Кыргызстан – жаш таланттарга бай өлкө. Бири спорт жаатында чет жактарда желегибизди желбиретсе, бири ыр, бийи менен таң калтырып келет. Мындай таланттардын башын бириктирген дагы бир сынак жөнүндө айткыбыз келип турат. Өлкөбүздө көп жылдан бери кичинекей балдар-кыздар арасында “Кыргызстандын мини мисси”, “Кыргызстандын мини мистери” сынагы өткөрүлүп келет. Анда жаш таланттар белгилүү жылдыздарды туурап, авангард кийим менен чыгып жана ар бири өз таланттарын тартуулашат. Кыргызстандын кичинекей мисс, мистерлери ким болот, аны 29-майда Улуттук филармониядан көрө алабыз.
Гүлжамал Бөрүкулова
balakai@super.kg