Куудул, сатирик Рахман Разыковдун сахнада жүргөнүнө жакында 40 жыл болот. Өзү айткандай, анча-мынча актёр, анча-мынча акын, көп кырдуу таланттуу агабыз "60 жашка чыгып калп айтсам болбой калат, ошондуктан силерге чын маек берем",- дейт. Куудул агабыз чын маек бердиби же калппы, аны өзүңүз баамдаңыз, окурман.
– Саламатсызбы, Рахман мырза? Жакында концерт берем деп түйшүк тартып жүргөн кезиңиз экен?
- Саламатчылык! Ооба, 60тын ашын жеп сахнада жүргөнүмө 40 жыл болуп калыптыр. Бул жылдарда ким элем, кандай болуп өзгөрдүм эл билсе керек, ошого отчёттук концерт берип чыгармачылык кечемди элге тартууласамбы деп жатам. Концерттик программада поэзиялык бөлүк болуп, анда ырларымды окуйм, обондуу ырларымды аткаруучулар ырдашат. Жанагы депутат Мискенбаев ызы-чуу кылган "Күйгөн кошок" деген дастаныма да орун берилет. Силердин гезит аркылуу аны да концертиме чакырам. Маалыматты туура эмес жеткиргендердин сөзүн чын көрүп айтып алгандар болот да. Ошондуктан Мээрбек келип, мен элди түндүк-түштүккө бөлүп жатамбы же ынтымакка үндөп жатамбы, көрүп, баасын берип кетсин дегеним. Сүйлөйм десе сөз да берем. Бири-бирибизди туура эмес түшүнүп жүрсөк, балким, түшүнүшүп калабыз деген ойдомун.
– Мээрбек Мискенбаев менен куудулдардын кайым айтышы сиздерге жарнама болуп берди окшойт. Ошол окуядан кийин концерттериңиздер аншлаг менен өтүп жатканын уктук. Жеке сизге пайдасы тийдиби?
Пайдасын көрсө Абдылда (ред. Иманкулов) көргөндүр, меники мурункудай эле. Ырды жазганын жаздым го, бирок дебаттар болуп жатканда мен Орусияда болуп катыша албай калдым. Эл деген эл да, адатта оңой эмес акча төлөп жарнамабызды берип жүргөн телеканалдар бекер эле күндө бизди көрсөтүп жатышса кызыкты да.
– Көпчүлүк куудулдар саясат тууралуу сатираларды аткарышат. Элди саясаты жок деле күлдүрсө болбойбу?
- Сатира – бул коомдун ооруп жаткан жерин көрсөтүп турчу курал. Бүгүнкү күндө биздин оорукчан жерибиз саясат болуп жатат. Ошон үчүн сындардын көбү ошол тарапка айтылууда. Мисалы, унаасын түз эле айдап бараткан шоопурду 4 жүргүнчү отуруп алып "сен кыйшык айдап баратасың" деп түрткүлөй бербейт да, туурабы? Арасынан бирөө айтса, берки үчөө "түз эле айдап баратат" дейт да. Ошондой эле мен да эгер бизде саясатта маселе жок, элибиз жыргап жашап жатса деле бийликке сын айта берсем, "Рахман, келесоо болдуңбу, койчу айланайын" демек. Көрүүчүлөр концерттерибизге эмнеге көп келет? Анткени ошол сынды укканга муктаж. Кээ бир бийликтеги адамдар Рахманды атайын лидерлер, партиялар чоң акча берип каржылашат, көрүүчүлөрдү акча төлөп алып келет деп ойлошот экен. Бул карандай калп, адам ишене турган нерсени айтыш керек. Жакында эле "Ант берем" деген ыр жаздым, уруксат берсең окуп берейин:
«АНТ БЕРЕМ»
Мен ант берем, саясатты сүйлөбөйм,
Андан көрө уурулукту үйрөнөм.
Кылмышкерлер бийлик жакта отурса,
Кылмыш кылбай үйдө отурам эмне мен?
"Келесоолор гана Ак үйдө уурдабайт" деп,
Кезегинде өкмөт башчы сүйлөгөн.
Президентке тийишпейм,
Ата болуп эл башкарган бийиктен.
Иштебеген мыйзамдарга кол коюп,
Ишенгин деп байкуш элди жибиткен.
Мен ант бердим, бирок аны аткарбайм.
Көр пендемин, түшкөн жокмун асмандан,
Жерди саткан, элден качкан, элди аткан
Антты бузуу ажолордон башталган.
Ата-Бейит күбө болуп бирге уккан
Аткарылбай анттар турат какшанган,
Ошондуктан мен да антымды аткарбайм!
– Мындай ырлардан кийин сизге саясий кысымдар болот деп коркпойсузбу?
- Саясий кысым болуп жатат. Март айындагы концертимди Спорт Ордосу менен түзгөн келишимибиз колдо турса да концертке 1 күн калганда токтотуп коюшту. Эми бүгүн (ред. 11-май) эртең менен чалып, "концертиңерди койгонго уруксат бере албайбыз" деп жатышат. Биз концерттик программабызды маданият министринин орун басары менен бекиткен элек, эми "маданият министринин өзү менен программаңарды бекитип келгиле" деп жатышат. Биз цензурасы жок мамлекетпиз, туурабы? Мен "эч кандай министрге да, орун басарына да барбайм. Колумда Спорт Ордосу менен түзгөн келишимим бар, элди да Спорт Ордосуна чакырам. Ошол жерден да эшигин жаап алышса соттошуп, адилеттүүлүктү далилдегенге бар күчүмдү жумшайм" дедим.
– Кеп нугун өзүңүзгө бурсак. Элге жагымдуу көрүнүш үчүн эмне кыласыз?
- Өткөндө достор менен мончого барып калдык. Достор "таманыбызды тазалаталы" деп калышты, өмүрү андай кызматты пайдаланып көрбөгөн жаным макул болдум. Бир корей кызы тазалап жаткан, улам-улам башын чайкайт, анан мени карап "таманыңызды тазалай элегиңизге канча жыл болду?" деп жатпайбы. Уялбай эле "60 жыл болду" дедим. Кайра таң калып "канча?" деп сурайт. "Ой, төрөлгөнүмө 60 жыл болсо, ошондо 60 болобу?" дедим. Өмүрү бутумду тазалатып көрбөптүрмүн, бутка буттай эле мамиле кылыш керек да.
– Бат толуп жана бат арыктай аласыз. Тез калыпка келүүңүздүн сыры эмнеде?
- Бул денени башкара билүүдөн. Адам үч нерседен турат, акыл, дене жана жандан. Баарын акыл башкарат. Элде "кара курсактын кулу болуп калыптыр" деп айтылат, андайда акылды курсак башкарып калат. Качан гана акыл денени башкарганда каалагандай толуп, арыктай берсең болот. Мен 132 килограммга чейин толгом, азыр 96-97 болуп калдым. Депутат Мискенбаев кубалагандан бери дагы арыктадым окшойт, таразага түшө элекмин.
– Өткөн күнгө өкүнгөн учуруңуз болду беле?
- Азыр ойлосом, жаш кезде көбүрөөк уктачу экенмин. Азыр убакыт таба албай убарамын. Бир нерсе кылганга жетишейин деп шашам. Түнкү саат 3тө уктасам деле таңкы 6да туруп алам. Ошон үчүн азыр кыла турган жумуштардын көбүн жаш кезде кылып жетишип калсам болмок экен деп калам.
– "Неберелеримди көргөндө картайганымды сезем" деген элеңиз. Сахнада дагы канча жыл кармалууну каалайсыз?
- Меники эми бүттү, ушул жыл акыркысы болуп калат. Атайын сахнадан кеттим деп элге жарыя кылбай эле кетейин деп чечтим. Кетем дегенде такыр эле сахнадан эмес, жеке концерттерге чекит коёюн деп жатам. Ал эми дос-курдаш, окуучуларым юбилей концерттерине чакырышса, албетте, катышып турам. Алдыда чыгармачылыктан алыс өндүрүш тармагында ийгилик жаратсам деген пландарым бар. Өзүм 1,5 жылдан бери Кытайга барып-келип жүрөм, кытайча сүйлөгөндү бир аз үйрөнүп калдым. Япондордо "бир өмүрдү 2 жолу жаша" деген накыл кеп бар, алар чынында эле өмүрүнүн кайсы бир жылына чейин башка кесипте иштеп, андан ары аты-фамилиясын өзгөртүп такыр башка тармакта иштешет экен. Мен да ошентейин деп жатам. Бирок аты-жөнүмдү өзгөртүп, беткап кийип алсам деле эл "койчу, Рахман" деп таанып алат да. Кудайга шүгүр, 3 уул, 3 кызым, так билбейм, 12-13төй неберем бар. Мени колдогон артымда элим турат, ошон үчүн дайыма баймын.
Лунара Бекиева
star@super.kg