УНААНЫ ӨЗҮНӨ КАТТАТКАН АДАМ ЖЕБЕГЕН САМСАГА АКЧА ТӨЛӨЙБҮ?

ИИМ көптөн бери "Коопсуз шаар" долбоору боюнча иштеп келе жатат. Албетте, бул жакшы жыйынтыктарды берет деңизчи, бирок азырынча Бишкекте бир гана видеокөзөмөлдөөчү камера иштейт. ИИМдин билдиришинче, ал камера күнүнө миңдеген жол эрежесин бузган учурларды тартып калып, ээлерине айып пулду төлөөсү тууралуу дүмүрчөктөр жеткирилүүдө.

"ИШЕНИМ КАТ АРКЫЛУУ УНААМДЫ САТКАМ. ЭМИ ЭЭСИН ТАППАЙ ЖҮРӨМ"

Бул мыйзам туура эмес экендигин аты-жөнүн атагысы келбеген каарманыбыз айтат:
– Мен унаамды ишеним кат (доверенность) аркылуу 2 жыл мурун саткам. Бирок унаа менин наамымда каттоодо турат. Жакында үйгө ошол унаа жол эрежесин бузгандыгы тууралуу маалымат жана айып пулдун өлчөмү жазылган кагаз келди. Ал унаанын жол эрежесин бузганы Сокулук районундагы автобазарга жакын жерде жайгашкан видеокөзөмөлгө тартылып калыптыр. Азыр унаамды сатып алган адамды таппай жүрөм. Өкмөт мыйзам кабыл алынгыча элге толук маалымат жеткирсе болмок.

ИШЕНИМ КАТ МЕНЕН УНААСЫН САТКАНДАР АЙЫПКА ӨЗДӨРҮ ЖЫГЫЛЫШЫ МҮМКҮН

Кыргызстанда унаа ээлеринин көпчүлүгү темир тулпарын сатканда кайра каттатпай эле ишеним кат жазып берип коюшат. Эгер көчөдөн унаа жол эрежесин бузуп, көзөмөлдөөчү камера аны тартып алган болсо айыпты ким төлөйт? Бул сурообузга ИИМдин Башкы маалымат борборунун жетекчиси Алмаз Бообеков жооп берди:
– Бул боюнча былтыр өткөрүлгөн тендерде мүчүлүштүктөр болгондуктан, азыр сот иштери жүрүүдө. Соттун чечими чыккандан кийин видеокөзөмөлдөөчү камераларды орното баштайбыз. Алгачкы этапта борбор калаанын эл көп жүргөн 40ка чукул көчөлөрүнүн кесилишине видеокамера орнотсок жетиштүү болот. Андан кийин акырындык менен көбөйтө бермекпиз. Каражат булактары чечилсе, азыр деле Чүй өрөөнүнө орнотуп баштоого даярбыз. Автоунааны ишеним кат аркылуу саткан унаанын ээсине айып салынат. Себеби ал унаанын мыйзамдуу кожоюну. Кийин ал сот аркылуу саткан адамынан айыпка төлөгөн акчасын өндүрүп алса болот.
Окурмандарга айтарым, эгерде унаасын сатса, дароо сатып алган адамга каттатып бериши керек. Бирок бизде унааларды бир топ жылдан бери ишеним кат менен сатып келишкен. Ошону эске алып, биз азыр унаасын сатып, акыркы ээлерин таппай жаткан адамдарга ээлери менен жолуктурууга жардам берип жатабыз. "Элге алдын ала толук маалымат берилген жок" деп нааразы болгондор да бар. Биз колубуздан келишинче ММКлар аркылуу маалымат таратып жатабыз, элге маалымат жеткирүүнү мындан да күчөтөбүз.

"БУЛ МЫЙЗАМ ТУУРА"

Бул мыйзам боюнча "НАСА" юридикалык агенттигинин юристи Чолпон Жумаева менен байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Ишеним кат менен сатылган унаалардын кожоюндары айып төлөгөнү – мыйзамдуу жана туура. Анткени унаа сатып алганда дароо каттатыш керек. Бизде көпчүлүк эл акчаны үнөмдөйбүз деп ишеним кат менен унааны айдап жүрүшөт. Эгер айып пулду өзү төлөйм десе төлөп, төлөбөйм десе сотко кайрылып унаанын акыркы кожоюнунан акчаны өндүрүп алса болот. Негизи, мыйзам кабыл алынарда өкмөт массалык маалымат каражаттары аркылуу элге толук маалымат жеткириши керек эле.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
EdikoKG
2016-05-16 09:22:06
Туура мыйзам.
+1
Wave.
2016-05-16 11:09:56
EdikoKG,

+1
0
vassabi
2016-05-16 09:58:55
ИИМге керек болгондон оз ишинерди аткаргыла. Ойлонбой иш кылып элге оодарып коесунар. Реформа да жакшы жыйынтык бербей жатат.
+2
Muratmipa
2016-05-16 10:53:03
иши кылып элде кыйнайт экенсинерда
+1
Wave.
2016-05-16 11:09:09
Бул туптуура эле мыйзам. Биздин шалтурук, кыргызчылык мамилебиз ушундай нерселерди жаратат. Саткан сон дароо ошол сатып алуучуга каттатуу керек. Эгер ишеним кат менен откоруп берип жатсан, анда айып пулду ошол адамдан ондуруп ал. Эгер сурагандан уялсан озун толоп кой.
0
hann
2016-05-16 11:16:09
Жонокой элди ары бери сандырактатпай ишеним каттын моонотун чектеп, узартууга тыйуу салса иш бир кыйла алга жылат беле дейм да. бул менин жеке оюм, кечиресиздер...
+4
bazarkyl
2016-05-16 13:04:31
Мыйзам туура, баары бир ушуга келмекбиз, эртеби-кечпи.
+1
aiba_00
2016-05-16 13:53:38
Срочна машинени оформление кылыш керек экен да.
0
zamir_kgz
2016-05-16 20:49:51
Эн негизги комментти эч ким жазбаптыр, автоунааны каттатуунун жолдорун женилдетип жана толонуучу сумманы да караштырып чыгуу керек!
+7
Deniza88
2016-05-17 10:35:44
Ортодо нотариус акелер менен эжелер жыргайт экен да кыскасы ))))))))
+2
Karalina
2016-05-23 10:16:57
Супер! Сураныч муздак сууга тарифтери тууралы мааламат кайдан алсак болот. Чуй обл б.а
+1
№ 706, 13-май-19-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан