САХАРА – Закымдарга бай чөл

Сахара чөлү... Негизи эле чөл дегенди укканда алгач көзгө кербен, анан какыраган кум, аны учурган шамал тартылары чындык. Чөл ичине кандай сырларды катышы мүмкүн? Маалыматтар ушул тууралуу.

САХАРА КАЧАН ЧӨЛГӨ АЙЛАНГАН?
Болжолго караганда, мындан 10-12 миң жыл мурда адамдар Түндүк Африкада алгач пайда болгон учурда Сахара чөл эмес, саванна (талаа) болгон. Кийин (5-7 миң жыл мурун) Сахарада кургакчылык башталып, ысык күчөгөн. Жаныбарлардан ысыкка чыдамдуулары гана калып, калгандары жер оодарып кетишкен. Адамдар да көчүп кетишип, суусу бар жерлерди байырлаган аз гана адамдар топтору калган. Алар мал багып, улам бир жерге көчүп отурушкан. Ал элден азыр туарегдер менен берберлер белгилүү.

КУМДУУ ДЕҢИЗ
“Сахара” арабдардын сөзү, бизче которгондо чөл дегенди билдирет.
Сахара – Түндүк Африкадан орун алган планетабыздагы эң чоң чөл. Жалпы аянты 8,6 миллион чарчы чакырым. Сахара 11 өлкөнүн (Алжир, Египет, Батыш Сахара, Ливия, Мали, Марокко, Нигер, Судан, Тунис, Чад) айрым аянтын өз кучагына камтыйт. Чөлдүн оазистүү аймактарын гана эл турактап, көз кайкыткан калган бөлүктөрү ээн жатат. Африкадагы кээ бир элдер Сахараны кумдуу деңиз деп да аташат. Чөлдүн аймагынан мунайзат, газ, темир, жез, алтын, вольфрам, уран жана башкалар өндүрүлөт.

СУУГУ МЕНЕН ТОҢДУРГАН ЧӨЛ
Жайында ысыктын жеткен чеги +57 градусту түзсө, кышкысын чөлдүн тоолуу аймактарында суук -18 градусту түзөт. Андыктан Сахаранын ысыгына караганда суугуна тоңуп өлгөндөр көп. Жылдык жаан-чачындардын өлчөмү 76 миллиметрди түзөт. Чөлдүн ички аймактарында бир нече жылдап тамчы тамбаган жерлер кездешет.

АНТИЛОПАЛАР БАЙЫРЛАП, КУРМА ДАРАГЫ ӨСКӨН ЖЕР
Тоолуу жерлеринде зайтун дарагы, кипарис, акация, тамариск, олеандр сыяктуу дарак, бадалдар өсөт. Ал эми оазистерде курма дарагы (финик пальмасы), анжир, түрдүү жашылча-жемиштер, буудай, таруу жана башкалар өстүрүлөт. Жаныбарлардан антилопа түрлөрү, аддакс, орикс жана темгилдүү чөө, кош аяк, узун кулактуу түлкү (фенек) жана башкалар кездешет. Кескелдирик, бөйөн, таш бака, хамелеон, кобра, гадюкалар чөл ээлери катары өздөрүн эркин сезишет.

ЫРАЙЫМСЫЗ БОРООНДОР
Сахарада бороондор көп болот. Башталган кумдуу бороон заматта асман-жерди өз кучагына алып, айлана-тегеректи чаңдуу-кумдуу туман каптап калат. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 50 метрге дейре жетет. Мындай учурда шамал төөнүн оор комдорун 200 метрге дейре учуруп, ал эми чоңдугу тооктун жумуртасындай келген таштарды нокот сымал тоголотуп, учуруп алып жүрөт. Адамдар тургай жаныбарлар да жолдон адашып, бороондун айынан кум, чаңга көмүлүп каза тапкандар кездешет. Мындай бороондор кээде аптага дейре созулуп, көп курмандыктарын алып кетет.
Сирокко деп аталган ысык шамал көбүнчө жайында согот. Катуу соккон сирокко өз жолундагы оазистеги түшүмдү бир нече саатта талкалап, жок кылып сала алат. Бул шамал 50 күн катары менен соккондуктан элде “хамсим” (50 күн) деп да аталат.

АКАКУСА – САХАРАНЫН САЙМАЛУУ ТАШЫ
Сахаранын Алжир Республикасына жакын жайгашкан аймагында Акакус деген тоолуу аймак бар. Бул жерди Сахаранын саймалуу ташы десек жарашат. Анткени аска беттеринде түркүн сүрөттөр тартылган. Кээ бир пикирлерге таянсак, бул аймакта илгери цивилизациясы өнүккөн адамдар жашашкан.

ТУАРЕГДЕР, БЕРБЕРЛЕР – ЧӨЛ КОЖОЮНДАРЫ
Сахарада жашаган нагыз аборигендер (жергиликтүү калк) берберлер жана туарегдер. Булар мал чарбачылыгы менен алектенишет. Туарегдер жылкыдан тышкары дүйнөдөгү күлүк төө түрүн – желмаяндарды багышат. Андыктан төө жарышка салуу үчүн желмаяндарды сатып алуу максатында атайын ал жакка баргандар көп. Туарегдер көк түстөгү кийимдерди көп кийишет. Кызыгы, 18 жаштан баштап эркектери беттерин чүмкөп, атайын мата менен жаап жүрүшөт. Болжолго караганда алар беттерин шамалдан коргонуу максатында жаап алышат. Үй-бүлөнү аялдар башкарышат. Андыктан балага атасы эмес, таякеси жакын делинет. Туз сатып соода да кылышат.

КУРМА ДАРАГЫН КАНТИП ӨСТҮРҮШӨТ?
Курма жемиши менен төөнүн сүтү жергиликтүү элдин негизги азыгы. Оазисте бул жемишти отургузуунун өзүнчө сыры бар. Алгач терең воронка сымал чоң чуңкурларды казышып, анан 50, кээде 100 чакты курманы отургузушат. Алардын тамыры жайылып, жер астында 5-6 метр тереңдикте агып жаткан суулар менен азыктанып, чоңоё башташат. Ошентип, курмалар сугарууну талап кылышпайт. Бирок кумдар учуп чуңкурга толо бергендиктен, адамдар аларды улам тазалап турууга аргасыз.

КЕРБЕНДЕР
Орто кылымдарда Атлантика мухитинин жээгинен башталып Түндүк Африкага дейре жетчү кербен жолу Сахара аркылуу өтчү. Кербендер аркылуу ташылган тери, алтын, төө куш канаттары, курма Европага дейре жетип турган. Бир кербенде 1000, алтургай 5000 төө да болгон учурлар кездешкен.
Кербен жолун бойлой кудуктар казылып, адамдар бир кудуктан экинчи кудукка жеткенге чейин сууларын үнөмдөшкөн.

ЗАКЫМСЫЗ ЧӨЛ БОЛБОЙТ
Чөлдөгү закым – алыстагы нерселердин абадагы чагылышы. Башкача айтканда, жалган көрүнүш. Закымдын айынан жолдон адашып, нечендеген кербенчилер көз жумган. Учурда деле закымдын курмандыктары жок эмес. Сахара чөлүндө 1 жыл ичинде 160 миңге чейин закым катталат. Алардын кээси, мисалы, оазис же кудук дайыма бир жерден гана көрүнсө, кээ бирлери улам бир жерлерден жолугат. Андыктан Сахаранын картасында кайсы жерде кандай закымдар жолуга тургандыгы да белгиленип коюлат. Саякатчылар алдындагы көрүнүш закым экендигин ажыратыш үчүн от жагышат. Анткени шамал болуп турган учурда түтүн закымды таратып жиберет.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 381, 19-25-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан