БИЙКЕЧ, ЭСИҢЕ ТУТ!

Бой жеткен кыздын жүрөгүнө эртели-кечтир сүйүү келери бышык. Бирок бийкеч өзүнө жаккан жигитти иренжитип албоо үчүн эмнелерди билүүсү керек? Жана мырзанын чындап жактырарын кандай кыйыр белгилеринен байкаса болот?


ЖИГИТИҢДИН СЕНИ СҮЙӨРҮН БИЛДИРГЕН БЕЛГИЛЕРИ

  • Жигитиң күнүгө "сени сүйөм" деп айта бербеши мүмкүн. Анда сүйөрүн дагы кандай кадамдар менен билдирерин эсиңе тут!
  • Ал күтүүсүз жерден "Мен сени сагындым" деп билдирүү жазып жөнөтөт.
  • Эгер сен сынакка же ишке орношуу үчүн маектешүүгө кирер алдында турсаң, сага сөзсүз түрдө ийгилик каалаарын айтат.
  • Жактырган таттуу азыгыңды же суусундугуңду сурабай эле сатып берет. Анткени аларды көргөндө кубанарыңды билет.
  • Ал сага дайыма кам көрөт. Мисалы, "үшүп калган жоксуңбу?" деп сенин үстүңө жылуу нерсе жабат. "Бул жерден шамал тийбейт бекен?" деп далдоо жакка өткөзөт.
  • Сен көрүп жаткан сериалга кызыкпаса да "анан, сен сүйгөн Гүлсерен Жиханга тийдиби?" же "Хүррем бул жолкусунда кандай окуяга кабылды?" деп сурайт.
  • Сенин курбуларың менен сүйлөшөр сөзү жок болсо же аларды көргүсү келбесе да, алар менен саламы түз болот.
  • Чын дилинен баргысы келбесе да ал сени менен дүкөн кыдырат, ооруканага жатып калган курбуңду сени менен чогуу барып көрөт, стоматологго коштоп барат.
  • Ал өзү жегенинен катып же арттырып келет. Бул дайыма сени ойлоп турганынын белгиси.
  • Сен бошобой калганыңда курбуңду же туугандарыңды унаага салып узатат же тосуп келет.
  • Алыстанбы же жакынданбы, уктаганыңдабы, айтор, сени кумарланып карап отургусу келерин байкайсың. Буга сенин чачыңдын апсайып же көзүңдүн шишимик тартып калганы тоскоол болбойт.

МЫРЗАЛАРДЫН ЖИНИН КАНДАЙ КЫЗДАР КЕЛТИРЕТ?

Жолугушууга келип алып, аягына чейин телефонго алаксый берүү, чукулоо.
Эй, сулуу кыз, билсең бул кездешүү! Адатта сен "бул жигит тагдырым (түгөйүм) болуп калабы?"деген үмүт менен жолугушууга келесиң да, туурабы? Анан сага эмне кызык, тагдырыңбы же курбуңдун инстаграмдагы туфлисинин сүрөтүбү?

Селфи-маньяк. Эстеликке сүрөт калтыруу жакшы нерсе, бирок улам эле ар жерге токтой калып селфи кыла берген кыз жигиттин көкөйүнө тиет. "Шайкелеңби?" деген да ой кетет.

Телефон номерин бат-бат алмаштырып, жок болуп кетчү кыз. Жигитке калп айтуунун эмне кереги бар? Жөн гана "Кечир, мен сени менен мамиле түзгүм келбейт. Бирок кээде чочугансып сага чалып калсам алып кой" деп айт. Алдап, үмүттөндүргөн кыздарды мырзалар жек көрөрүн эске ал.

Келечекке болгон планын жарым жыл сайын алмаштырган кыз. 20дан ашып калса да жашоого койгон максаты жок, ар кайсы иштин башын бир кармап, бирде тиги жактан, бирде бул жактан жылт этип көрүнүп жүргөн кыз. Мындайларды жигиттер туруктуу жана эрктүү кыздардын катарына оңою менен кошпойт жана ишеним арта беришпейт

Бат эле баш кошууну самап калган бийкеч. Кыз-жигиттин таанышып, жолугуша баштаганына аз эле болду дейли. Кыз болсо анын өзүнө үйлөнөр же үйлөнбөстүгүнө эмитен кызыкдар. Бул албетте, жигитти чочулатып, шектентет.

Теңине албай, бирок сен башкалар менен жолугуша баштаганда гана сени капарына алып калган кыз. Мындай кыздарды жигиттер баалай бербейт. "Башка бирөө таштап кеткенде мага аргасыз келди" деп ойлоору бышык.

Эртеден кечке чейин телефон чала берген селки. Анткени "Иштериң кандай? Эмне кылып жатасың?" деген сурак кандайдыр бир деңгээлде жигиттин жинин келтирет. Улам сурагандан жигиттин иштери укмуш болуп кетпейт эмеспи?

"Мода болуп жатыптыр" деп башка кыздар кийгендей кийимди кийген кыз. Мода деп эле өзүнө жарашкан-жарашпаган кийимдерди кийип, көпчүлүктөн айырмаланбаган кыздарды "табити жок" деп кабыл алышат.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (37)
Siren90
2016-05-17 19:00:33
Анда-санда кыз деле чалып койгону туура, эгер бала чын эле сүйсө кыздан звонок келип калса жинденбей эле сүйүнбөйбү, таптакыр эле чалбаган кайдигерлик го.
+13
patsanskaya
2016-05-17 19:15:25
Созсуз эле бала чалыш керек деген ойдон алыс болуу керек. Мен озум жактырган балага чалам эгер ал копко жок болуп кетсе. Мумкун колу бош эместир, мумкун уктап калгандыр :)
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2016-05-19 12:03:49
patsanskaya, ошода, единицасы жок болсо чалчы десе чаласында эгер сенде минутан коп болсо.
-1
ilgis1991
2016-05-17 21:22:36
Керектуусун кулакка ил,керексизин чыгар.(короче)
+9
arzygulR
2016-05-19 00:18:54
Argen.96osh seni koptop koiushupturgo
+2
Rednalf
2016-05-19 08:50:17
Жакшы кыз жакадагы кундуз.Ата бабабыз салган эле жол менен кетсенер дуйнодо алдынкы орундагы кыздардан болосунар.
0
selenagomez
2016-05-19 18:40:24
Mен сулуу,акылдуу кызмын.Бирок ушунчалык жалгызмын.Жалгыздык жанга батып кетет.Баардыгы ушул нерседен орусчасы(стереотип) сен чалба ал чалсын уят ж.б.Омур бойу жалгыз калгандан корком.
-1
Jyrgal_msk
2016-05-20 00:31:59
selenagomez,Копчулуктун конулундо жакшы тараптарынды корсот.Акыл,эстуу ,кулуп-жайнап журсон баары болот.Бирок эркектерге чалсан баркынды кетиресин.
-1
Ulutum_Kyrgyz
2016-05-20 09:56:50
selenagomez,тен тени менен тезек кабы менен дейт табасыз коркпонуз!!!!!
-2
leonar
2016-05-22 07:14:39
selenagomez,30 га чыга элек болсон, жалгызмын деп айтуу али эрте.Чыккан болсонуз анда баарына озунуз куноолусуз,эл ойлойт, эл айтат дегенди калтырып, жаккан нерсенизди жасаныз
+2
sunu2015
2016-05-20 13:09:37
Бул жерде кинонун кандай тиешеси бар балдардан 80%бул кинону корбойт
-2
Aselina_kg
2016-05-20 15:35:47
sunu2015,Кинонун тиешеси жок
Мисал катары кинону айтып жатат
Жигит суйсо, кыздын эмнеге кызыгаарына албетте конул болот деген мааниде
+1
Aselina_kg
2016-05-20 15:37:56
Жакшы кенештер экен
0
kubzero
2016-05-20 15:40:05
Кызык экен
0
Seiil.94
2016-05-23 04:56:57
Ар ким ар кандай болот.
0
mrs.honey92
2016-05-23 17:08:03
белгилерге таянсам жолдошум мени аябай эле сүйөт экен анан Хюрремди сурамак турсун өзү да көрөт☺
+1
Muslima.aksy
2016-07-18 18:14:38
Озум бийкеч болгондуктан козум тушуп окуп калдым да оз ойумду айткым келди. Негизинен бул болум мен учун эмес. Мен келечекте балдарымдын атасы боло турган адам менен жолуккум келет. Жолугуп, суротко тушуу мен учун эмес. Эгер жакшы корсо кызды куттурбой эле чалат, же бошобой жатканын айтат. Керектуу учурда кыздын жигитке чалып койгону тескерисинче жигиттин кызга болгон суйуусун арттырат. Бул чындык деп ойлойм.
Бирок, кыздар алсыздыгыбызды, ишенчээктигибизди, назиктигибизди, сулуулугубузду
+2
Muslima.aksy
2016-07-18 18:18:49
туура эмес жака багыттап алабыз, бирок озубуз сезбеген абалда. Ошондуктан кыздар озунуздорго бекем болунуздар. Эртенки кундо ата-энениздерди уят кылып койбонуздар.

Биз Ин-Шаа-Аллах келечектеги суйуктуу жар, мээримдуу эне болууга татыктуубуз!!!
+4
azi.3566
2016-10-20 10:52:39
мен азыркы учурда жигитиме таарынып журом ал мени жакшы корорун билсем да таарынычым жазылбай келет.
-1
Stshcksishd
2017-09-28 01:13:13
Мени суйгон жигиттен кол жууган экенмин да. Бирок кантейин таптакыр суйо албай койбодумбу
0
№ 706, 13-май-19-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан