«ЖОЛДОГУ БАЛДАР КОРКУНУЧТА!»

«Жол коопсуздугу» коомдук бирикмеси 2-5-класстын окуучулары, ата-энелер комитетинин мүчөлөрү жана мугалимдер үчүн "Жол кыймылынын коопсуздук эрежелери боюнча балдардын мектептеги билимин жана жүрүм-турумун жакшыртуу" пилоттук долбоорун баштады. 6-апрелден тартып долбоор боюнча 5 пилоттук мектеп: Новопавловка айылындагы №1-лицей, Ак-Өргөө конушундагы №77, Көлмө конушундагы №78, Бакай-Ата конушундагы №85-мектеп жана Лебединовка айылындагы №1-гимназияларында тренингдер өткөрүлдү.

"3 ЖЫЛДА 350 БАЛА КАЗА ТАПКАН"

Бул долбоор тууралуу "Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин директору Чынара Касмамбетова менен маектештик:

– Саламатсызбы? Долбоор тууралуу айтып өтсөңүз?
– Саламатчылык! Жыл сайын республика боюнча балдар катышкан бир жарым миң жол кырсыгы катталат. Балдар күн сайын ар кандай коркунучтарга кабылышат, Кыргызстанда акыркы 3 жылда 350 бала каза таап, 4918 жашы жете элек бала жаракат алган. Алыска барбай эле коёлу, ушул долбоорду иш жүзүнө ашырып жаткан мезгилде да балдар жол кырсыгына кабылган учурду жолуктурдук. Мисалы, биз менен иштешкен компаниянын кызматкеринин уулун машина сүзүп кетип, анын кесепетинен ага бир нече операция жасатууга туура келиптир. Өтө жан кейиткен окуя №21-мектептин короосунда болуп өттү, мас абалындагы айдоочу мектептин аймагына кирип келип, ушул мектептин окуучусун сүзүп кетип, ал каза тапты. Ушул эле күнү Лев Толстой көчөсүндө дагы бир окуучуну машина уруп кетип, натыйжада ал бала да өмүрү менен кош айтышты. Жол-транспорт окуяларын азайтуу – андан жапа чеккен балдардын санын азайтуу дегендик. Бул нерсеге балдардын жана өспүрүмдөрдүн жолдогу коопсуз жүрүм-турумун калыптандыруу аркылуу жетишүүгө да болот.
Биз 5 пилоттук мектепте 510 окуучуну жана жаш инспекторлорду, 112 мугалим жана ата-энени камтыган тренингдерди өткөрдүк. Тренингдер "Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин тренерлери тарабынан биринчи жолу иштелип чыккан теориялык жана практикалык бөлүктөрдөн турган жаңы окуу-методикалык комплекстин (ОМК) негизинде өткөрүлдү.
2-5-класстар үчүн тренинг форматында "Жол кыймылынын коопсуздугу" типтүү окуу программасы иштелип чыкты, анда 2-5-класстардын окуучулары жолдогу жүрүм-турум эрежелери жана коопсуздук боюнча билүүгө тийиш болгон билим жана билгичтиктердин тизмеси, мындан тышкары: "Светофор", "Кесилиш", "Жол белгилери", "Жолдогу жүрүм-турум маданияты" темалары боюнча сабактардын структурасы жана планы кеңири берилет.
Тренинг максималдуу интерактивдүү келип, ролдоштурулган жана автошаарчадагы оюндар, топто иштөөдөн жана ар кандай презентациялардан турат. Практикалык сабактар мобилдүү автошаарчаны колдонуу аркылуу интерактивдүү формада өткөрүлөт.

"МОБИЛДҮҮ АВТОШААРЧАНЫ КОЛДОНУП ОКУТАБЫЗ"

– Мобилдүү автошаарча деген эмне?

– Бул жол чырактар, жол белгилери коюлган жол кесилишин толугу менен көрсөтүүчү макет. Ал мобилдүү, башкача айтканда, аны кайсы аянтка болбосун көчүрүп-жайгаштырууга болот. Бул биринчи жолу биздин жергиликтүү өндүрүп чыгаруучу "Vokko" ЖЧКсы тарабынан жасалган. Автошаарчаны балдарды мектепте окутууда жигердүү пайдаланышат деп үмүттөнөбүз.

– Сиздер астыңыздарга кандай максаттарды койдуңуздар эле жана ага жеттиңерби?
– Биздин максат – көчөдө жана жолдо коопсуз жүрүм-турум боюнча билим, билгичтик жана көндүмдөрдү сиңирүү, жол кыймылынын эрежелерин милдеттүү түрдө аткарууну калыптандыруу, жолдогу ар кандай коркунучтуу кырдаалдарга туш болгон учурда коопсуз жүрүм-турум көндүмдөрүн иштеп чыгуу болчу. Биз максатыбызга жеттик деп ойлойм. Мектеп окуучуларын, ата-энелер комитетинин мүчөлөрүн, жол кыймылынын жаш инспекторлорун, жол кайгуул кызматынын кызматкерлерин биз иштеп чыккан окуу-методикалык комплекс жана биздин долбоор пилоттук мектептерге белекке берген мобилдүү автошаарчаны колдонуу менен андан ары окутууну көздөйт.

– Тренинг мектеп окуучулары үчүн эле өтүлгөн жок да?..
– Ооба, биз мындан тышкары 112 ата-эне жана мугалимдерди камтыдык. 4 сааттык тренинг катышуучулардын абдан кызыгуусун жаратты. Ата-энелер маселенин актуалдуулугун белгилешип, аны өткөрүүнүн форматы, мазмуну жана автошаарчадагы оюндар жакшы кабыл алынды. Өздөрү да биздин тренингден көп нерселерди үйрөнүшкөнүн айтышты. Республиканын башка мектептери да аталган долбоордун идеяларын жайылтууну каалагандыктарын билдиришти.
Учурдан пайдаланып ата-энелерге кайрылып кетмекчибиз. Адатта сиз дайыма өзүңүздүн иштериңиз менен алек болосуз, убарагерчилик көп, дайыма убакыт жетишпейт. Ошентсе да өзүңүздүн иштериңизге, дайыма шашкалактаган абалыңызга карабастан, сиздин жардамыңыз, кеңешиңиз, камкордугуңуз балаңызга керек экендигин эстеңиз. Жолдон кесип өтүү боюнча эрежелерге атайын убакыт бөлүңүз. Балаңыз аларды туура түшүнүп жатабы, бул билимин жолдогу реалдуу кырдаалдарда колдоно алабы текшерип көрүңүз. Бул үчүн балаңыз менен бирге бир тараптуу жана эки тараптуу жолдон кесип өтүүдө жөө жүргөндөр өтүүчү кесилиштен, жөнгө салынуучу жана жөнгө салынбоочу кесилиштерден кантип өтүүгө боло тургандыгын практикалап көргүлө. Балаңыз менен бирге мектепке жана кайра артка келүүчү көндүм багыт боюнча басып өтүңүз. Бир гана жол менен барып-келүү эмне үчүн маанилүү экендиги тууралуу сүйлөшүңүз. Баланын көңүлүн бардык коркунучтарга жана анын жолун тосуп туруучу жашыруун "капкандарга" буруңуз.

Ал коопсуз боло тургандай жолдун багытын ойлонуңуз. Айдоочулар жашы жете элек жөө жүрүүчүлөр жана жүргүнчүлөргө, анын ичинде өздөрүнүн балдарына өзгөчө көңүл бурушу керек. Кыймыл учурунда айдоочулар жол белгилерине жана "жаткан полицияга" карабастан мектепке чейинки мекемелердин жанынан өткөндө ылдамдыкты азайтуусу зарыл.

"БАЛДАРДЫ КАРООСУЗ КАЛТЫРБАГЫЛА!"

– Окуучуларга, ата-энелерге дагы кандай кеңештерди берип жатасыздар?
– Машинаны токтотуу жана от алдыруудан мурда жолдогу коопсуздук үчүн жакын арада балдардын жок экендигине ынанып, анан кыймылга келүү зарыл. Эгер сиздин балаңыз 12ге чыга элек болсо, анда ага машинанын алдыңкы жүргүнчү отура турган орундукка отурууга болбойт.
Балдарды көчөдө кароосуз калтырбагыла, жолдун жээгинде ойногонго уруксат бербегиле. Балдарды кичинесинен тартып жол кыймылынын эрежелерин сактоого үйрөткүлө.
Эгер сиз ата-эне болсоңуз, мектебиңиздин жетекчилигинен өзүңүздүн мектептеги коопсуздук программасын иштеп чыгууну сураңыз. Биз сиздерге жергиликтүү коомчулуктун колдонуусу үчүн окуу планын жана окуу-методикалык колдонмону сунуштайбыз.

Эгер сиз мектептин администрациясынын өкүлү же ата-эне болсоңуз жана өзүңүздүн мектебиңизде ушул сыяктуу курсту иштеп чыгууну үйрөнгүңүз келсе, биздин сайтка кириңиз:
www.db.kg же биздин фейсбуктагы баракчабыз: https://www.facebook.com/Jol-Koopsuzdugu-1427775597456950/?fref=ts (Jol koopsuzdugu) же төмөнкү номерлер менен байланышсаңыз болот: 0779 241668, 0772 520383. Окуу планын жүктөп алгыңыз келсе же өзүңүздүн жеке мобилдүү аянтчаңызды даярдоо үчүн сунушталган материалдарды алгыңыз келсе, жогорудагы даректер боюнча байланышсаңыз болот. Ата-энелер, мугалимдер жана милиция кызматкерлеринин өз ара аракети менен биздин балдардын жолдогу коопсуздугун камсыз кыла алабыз.

Долбоор (GGPAS) USAID'дин натыйжалуу мамлекеттик башкарууну колдоо программасы аркылуу «Жол коопсуздугу» КБ тарабынан ишке ашырылат.
Бул басылма АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн "Жол коопсуздугу" КБсы жооптуу жана ал USAID же АКШ өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.

"Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин максаты: билим, маалымат берүү, жайылтуу аркылуу жолдогу адам өмүрүн сактоо. 2012-жылы 15-майда катталган. Республикадагы жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү биринчи коммерциялык эмес уюм. Уставдын негизинде иш алып барат.

«Жол коопсуздугу» КБ:
Е-mail: jolsafety@gmail.com,
kasmambet@yahoo.com,
Байланыш: долбоордун координаторунун
ассистенти Максутова Нуркамал.
Т.: 0772 520383
E-mail: reclago2@mail.ru
Веб-сайт: www.db.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 706, 13-май-19-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан