциялар орус тилинде, демек орус тилин жакшы тушунбогондор учун экен бул макала.
0
admin_superstan
2016-05-23 12:14:59
kama98, баш тамгаларды эрежеге ылайык колдонуңуз. Эскертүү!
0
xake95
2016-06-29 20:22:46
Муну баары билетко
0
maks93
2016-11-23 22:32:14
Рахмат!супер инфо силердин кенешинер мага аябай жардам берет.
0
№ 706, 13-май-19-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан