ТАЛАК

Ыйман жана салт

Аруу тилектер менен баш кошушкан жубайлар арасында түркүн маселелерден улам ажырашып кеткендер көп. Айрым мырзалар алыста иштеп жүрүп, ал жактан башка менен жашап алгандарын угуп, көрүп жүрөбүз. Алар Кыргызстанда калган аялына "талак бердим” деп СМС жазгандарын угуп, ажырашуу ушундай оңой болуп калдыбы деген ой келет. Дегеле талак деген эмнени билдирет да, канткенде талак берилет?

Тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Октябрь Капалбаев талак тууралуу мындай дейт:
– Илгери биздин ата-бабаларыбыз талак дегенди билишкен эмес. Бул түшүнүк биздин элибизге ислам дининин кириши менен белгилүү боло баштаган. 19-кылымда Кокон хандыгы күч алган кезде дааватчылар көбөйгөн. Ошондон тарта үй-бүлөдө ырк кетсе эркек аялына талак берип, сый ажырашуу көрүнүшү кыргыз элинин турмушуна кирген.
Негизи, кыргыздар ислам динин кабыл ала элек кезде аялдын кетип калышы чоң уят деп сезишкен. Эгер күйөөсү өлүп кала турган болсо, аны төркүнүнө кетирбей кайнисине деле башын байлап койгон. Кээде аттуу-баштуу чыгаандар кетем деген аялын талак деп отурбай “сени кетирип уят болгуча кунуңду төлөп жатайын” деп өлтүрүп салганга чейин барышкан.
Кыскасы, кыргыздарда ажырашам деген сөз кийин эле пайда болду. Азыр заман агымынан улам дейбизби, айтор, күйөөсү бир-эки жолу кол көтөрсө эле басып кетип жатышпайбы. А илгери кыргыз аялдары айтышмак тургай күйөөсүнө өйдө карап сүйлөгөн эмес.
Эгер аялы күйөөсүнүн көзүнө чөп салса анда эркек башкача мамиле жасай турган. Ойношту байбичелер эмес, жаштыгына маашыркаппы, айтор, токолдор күтө турган. Эгер бул кылыгы күйөөсүнө билинип калса, чачын кырктырып, бетин тилип мазактап, эшекке тескери мингизип кетирип жиберген. Кыргыздарда аял чачын кырдырмак түгүл жайып жүрбөшү керек. Чачын жаюу жаманчылыктын белгиси эмеспи. Илгери жолдошу каза болгон аял гана чачын жайып, аза күткөн.
“Талак” араб сөзү. Кыргызчага которгондо бошотуу дегенди түшүндүрөт. Мисалы, уйду жибинен бошотуу деген маанини билдирет. Бирок исламда талак кыйылган никени шарияттын жол-жобосу менен ажыратуу дегендик. Талак тууралуу шариятта мындай деп айтылат.
Талак аял-күйөө ортосунда ынтымак кетип, ажыраша турган болгон күндө гана эркек тарабынан айтылат. Аял киши талак деп бир күндө бир эмес, миң жолу айтса да кабыл алынбайт. Анткени аялзаты бул – эне. Келечек муундарды тарбиялайт. Ошондуктан алардын жүрөгүндө дайыма жылуулук, назиктик байырлап, үй-бүлө очогун сактап калууга умтулуулары керек. Андыктан аялдарга талак айтуу буйрулбаган.
Талак ачык жана кыйытма деп экиге бөлүнөт. Ачык талак “мен сага талак бердим” деп учур чакта айтылат. Эгер “мен сага талак берем” деп келер чакта айтылса анда бул талак эмес, убада болуп калат. Мындай учурда талак кабыл алынбайт. Ал эми кыйытма талак ортодогу жаңжалдан улам эркек аялына “кет, мен сени менен жашагым келбейт” десе да талак айтылган болот. Бир же эки талак айтылгандан кийин эгер көңүлдөрү табышып кетсе мурункудай эле жашоого болот. Ал учурда эркек “мен сени кайтарып алдым” деши керек. Ачыкпы, жабыкпы үч талак берилгенден кийин экөө жашаганга уруксат берилбейт. Кайрадан жашайбыз дей турган болушса анда аял башка бирөөгө турмушка чыгып, андан ажырашып келиши керек. Анткени эркек ушул нерсени өзү тилеп алды. Талак сөзүн оңой эле оозунан чыгарып, аялынын башка бирөө менен жашашына түрткү берди. Бул учурда экөөнө нике кайрадан кыйылат. Талак айтылып, үй-бүлө ажырашуу чечимин кабыл алгандан кийин экөө тең идда (эсеп жүргүзүү) кылууга милдеттүү. Бул аялдын үч ирет айызы келгенче чогуу жашоо дегенди түшүндүрөт. Биринчи айызды күтүүнүн себеби аялдын боюнда барбы, жокпу текшерүү. Экинчи айыз келгенче жашоо никенин урматы үчүн. Үчүнчү айыз келгенче бирге жашоо эркиндиктин урматы үчүн деп айтылат. Идда бүткөн соң сый мамиледе ажырашуу кажет.

Кат аркылуу берилген талак туурасында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын Фатва бөлүм башчысы Чубак Жалилов буларга токтолот:
– Заманга жараша акча атбуу максатында мекендештерибиз эркек-аялына карабай чет жерге иштеп кетишүүдө. Кээ бирлери чет жерде жүрүп бирөөнү жактырып калабы же башка себеби барбы, айтор, башкага үйлөнүшүүдө. Анан бул жерде калган аялына “талак бердим” деп СМС жиберип жатышат. Бул кат аркылуу жазылган талак болуп эсептелет. Аялы күйөөсүнө телефон чалып “СМСти өзүң жаздың беле?” деп такташы керек. Эгер чын эле өзү жазган болсо анда талак түштү деп эсептелет. Бирок ортодо балдар болсо аларды ойлоп жеңил чечим чыгарууга шашылбоо керек.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
mikasa
2010-02-24 18:23:41
замандын онукконун кара, шумдугун кур!!! дагы телефон чалып озун жаздын беле дебесе отпоойт экен
0
diash
2010-04-28 17:24:22
Talak degen ech kachan Kuranda bolgon emes. Ayal zaty da anda talak kylganga 100% akysy bar. Ilgeri ilgeri debei bugunku kun menen jashashpaiiby. Takyr koshulbaim, jana bunun baary KALP.
Musulman bolgondon kiin Kurandy toluk okup anan jazyshpaiby. Biz 21 kylymda jashaibyz. Osho talakty jazagan erkekter erkek emes!!!
-1
№ 381, 19-25-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан