КЛИПКЕ КӨРК КОШКОН СУЛУУЛАР

“Клиптеги ушул каарман тууралуу жазгылачы, улутун билип бергилечи, аябай татынакай кыз экен”. Мындай кайрылуу, сунуштар көп болот. Окурмандардын пикирлерин эске алып, эң көп кызыгуу жараткан үч сулууга токтолдук.

Адель Кадиева: “КЛИПКЕ ДАЯРДЫКСЫЗ ЭЛЕ ТАРТЫЛДЫМ”

Туулган жылы, күнү – 1996-жыл, 16-октябрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – КОСУнун табигый-техникалык факультети
Тартылган клиби –
Омар, Бегиш, Баястан “Карындаш”

– Адель, клипке тартылып калганыңдын өзү да кызык экен. Ошол тууралуу айтып берсең.
– Ооба, мен буга чейин клипмейкер Мирлан Саткымбаев менен иштешип калгам. Бир күнү университетте отурсам чалып калды. Жөнөкөй эле фотосессия болсо керек деп сабактан кийин жүдөгөн боюнча эле бардым. Эч даярдыгым жок, жадакалса оозумду да тень менен боёп, клипти эптеп тартканбыз. Бирок жыйынтык өзүмө аябай жакты.

– Окуудан сырткары жарнамалык роликтерге да тартылып жүрөт экенсиң...
– 1-курсумда бир журналга сүрөткө түшүп берген элем. Ошол фотосессияларды Инстаграмга жүктөп койчумун. Сүрөтүмдү жактырган колдонуучулар көбөйгөн сайын ар кандай сунуштар да түшө баштады.

– Клиптен кийин өз дарегиңе кандай кептерди уктуң?
– Чынын айтайынбы, көпчүлүк татынакай кыз экенсиң дешти (күлүп). Аябай жагымдуу болду. Дүкөнгө барсам да, сабакка барсам да “сени клиптен көрбөдүмбү” деп укмуш кеп кылып жатышты. Бир жолу акча алмаштырганы барсам ал жакта да “Карындаш” клибиндеги кызсыңбы?” деп сурайт. Мага клипке тартылган аябай жакты, жакшы сунуштар болсо өзүмдү сынап көргөнгө эмнеге болбосун?



Айпери Жаманкеева: “АШЫКЧА БОЁНУП АЛГАНСЫҢ ДЕП СЫНДАШТЫ”

Туулган жылы, күнү – 1995-жыл, 12-апрель
Туулган жери – Бишкек
Билими – Бишкектеги Москва жеке университетинин юриспруденция факультети
Тартылган клиптери – Гүлжигит Калыков “Жүрөк тагы”, Нурмат Садыров “Торгоюм”, “Добулбас” тобу “Ак тилек”

– Айпери, Нурмат Садыровдун “Торгоюм” клибинен кийин сага көп сунуштар түшүп жатыптыр...
– Ооба, жакында “Добулбас” тобунун жаңы клибине тартылып бүттүм. Андан тышкары киного да сунуш түшүп жатат. Мындан 2 жыл мурун “Кыргызфильмден” чалып, “киного тартылып бер” деп чакырышкан эле. Ал кезде кыргыз тилинде акцент менен сүйлөчүмүн. “Эне тилде акценти жок сүйлөгөнгө аракет кыл, бизге керексиң” деп айтышкан. Ошол жактан жакында кайра чалып, сунушу бар экенин айтышты. Бирок келечекте киного тартылып калсам да актрисалыкты кесип катары көрбөйм.

– Клипте созолонгон кыздын образын жараттың. Жашоодо кандай адамсың?
– Уялчаактык жайым бар. Анан да айланамдагы адамдарга жараша мамиле кылам. Эгер жакшы адамдар болсо бат эле тил табышып, сүйлөшүп кетем. Жөнөкөймүн, пафосту жактырбайм.

– Клиптин жыйынтыгы өзүңө жактыбы?
– Көп кыздар ашыкча боёнуп алганымды жазышты, көзүмдү, оозумду жасалма деп чыгышты. Менимче, Кудай берген дене мүчөгө пластикалык операция жасатуу чоң күнөө. Башында аларга актанып жазып жүрдүм, кийин көңүл бөлбөй деле калдым. Эл сындагандай клипте укмуш деле боёнгон эмесмин. Камерадан ошондой көрүнүп калат экен. Бирок жашоодо боёксуз эле жүрөм. Баса, жакында чыкчу клипте да “скромная” кыздын образын жараттым. Эгер мүмкүнчүлүк болсо позитивдүү клипке тартылгым келет.


Бегимай Ивакова: “ТАМАШОУДО” ДА ОЙНОП ЖҮРГӨМ”

Туулган жылы, күнү – 1996-жыл, 23-ноябрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – КОСУнун гуманитардык факультетинин жарнама жана коомчулук менен байланыш багытында окуйт
Тартылган клиби – Замир Арыкбаев “Суранам”

– Бегимай, көп окурмандар сени кыргыз эмес деп талашып жатышат. Аларга жооп берип койбосоң болбойт окшойт...
– Мен таза кыргызмын. Атам да, апам да Көлдөн болушат.

– Байкашымча, чыгармачыл чөйрөгө көптөн бери аралашып жүрөт экенсиң...
– Ооба, буга чейин “УКГ №5” тобунун капитаны Азимхандын чакыруусу менен “Тамашоудо” ойногом. Клипке сунуштар көп түшөт, мен бул нерсеге олуттуу карап, апам менен кеңешем. Сюжети жакпаса тартылбайм.

– Окуудан тышкары эмне менен алектенесиң?
– Ата-энемди көндүрүп, 10-класстан бери өзүмдүн баскан-турганыма акча табайын деп кафеде официант болуп иштейм.

– Кыздардан эмнем өзгөчө деп ойлойсуң?
– Окурмандар талкуу кылгандай эле кыргызга окшобогондугум болсо керек. Кыргызча сүйлөсөм эле баары таң кала беришет.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ырчылардын клибине көрк кошкон сулуулар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (37)
Asizhan
2016-05-17 08:53:27
Все красавицы! Айпери красивее на интервью чем в самом клипе. В клипе не реально неестественные брови.
+1
ss90
2016-05-17 09:06:49
Урматтуу Админ! видеолор ачпайт го...же менин телефонуманбы???
0
ss90
2016-05-17 09:09:03
видеонун баса турган жери жок го....(уч бурчтук,плей)
0
admin_superstan
2016-05-17 10:19:59
ss90, башка браузер менен аракет кылып көрүңүз.
+1
Deniza88
2016-05-17 10:32:01
Адель менен Айпери жакты )))) айрыкча Адель
+1
admin_superstan
2016-05-17 14:41:31
Djansu, кимдир-бирөөнү мазактаган билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
MaRmeLaDka
2016-05-17 15:13:36
Сууупсулуу кыздар экен, ийгилик сулуулар.
0
Omush94
2016-05-17 23:20:20
Рахмат чооон супердин жааматы мен куткон кызды тактап бердинер Бегимай Ивакова суперсин бирок клипте жонокой созулган кыздай корунгон суротто стервадай болуп алыпсын го
+1
kenesh0749
2016-05-18 11:28:00
жакшы кыздар экен Замир Арыкбаевдин клибиндеги кызды суйуп калдым
0
Kamalidinov
2016-05-18 13:23:56
Омардын Булбулум деген клибиндеги кыз жонундо жазсаныздар
+1
Muratmipa
2016-05-18 16:51:20
Торгоюмдагы менин жубайыма аябай окшош экен мен биринчи коргонумдо менин аяалым эмне кылып журот деген болчумун
-2
KENEWBEK88
2016-05-18 22:11:54
Нурлан Насиптин туулган кун ырындагы кыз кийинкисинде аныда кошкула
0
admin_superstan
2016-05-19 13:25:34
KENEWBEK88, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Aikokyl
2016-05-18 23:27:48
Айпери красавица
0
Surena
2016-05-20 13:45:54
Торгоюмдун клибин коруп итиркейим келе берет
0
kubzero
2016-05-20 15:34:49
Жарайсынар Суперчиктер канча информ озубузго ала алабыз мезгилден артка калбай:-)
0
akuna.matata
2016-05-22 17:16:07
aiabai choooon korunushot eken
0
№ 706, 13-май-19-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан