КЫРГЫЗСТАН ТУРИСТТЕР ҮЧҮН ЭҢ КЫЗЫКТУУ БАГЫТ

Кыргызстан чет элдиктердин кызыгуусун арттырууда. Акыркы жылдарда дүйнөлүк басылмалардын биздин өлкө тууралуу байма-бай сөз кылып жаткандыгы буга далил. Революциялары, бийлик алмашуулары, качкын президенттери менен дүйнөгө таанымал болуп кеткен Кыргызстан бүгүн өзүнүн ажайып табияты, меймандос эли менен туристтерди чакырып жатканы, албетте, сонун жышаан.

САНДАР СҮЙЛӨЙТ
Эске салсак, 2012-жылдан тарта Кыргызстанга 60тан ашуун өлкөнүн жарандары визасыз кирип-чыга ала турган болушкан. Дал ушул аракет акыркы жылдарда Кыргызстанга туристтердин агылышына себепкер болду десек аша чапкан болбойбуз. Анткени Кыргызстанга келген чет элдиктердин саны жыл санап көбөйө баштаган. Акыркы 2 жылды алсак, 2014-жылы 4 миллион 65 миң турист келген болсо, 2015-жылы алардын саны 4,5 миллионго жеткен. Коңшу казакстандыктар Кыргызстанга каттаган туристтердин 71 пайызын түзөт, экинчи орунда орусиялыктар, алар 13 пайызды түзөт.
Акыркы убакта алыскы өлкөлөрдөн келген туристтердин арбын болуп жатканы да кубантарлык көрүнүш. Мисалы, 2015-жылы Кыргызстанга келген малайзиялык жарандардын саны 2014-жылга салыштырмалуу 6 эсеге көбөйгөн. Эки өлкөнүн ортосундагы акыркы жыл ичиндеги карым-катнаштын бекемделиши Кыргызстанга карата кызыгууну арттырып, сапарларга да жакшы таасирин тийгизип жатат. Жагымдуу жаңылык катары кошо кетели, өткөн жылы Кыргызстанга келип кеткен малайзиялык журналисттердин катарындагы «The Star» гезитинин кабарчысы Ох Чин Энгдин биздин мекенибиз тууралуу жазган макаласы эсиңизде чыгар. Ал анда Кыргызстанды «Борбор Азиядагы Швейцария» деп атаган эле. Анын Кыргызстан тууралуу макаласы Малайзиянын «Пенанг пресса клубу» өткөргөн журналисттик сынакта 1-орунду алды. Кубанычтуу кабары менен бөлүшкөн журналист «эми кышкы Кыргызстанды да көргүм келип жүрөт» дейт.

КЫРГЫЗСТАН ЖЕР КЕЗҮҮ ҮЧҮН 7НИН БИРИ
Ушул жыл башында эл аралык «Financial Times» гезити өз окурмандарына саякаттап келүүгө негизги 7 өлкөнү сунуштап, алардын катарына Кыргызстанды да киргизген. “Кыргызстандын жетишкендиги табигый, кол тийбеген ландшафты болуп саналат. Тянь-Шань тоолорунда жөө басып, талааларда ат менен же Жибек Жолунун байыркы жолдору менен велосипедчен сейилдеп жана жаратылыш коюнунда, боз үйдө эс алууга болот”,- деп маалымдайт басылма.
2015-жылдын аяк ченинде Британиянын «The Guardian» гезити да Кыргызстанды “альпинизм үчүн мыкты багыт” деп атаган. Басылманын биздин өлкө тууралуу макаласы “Путиндин чокусу жана советтик стиль: Кыргызстан бийиктерге чыгуунун жаңы чекити” деп аталган. Анда батыштык альпинисттерге Непал, Альпы багыттары улам кымбаттап жатканы, мунун айынан спортчулар «New York Times» гезити «Кырзбекистан» деп туура эмес атап алгандан кийин атактуу боло түшкөн өлкөгө көбүрөөк бара башташканы айтылат.

ТУРИСТТЕРДИН САНЫ ДҮРКҮРӨП ӨСӨТ
Дагы бир британдык «Daily Telegraph» гезити жакын арада туристтер агылып бара турган 10 өлкөнүн рейтингинде биринчи орунду Кыргызстанга берди. Гезит бул рейтингге кирген 10 өлкөдө жакынкы жылдары чет элдик коноктордун көп келишинен ИДПнын деңгээли жогорулайт деген жоромол да берди. Басылмада: “Кыргызстанда жайкысын тоону көздөй көтөрүлгөн көчмөндөрдүн үй-бүлөлөрүн көрүүгө болот. Ысык-Көл көлүнүн жээгинде жылдыздардын учканын да көрө аласыздар”,- деп жазылат.

ЧЕТ ЭЛДИКТЕРДИ КЫЗЫКТЫРГАН «ОШ БАЗАР»
Дүйнөдөгү саякаттар тууралуу эң популярдуу журнал болгон «National Geographic» ушул жылдын апрель айында эле Кыргызстанды “азыр эле көрүп келүүгө арзыйт” деген өлкөлөрдүн катарына киргизген болчу.
«Балбалдар — Токмок шаарына жакын жайгашкан адам жүздөрү чегилген таш эстеликтер, Бишкектеги кийизден жасалган улуттук чапан, калпактардан баштап, каалаган нерсеңди таба ала турган «Ош базары», бүркүт менен аңчылык – бул азиаттык колоритти жактыргандар үчүн Кыргызстанды эң негизги багыт кылуучу бир нече гана себептер»,- деп жазат басылма.
Баса, 6-10-май күндөрү «National Geographic» журналы Кыргызстанга фототур уюштурду. Адегенде журналдын интернет сайтында: “Гүлдөп турган кызгалдактарга суктануу, сыйкырдуу сезилген Ысык-Көлгө баруу, Түндүк Тянь-Шандын панорамасына көз салуу, Жети-Өгүз аскаларынын кооздугу – бул биздин фототурга катышчулар көрө тургандын бир гана бөлүгү”,- деп жазган. Аталган журнал буга чейин да Ош менен Тажикстандагы Хорог аймагын байланыштырган унаа жолду дүйнөдөгү эң кооз жолдордун тизмесинде 2-орунга койгон.
Жогоруда биз санап өткөн маалыматтар дүйнөдөгү эң беделдүү делген медиа каражаттарынын Кыргызстан тууралуу айткан-дегендеринин көзгө илингендери гана. Чет элдик маалымат булактарында белгиленгендей, визасыз режим жана тынч өткөн парламенттик шайлоо, туруктуу абал өлкөбүзгө саякатчыларды тартчу негизги факторлордон болууда.


Былтыркы жылы Кыргызстанга келген малайзиялык «The Star» медиа-мекемесинин фотокабарчысы Онг Сун Хиндин сүрөтү.


Ош–Хорог жолу. Сүрөт орусиялык блогер Дмитрий Чистопрудовдуку. "Кооз пейзаж, идеалдуу асфальт. Бул Европа да, АКШ да эмес, бул – Кыргызстан",- деп жазат ал.

Сүрөт орусиялык фотограф Даниил Коржоновдуку. “Кыргызстан атайын көчмөндөр үчүн жасалгандай сезилет”,- дейт ал Кыргызстан тууралуу блогунда.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Kanzada97
2016-05-17 08:48:24
Ма шаа Аллах!
+3
balzak
2016-07-04 13:08:13
кандай жакшы, кандай жаакшы,ушул керемет)))
0
№ 706, 13-май-19-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан