"Министрдин кызынын махабаты" тасмасында Мадинанын ролун ойногон актриса Асел Чоткараева 10-май күнү кыздуу болуп, маңдайы жарыла сүйүнүп турган кези. Сүйүнүчтүү кабарды актрисанын кайненеси, белгилүү актриса Жамал Сейдакматова билдирди.
"Келиним бизге ай чырайлуу кыз төрөп берип, баарыбызды кубанычка бөлөдү. Тун уулу 6 жашта, бул кызы көптөн күткөн наристеси болду. Учурда Аселди төрөтканадан чыгарып жатабыз. Неберемдин салмагы 3 килограмм 900 грамм, ысымын атасы Сезим деп койду",- дейт ал кубана. Наристенин өмүрү узун, ден соолугу чың болсун!