Үй ичинде уялайт,
Бирин-бири кубалайт.
Чыйылдашып ар дайым
Бирин-бири табалайт.
Канаты бар – учпайт,
Куйругу бар – конбойт,
Көзү бар, кашы жок,
Башы бар, моюну жок.
Буттарында жарагы,
Бийик жерде жатагы.
Көзүнө топу кийбесе,
Көбөйөт экен чатагы.
Көргүлөчү куйругун,
Куйругунан мурду узун,
Атын таап, андан соң
Тапкылачы тумшугун.