Парламенттин экс-спикери Асылбек Жээнбеков 119 депутаттын бирине айланганы өзүнүн төрагалык иш бөлмөсүн бошотуп, башка кабинеттерге (!) көчүрүлүп жатат. “Экс-төрага үчүн Ак үйдүн 3-кабатындагы 321-322-323-324-иш бөлмөлөрү бошотулуп, бириктирилип жатат” деген кеп коомчулукка белгилүү болуп, кескин сынга кабылды. 321-кабинет кабылдамасы, 322-323-кабинеттер бириктирилип Жээнбеков өзү отурчу жай, ал эми 324-кабинет дааратканага айлана турганы сөз болду. Кийинчерээк ЖКнын маалымат кызматы “4 иш бөлмө эмес, 3 эле иш бөлмө бошотулду” деп маалымат таратып баштады. Башка кызматкерлерди туш тарапка көчүрүп, дубалды бузуп отурбай эле КСДПнын лидерлигине дайындалган Иса Өмүркуловдун бошогон кабинетине жайгашууга эмне үчүн болбосун? Мамлекеттик күзөт менен кайтарууда жүрүп, мамлекеттик резиденцияда жашаган Асылбек Шариповичтин талаптарына ал кабинет туура келбеген сыяктуу.
Адатта депутаттардын кабинети кабылдама жана бир иш бөлмөсүнөн турат, эки депутаттын кабылдамалары бир бөлмөдө жайгашкандары да бар. Экс-спикер өзүнө байланыштуу сын-пикирлерге ак же көк деп койгон жок. Жээнбеков деле катардагы депутаттар сыяктуу берилген 1 бөлмөдө унчукпай иштөөгө милдеттүү. Өзүнө шарт түзгүсү келген ар бир депутатка эле Ак үйдүн дубалдарын талкалатып, кеңейтип берип отурсак, 120сына элдин акчасы менен Ак үй түтөбү?
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg