БАЛБАН ЖАНАРБЕК КЕНЖЕЕВ ОЛИМПИАДАГА КАТЫШПАЙ КАЛДЫ

Рио-де-Жанейро шаарында өтчү Жайкы Олимпиада оюндарына аз убакыт калганда допинг чыры күч алды. Тагыраак айтканда, мельдоний (милдронат) каражатын колдонду деген жүйө менен бир катар Олимпиадага камданып жатышкан спортчулар «алтынга тете» жолдомолорунан кол жууп калышты. Дүйнөнү каптаган «допинг толкуну» кыргыз спортчуларын да кыйгап өтпөдү.

ДОПИНГ ЧЫРЫ КЫРГЫЗСТАНГА ДА ЖЕТТИ
Эске салсак, Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттиги (WADA) ушул жылдын 1-январынан тарта мельдоний (организмдеги, айрыкча жүрөктөгү кан жүгүртүүнү арттыруучу медициналык каражат. 1975-жылы латвиялык биохимик Иварс Калвиньш тарабынан ойлонуп табылып, аскерлер үчүн колдонулган. 1984-жылдан тарта жалпы колдонууга чыккан) каражатын спортчулар колдонуусуна тыюу салган. Чыдамдуулукту арттырган бул каражат жыл башынан бери көптөгөн белгилүү спортчулардын организминен табылып, алар убактылуу спорттон четтелишкен. Жыл башынан 11-мартка чейин 60 спортчунун канынан бул каражат табылган. Белгилүүлөрдүн арасында теннисчи Мария Шарапова, муз үстүндөгү бийчи Екатерина Боброва, шорт-трек боюнча Олимпиада чемпиону Семён Елистратов жана коньки жарышта 5 жолку Дүйнө чемпиону болгон Павел Кулижников бар. Үстүбүздөгү жылдын 11-майында Дүйнөлүк бириккен күрөш уюму (UWW) допинг колдонгондорду аныктап, Олимпиадага жолдомо уткан 7 спортчунун жолдомосун жокко чыгарып, ал жолдомолор башка спортчуларга берилди. Олимпиадага катышпай тургандардын катарында 85 килограмм салмактагы кыргыз балбаны Жанарбек Кенжеев да бар. Балбан 18-мартта Казакстанда өткөн мелдеште күмүш медаль тагынуу менен Олимпиада оюндарына жолдомону камсыздаган эле. Канынан мельдоний каражаты табылган деген жыйынтык чыккан балбаныбыздын жолдомосу индиялык Равондер Хатриге берилди.

«ЭЧ КАНДАЙ ДОПИНГ КОЛДОНГОН ЭМЕСМИН»
Жанарбек Кенжеев бул күтүүсүз чечим тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
– Кыргыз элин бушайман болбоого чакырам. Мен сөзсүз Олимпиада оюндарына барам жана медаль утууга аракет жасайм. Эч кандай допинг колдонгон эмесмин. Мельдонийди жүрөккө күч келтирбөө үчүн колдонуп келгем. Бул каражатты менден башка деле спортчулар 10 жылдан бери колдонуп жүрүшөт, ал эч кандай допинг эмес.

«ДҮЙНӨЛҮК БИРИККЕН КҮРӨШ УЮМУ МААЛЫМАТТЫ ТАСТЫКТАДЫ»
Ал эми Улуттук Олимпиада комитетинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси САГЫН АЙЫЛЧИЕВге байланышканыбызда, ал буларды билдирди:
– Жакында балбан Жанарбек Кенжеевдин канынан допинг чыкты деген сөз болгон. Бирок Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттиги (WADA) балбаныбызга Олимпиада оюндарына катышууга уруксат берген болчу. Ал эми Дүйнөлүк бириккен күрөш уюму канынан мельдоний чыкты деп жолдомону индиялык балбанга ыйгарганын расмий түрдө тастыкташты. Ошондой эле башка балбаныбыз Айаал Лазаревге Олимпиадага жолдомо ыйгарыла тургандыгын билдиришти. Буга чейин допинг тууралуу спортчуларыбызда маселе жаралган эмес, бул алгачкысы.

«КЕНЖЕЕВ БАРБАЙ КАЛСА, ЛАЗАРЕВ БАРАТ»
Жанарбек Кенжеев жолдомодон кол жууганы менен, 125 килограмм салмакта күрөшкөн кыргызстандык дагы бир балбан Айаал Лазарев жолдомого ээ болду. Себеби 125 килограмм салмактагы беларустук жана украиналык балбандар «допинг колдонгон» деп жолдомодон ажырагандыктан, алардын ордуна барчу 2 балбандын бири биздин мекендешибиз болмокчу.
Лазарев Казакстанда өткөн мелдеште 3-орунду алып, жолдомого бир кадам жетпей калган болчу. Муну менен Бразилияда өтө турган Олимпиадага алынган жолдомолордун саны азырынча 12 бойдон калууда.
Жолдомо ээлери төмөнкүлөр: Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова, Виктория Полюдина (жеңил атлетика), Арсен Эралиев, Мурат Рамонов, Руслан Царев (грек-рим күрөшү), Магомед Мусаев, Айаал Лазарев (эркин күрөш), Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү), Эркин Адылбек уулу (бокс) жана оор атлетика боюнча улуттук курамдан бир спортчу.

Асхат Субанбеков
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
erlist
2016-06-04 01:13:22
каныбек жолчубеков 59кг крупняков 125кг ушулар да татыктуу олимпиадага контрольный схватка кылыш керек
0
№ 706, 13-май-19-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан