Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" тобунун Лондондогу "Britain's Got Talent-2016" сынагындагы бийи, тагыраак айтканда, Баяман Өмүрбек уулунун белин 180 градуска бурганы өзгөчө эмоцияларды жаратып, көрүүчүлөрдү таң калтырды. 20 миң өнөрпоздун арасынан жарым финалга суурулуп чыккан мекендештерибизден сынак тууралуу кыскача маалымат алдык.
– Атай, бүгүн-эртең сынакка аттанып жатыпсыңар. Тандоо турунда калыстарды аябай эле таң калтырдыңар окшойт?
– Ооба, негизи биз 2,5 мүнөттүк бий көрсөткөнбүз. Номердин аягында залдагы көрүүчүлөр, калыстар, баары ордуларынан туруп 10 мүнөттөй кол чабышты. Долбоордун жетекчиси, калыстык кылган Саймон Коуэлл да биринчи жолу мындай бийди көрүп жатканын айтты. Тилекке каршы, телеканалдан көрсөткөндө өздөрүнө ыңгайлаштырып видеонун көп жерлерин кесип, музыкасын да алмаштырып коюшуптур.
– Ошончо мактоолордон кийин сунуштар да болдубу?
– Бизге калыстык кылган Саймон Коуэлл дүйнө жүзүндөгү алдыңкы продюсерлердин бири. Ошол кишинин продюсердик компаниясы иштешүүнү сунуштап, 1 жылга келишим түздүк. Эгер финалга өтсөк, келишим дагы 1 жылга узарат. Ошон үчүн финалга өтүп, орунга илингенге аракет кылышыбыз керек. Баш байгеге 100 миң фунт стерлинг (10 миллион сомдун тегереги) коюлган. Андан сырткары Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин кабыл алуусунда болуп бийлеп, аны менен маектешүүгө мүмкүнчүлүк берилмекчи.
– Интернеттеги баракчаңа айрымдарга нааразычылыгыңды да жаздың. Ага эмне себеп болду?
– Чындыгында, мен мындайга көңүл бурбайм. Бизге элдин негативдүү комментарийлери жардам бербейт, тескерисинче, өзүбүзгө болгон ишенимди азайтат. Ошондуктан элден колдоо гана күтөбүз