ТӨРӨТТӨ ЖҮЛҮНГӨ САЙЫЛУУЧУ НАРКОЗ ЗЫЯНБЫ?

Редакциябызга “төрөт учурунда жүлүнгө (белге) сайылуучу наркоздун пайдасы, зыяны жөнүндө маалымат берсеңиздер” деп кайрылгандар көп. Андыктан бул тууралуу маалымат алуу үчүн Бишкектеги Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт үйүнүн анестезиология жана кайра жандандыруу бөлүмүнүн анестезиологу, 18 жылдык иш тажрыйбасы бар Момунбек Рахманкуловго кайрылдык.

– Наркоз – бул анестезия (оорутууну сездирбөө). Төрөт учурунда колдонулуучу анестезиянын 3 түрү бар жана алардын экөөсүнүн Кыргызстанда жайыла башташына 3-4 жыл болду. Бирөөсү (паравертебралдык анестезия) биздин борбордо гана колдонула баштады. Үчөөнүн тең ичтеги балага зыяны жок. Оорутууну сездирбөөчү дары (анестетик) ийне менен аялдын отурган же капталдап жаткан абалында сайылат.

БЕЛГЕ САЙЫЛУУЧУ (СПИНАЛЬНЫЙ) АНЕСТЕЗИЯ
– Ичке ийне аркылуу жүлүндү курчап турган суюктукка сайылат. Кадимки жана операция аркылуу төрөттө колдонулат. Пациенттин боюнун узундугуна жараша бел омурткаларынын (L3-L4) ортосуна өлчөмү менен сайылып, 5-7 мүнөттө таасир этет. Таасирин 2,5-3 саатка чейин жоготпойт.

КАЙСЫ УЧУРДА КОЛДОНУЛБАЙТ?

  • Сайылчу анестетикке аллергиясы болсо;
  • Аялдын абалы оор учурда (кан көп жоготкон, кан басымы төмөн жана комада болсо);
  • Наркоз сайылуучу омуртка тушунда жара болсо;
  • Аялдын борбордук нерв системинде жана ички органында оорусу (жүрөк кемтигинин, цирроздун, кант диабетинин оор түрүндө жана башка) бар болсо.

АРТЫКЧЫЛЫГЫ

  • Белден ылдыйкы бөлүк гана оорутууну сезбей калгандыктан аял ойгоо болот. Баланы төрөгөнүн көрүп, бактылуу көз ирмемдерди сезет;
  • Операцияда кандын аз кетиши;
  • Аллергияга кабылуу коркунучунун аздыгы (1 эле түрдөгү дары сайылат);
  • Бутка кан уюп калуунун, өпкө ооруларынын татаалдашып кетүү коркунучу азаят;
  • Операциядан кийин 6-7 саат дегенде тамак ичип, өзү басып калат. Андыктан ичегинин жабышып калуусунун алдын алат.

ТЕРС ТААСИРЛЕРИ

  • Туура эмес сайылса жүлүн сезгенип, менингит келип чыгат;
  • Кан басымды төмөндөтүп жибериши мүмкүн;
  • Анестетикке аллергия жаралуусу мүмкүн;
  • Айрымдарда баш ооруну жаратат.
  • Нервдин жабыркоосу (бут, жамбаштын нервдеринин сезүүсү азайышы мүмкүн).

ЭПИДУРАЛДЫК АНЕСТЕЗИЯ
– Пландалган кадимки төрөт учурунда оорутууну сезбөө үчүн аялдын каалоосу менен колдонулат. Жүлүндү каптап туруучу катуу кабыкча менен омуртка каналынын ортосуна жоонураак ийне аркылуу ичке желим түтүкчө (катетер) киргизилет. Түтүкчөгө анестетик ийне аркылуу куюлат. Түтүкчө сөзсүз бел омурткасына эмес, көкүрөк омурткалар аралыгына киргизилсе деле боло берет. Анестетик берилгенден кийин 20-35 мүнөттө таасир этип, таасирин 10 саатка чейин жоготпойт.
Төрөт учурунда абал оорлосо, мисалы, аялдын жатын моюнчасы жетишерлик деңгээлде ачылбаса, төрөт кечеңдеп баланын дем алуусу кыйындап баштаса же аялдын кан басымы түшүп кетсе, анда ошол берилген анестетик менен операция жасалып кете берет. Болгону кошумча наркоз да берилет.

КАЙСЫ УЧУРЛАРДА КОЛДОНУЛАТ?

  • Аялдын өз каалоосу менен;
  • Жатындын моюнчасы өтө жай ачылганда;
  • Заарадан белок чыккан жогорку кан басымда (преэклампсия);
  • Бөйрөк, жүрөк оорусунун жана кант диабетинин, бронхиалдык астманын жеңил жана орточо деңгээлинде.

Ал эми артыкчылыгы, терс таасирлери жана кайсы учурда колдонулбагандыгы белге сайылуучу наркоздой эле. Терс таасирине дагы кокус ийне менен анестезия жасап жаткан кезде жүлүндүн калың кабыкчасын тешип алса баш 1-2 апта ооруйт. Мындан тышкары анестетик куйган кезде катетер бир тарапка жылып кеткен болсо оорутууну ошол тарап гана сезбей, берки тарап сезе бериши мүмкүн. Эгер ушундай болуп калса аялдын венасына анестетиктин бир түрү сайылып, төрөт кабыл алына берет. Катетер да кымбатыраак турат.

ПАРАВЕРТЕБРАЛДЫК АНЕСТЕЗИЯ
– Төрөт 1,5-2 сааттан ашпайт деп белгиленген учурда аялдын макулдугу менен кадимки төрөттө оорутууну сездирбөө үчүн колдонулат. Омуртка араларынан чыккан нервдерге сайылып, 10-15 мүнөттө таасир этет. Жүлүнгө сайылбагандыктан коркунучсуз.
Төрөт убагы узарып кетсе 3-4 сааттан кийин анестетик дарыны кайталап саюуга болот. Терс таасирлери жокко эсе. Белге сайылуучу анестезия кайсы учурларда колдонулбаса, мында деле ошондой.

АЯЛДЫН ГРЫЖАСЫ, ОСТЕОХОНДРОЗУ БОЛСОЧУ?
– Аялда грыжа, остеохондроз болсо деле анестетиктер сайыла берет. Болгону омуртканын кыйшаюусунун оор түрүндө гана сайылбайт. Кош бойлуу кезде аял чалкалап басып калгандыктан бел омурткаларына, байламталарына кошумча күч келет. Төрөттөн соң ал омурткалар, байламталар бошойт да, грыжа, остеохондроз оорусу күчөйт. Андыктан “жүлүнгө анестетик сайдырдым эле, төрөгөндөн кийин ошол жерим ооруп жатат” дегендер бар. Анын үстүнө анестетиктин терс таасири да тийиши мүмкүн. Жогоруда айтылган анестетиктердин жалпы наркозго караганда терс таасирлери өтө аз.
Аял төрөөрдөн мурда анестезиолог менен кеңешип, анестетик түрүн тандап алуусу керек.


Белге сайылуучу анестезия менен аялды операция аркылуу төрөтүү учуру.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

 Кыстарылган видео 
Төрөттө жүлүнгө берилген наркоздун эне-балага тийгизген таасири
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
nurzhaz
2016-05-16 10:26:05
медициналык кийгилилуу бул эне менен баланын омурун сактап калуу учун аргасыздан болот да озунун каалоосу менен эч кандай дары колдонбой табийгий жол менен толгоону женилдетууго жетпейт.
+1
tabyshmak
2016-05-16 10:53:28
Мен деле толкунданып кеттим. Ымыркайдын жаны дуйного келиши кут болсун!
0
Begimkyz
2016-05-16 11:27:29
Өзүң төрөгөнүң жакшы го менимче, ошондо чыныгы толгоо эмне экенин билебиз.
+2
Sinta
2016-05-16 13:47:04
men da epiduralka mn torogom, kirkim chikkancha jambaw sook,belim,omurtkalar janchilgansip oorup jyrdy.
0
kaidiger
2016-05-16 19:42:01
Sinta,эпидуралкасы жок торосон деле баары бир оорумак озу толгоо организмге чоон стрессда
0
Oreanda
2016-05-16 13:55:05
Операция учурунда денени кескилеп жатканы баарын билип жатасын аябай жаман моралдык жактан чарчайсын,кайра ийне менен тигишет этини чойгулап,баланын биринчи ыйлаган уну кандай жагымдуу толкунданып кеттим.
+3
owtu
2016-05-16 14:08:20
зрениясы начар аял торогондо коздун коруусу 2 эсе начарлайт дешет канчалык денгээлде чындыгы бар? Кандай кылса начарлабайт жана кантип алдын алат?
0
admin_superstan
2016-05-16 14:51:57
owtu, саламатсызбы? Сурооңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
+1
tyrgon
2016-05-21 12:58:22
admin_superstan, жообун кандай
билебиз?
0
admin_superstan
2016-05-23 11:58:02
tyrgon, саламатсызбы? Жооп алынган суроолор гезит бетине жарыяланат.
0
meri.kg
2016-05-18 00:37:41
Ооба мен дагы ушул суроону берейин дегем . Деги эле зрениясы начар адамдар созсуз очки тагуусу керекпи .
0
youngyoung
2016-05-18 00:39:59
Мен аябай коркокмун, бироонун оорусун уксам бул жакта туруп эле кыйнала баштайм. Торогон айымдар козумо эр журок, баатыр аялдар корунот. Кантип торойт экенмин деп баш оорутуп келем:((
+3
escape
2016-05-18 18:15:33
Азыркы жаш кыздар андай нерсеге чыдай албай оной жолун издейт экен, менин апам 7 торогон спокойно эч нерсе деле болгон эмес(тфу тфу коз тийбесин)бирок келинчегим алдган ошол наркозду, балам жакшы торолду озу деле жакшы сезип журду тороттон кийин, бирок 5-6 ай откондон кийин башталды оору, баланы колго ала албайт экен которо албайт омурткасы ооруйт, белим деп жатып калат, эгер алам деп ойлонуп жаткан келиндерге албай эле койгула деп айтар элем. Жеке оюм менин калган озунордун каалоонор!!! Размат
+4
leonar
2016-05-22 06:50:36
escape,наркозсуз торогом, белим, аркам ооруган. Негизи белдин оорусунун себеби баланы колдон тушурбой ийилип жургонундо, келинчегиниз оор которбосун, озу боюнда болгонго чейин эле омурткасы алсыз болгондор да тороттон кийин бели ооруйт.
0
gulsara2682
2016-05-18 22:42:13
Мен да эки жолу кесарево жолу менен торогом.Эми учунчу жолу торосом кантип торойм билбейм.Аябай корком.Мен да ушул тема жонундо коп ойлончумун.Общий наркоз эле жакшы окшойт анда.Оз кучу менен торогондор кандай бактылуу
0
Nazik96
2016-05-20 02:28:49
саламатсызбы?адамдын колтугунда да к оорулар пайда болушу мумкунбу?ошол жерде катуу нерсе бар болсо кандай кылуу керек.
0
tyrgon
2016-05-21 13:02:36
Nazik96,врачкале корунуш керек колтукда бездер бар эмчек ракка чалып кетиши мумкун бир корунуп коюш керек.
0
Usow
2016-05-20 06:42:44
Бирок коркунучтуу экен
0
№ 706, 13-май-19-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан