Мелис Эшимканов: “МЕН ТӨРӨЛГӨНДӨ МАЛ БОЛБОЙТ ДЕШИП...”

Алтын балалык

"Балалыгым эстеп сагынам..." деп ырдалгандай ким болбосун балалыгына кайрылгысы келет. Бүгүнкү мейманыбыз Өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин төрагасы Мелис Эшимканов да бала чагын эстеп, бизди бир жылмайтты.

“МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИН ЖАПАЙЫ ӨСКӨМ”
– Мен итий болуп төрөлүптүрмүн. Колу-буту ипичке, башы чарадай, курсагы чоң ымыркай болгон экемин. Жадакалса эмчек эмгенге да жарабай койгонумда ата-энем катуу коркот. Чарчап калбасын деп дарыгерлер глюкоза сайып жатып эки ай кармашкан экен. Эки айдан соң дарыгерлер ата-энеме “балаңар мал болбой калды го...” дешет. Ата-эне ыйлап-сыктаганы менен, баласын таштап сала алышпайт да.
Ошентип эмне кыларын билбей турушканда, өмүр бою чабан болуп жүргөн атамдын агасы келип калат. Ал киши мени көрүп “кой, балаңарды мен алып кетейин, киши болсо анысын, болбой калса мунусун көрөсүңөр” деп өзү менен тоого алып кетет. Ал кезде байланыш азыркыдай оңой болгон эмес да. Ошол бойдон ата-энем менин эмне болгонумду билбей жүрө беришет. Кийин мага барышса, баягы итийден дайын жок. Кадимкидей торолуп, беттериме кан жүгүрүп адам болуп калганымды көрүп ата-энем кубанат. Анан таң калган ата-энеме баккан энем “5 ай бою башына айран тартып, кыргызча эле дарылап, тыңыттым” деген экен. Бакма апам өзүнүн балдары жок болгонунанбы, айтор, мага энелик мээримин аябай төккөн эле. Мени эки жашка чыккыча жалаң кымызга, сүткө киринткен экен. Ошентип, өз ата-энемди байке-жеңе деп, багып алган адамдарды ата-апа деп тоодо жашап калдым. Оозумдан учук кетпей, козуларды кубалап ойноп, бир жайлоодон экинчи жайлоого көчкөндө 3-4 күндөп талаага түнөп жүргөн жаным цивилизация дегенди көрбөй жапайы чоңойгом. Кийин шаарды көргөндө тоодон башка да жашоо бар турбайбы деп аябай таң калганым эсимде. Ойлоп көрсөм, велосипед, телевизор деген сыяктуу нерселерди көргөн эмес экенмин. Болгону атам, апам талашып уккан радиоприёмник бар болчу. Ошондон "Фрунзеден сүйлөйбүз" десе, дикторду туурап сүйлөй берип апамды тажаткандарымды эстеп күлөм.

“МУУЗДАГЫЛА ДЕП ЭЛГЕ САЛЫП БЕРГЕН”
– Мектепке баргыча кошунанын Зейнеп деген кызы экөөбүз аябай ынак дос элек. Мен ага балалык сүйүүмдү арнагам десем болот. Бирок Зейнеп мени дайыма чычалатып, шылдыңдай берчү. Бир күнү апам мени чоң чылапчынга отургузуп алып жуунтуп жаткан. Бир маалда унаа-дүкөн келип калды эле, апам мени унуткан боюнча жүгүрүп кетти. Самын бойдон жыпжылаңач отурсам Зейнеп үйгө келип калып, адатынча шылдыңдай баштады. Мен болсо уялганымдан басып кете албай ордумда тура бердим. Анысы аз келгенсип, кошуналардын балдарын да чакырып жиберди. Ошондо Зейнепке катуу кекенип калып, өч алуунун амалын издей баштадым. Бир күнү Зейнепти эшикке чакырып чыгып, таштай катуу көң менен уруп жибердим. Зейнеп чаңырган боюнча калды. Коркконумдан качып барып, жүктүн арасына кирип жашындым. Короодо ызы-чуу! Бир маалда апам келип жашынып жаткан жеримден кармап чыгып, козуну сүйрөгөндөй бутумдан сүйрөп жөнөдү. Кошуналардын алдына алып келип “мегиле, кааласаңар мууздап жегиле, кааласаңар сойгула” деп таштап койду. Көрсө, Зейнептин көзүн чыгара соккон экемин, аны дароо бейтапканага алып кетишиптир. Эми бармактай баланы эмне кыла алышмак эле, уруп-согуп тим болушту. Кийин айылга барганымда ошол Зейнептин күйөөсү жолугуп калып "сен менин аялымдын бир көзүн сокур кылгансың, алдыма түш!" деп бир чети тамашалап, бир чети чындап айткан эле. Айыбымды моюнума алып, үйүнө барып Зейнеп экөөнүн алдына түшкөм.

“БАККАН АТАМДЫ ЗӨӨКҮР БАЙЛАРГА ОКШОШТУРЧУМУН”
– Ыраматылык атам өмүр бою мал менен жүрүп тоодо жашагандыктан, корс сүйлөгөн, мүнөзү катуу, зөөкүр киши болчу. Апам аялдын гана эмес, эркектин да жумушун аткарып, түйшүктүн баарын көтөрүп жүрсө да, атам кызуу келгенде ага кол көтөрчү. Ошондойдо апама болушуп койсом атам колуна калак тийсе калак, таш тийсе таш менен мени уруп жиберер эле.
Тоо балдары тың болот эмеспи. Кепкенедей болуп туруп таң эрте туруп аялдарга кой кармап берчүбүз. Алар саачу. Бир күнү уйку-соо абалымда кошуна апага кочкор кармап келип берип коюптурмун. Ал киши бир аз обу жок эле. Анан чочуп кетип “ой, уяты жок, бул кочкор турбайбы!” деп кыйкырып чакадагы сүтүн төгүп жиберсе, кочкор үркүп обдула чуркаганда туягы менен бутумду оюп кетти. Бутумдан кан агып, кыйналып турсам да, атамдан коркуп дым чыгарбай ыйлагам. Тиги кошунабыз менин кочкор жетелеп келгенимди атама айтып койгон экен. Бутум ооруп араң отурсам, атам келип упузун шапалактай болгон камчысы менен чапты эле, анысы бутума жыландай оролуп, жанымды көзүмө көрсөткөн. Ошондогу ачуу чаңырганым азыркыга чейин кулагымда. Ызама чыдабай сайдагы суу жээгине барып алып, өпкө-өпкөмө батпай ыйлагам. Ошондо апам байкуш алдап-соолап үйгө ээрчитип келген эле. Кийинчерээк­ атамды китептердеги жаш балдарды кыйнап иштеткен зөөкүр байларга окшоштуруп алып, аны жаман көрө берчүмүн.
Ошентип жүргөндө мага үйдөн качып, өз ата-энеме кетиш керек деген ой келди. Кууланып атам менен апам укташын күтүп, алар уйкуга киргенден кийин акырын чыгып жылаңайлак качып жөнөдүм. Караңгыда ар кайсы жактан карышкырдын улуганы угулса, жүрөгүм түшүп бүжүңдөп калам. Атама кармалып калбайын деп экинчи жагынан корком. Ошентип, канча чуркаганымды билбейм, бир маалда катуу чарчап, бир чоң таштын коңулуна кирип уктап калыптырмын. Ойгонсом так алдымда машина келе жатат. Көрсө, чуркап отуруп таш жолго келип калыптырмын. Машинаны көрүп кыйкырып чуркаганымда аркамдан ат минип атам келип калды. Коркконумдан ыйлап жибердим. Атам аядыбы ким билет, эч нерсе дебестен “учкаш атка!” деп гана тим болду. Ошентип, Мелис "качкынды" кармап алышкан.

“ТЕЛЕВИДЕНИЕГЕ КЕНЕДЕЙИМДЕ ЭЛЕ КЕЛГЕМ”
– Кой жайып жүргөндө чоңураак таш менен уруп жиберип, кой-козуларды өлтүрүп алган күндөрүм да болгон. Андайда аларды суурдун ийинине тыгып же сууга агызып, деги далай кыйналчумун. Анан атам койду санаарга келгенде саналган жакка бир-эки кой чуркап кетсе, алты кой өтүп кетти, жети кой кетти деп алдап, кутулуп кетчүмүн.
Ошентип жүрүп 1-класска кирерде гана айылга өз ата-энемдин колуна келдим. Зирек өскөнүмдүн пайдасы тийип, жакшы окуп кеттим. Бирок ошол эле мезгилде ашынган тентек да болчумун. Андан көп өтпөй Фрунзеге келип жашап калдык. Бул жакта Кызыл-Аскердеги 50-мектепке кирдим. Мен кирген класс кыргызча класс дегени менен, баары орусча сүйлөшчү. Менин орусча сүйлөй албастыгымды билишкен балдар “Мелис, орусча сүйлөп койчу” дешсе, “келгенский, барганский” деп “ский” кошуп коюп эле кыйын болуп калчумун. Бирок кошуналарым орус, корей улутундагы балдар эле. Алар менен жүрүп бат эле орусча үйрөнүп, класстын мыктыларынын катарына кошулдум. Кийин футболго, классикалык күрөшкө катыша баштадым. "Булгаары топ" деген турнир болор эле, ага да катышып, кийин анын аркасы менен дээрлик бүткүл Советтер Союзун кыдырып чыккам.
4-класста окуп жүргөндө биздин үйдө батирде жашаган акын Анатай Өмүркановдун досу Асанбек Иманбаев бир күнү "телевидениеде жаш алпаруучу балдарга конкурс жарыяланып жатат. Жүрү, сен да катыш" деп мени ээрчитип барды. Сынакка келген бир топ баланын арасынан мени тандап алышты. Ошентип, ар кандай жомоктордо роль аткарып же балдарга арналган берүүлөрдү жарыялап, иши кылып телевидениенин жашоосуна аралашып кеттим.
5-класста кыргыз тилинен берген эжейибиз эркин темада дилбаян жаздырып калды. Ошол кезде мен "Ак кемедеги" Нургазыга аябай таасирленип жүргөм. Нургазы тууралуу дилбаян жаздым. Эжекебиз мага айтпай аны "Кыргызстан пионери" гезитине салып жиберген экен. Ошентип, бир заматта атактуу болуп чыга келдим. Ошондон тарта гезиттерге чакан аңгеме, макала жаза баштадым. Ишениш кыйын, бирок мага жума сайын мүшөк-мүшөк каттар келчү. Гезитке чыкса эле укмуш бала деп ойлошсо керек. Кыздар сүрөттөрүн салып "түлкү качат түз менен, тайган кууйт из менен. Таалайлуу жигит экенсиз, таанышкым келет сиз менен..." деп жазгандары да эсимде. Алгач баарына жооп жазсам, кийин жетишпей, таанышкыла деп ар кайсы балдарга тараткан элем.

“КОДО ЭКЕНИМЕ АРДАНЧУМУН”
– 6-7-класста тентектигим күчөдү. Ата-энемди таптакыр укпайм, айылдан баккан энем келип калса "мен кайра тоого кетем" деп ызы-чуу салам. Анан досторум менен шаардын ар кайсы райондорунун балдары менен мушташып турчубуз. Бир күнү ошондой мушташтардын биринде чачтарачкананын алдынан бир бала кулап, тепкичке башы менен катуу тийип каза болуп калган. Анан ашынган тентек мени "уюштуруучу сенсиң" дешип, балдар колониясына жибермек болушкан. Байкуш атам тааныштарын салып, колунан келгенин жасап жүрүп Салижан Жигитовдун жардамы менен алып калган. Бардык жаатта алдыма киши салдырбаганым менен, боюм кодо болчу. Ушуга аябай арданчумун. Мектепке келген практикант кыздарды сүйүп калып боюмду өстүрөм деп, балыктын майын ичип, турникке тартынып, айтор, жасабаганым калган эмес. Азыр таң калганым, ошондо активдүү окуучу да болгонго, телевидениеге да, мушташканга да, кыз сүйгөнгө да жетишчү экенмин.

Махабат Догдурбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Таштанды
2010-02-25 14:39:46
"Ааламга кетчу жол-айылдан башталат",-дегени ушул да.Сизге мындан ары да чон-чон ийгилик!
0
№ 381, 19-25-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан