SUPER.KG’ден "КҮНСЕРЕП"

SUPER.KG порталында "Күнсереп" рубрикасы өз ишин баштап, күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

5-МАЙ: КОНСТИТУЦИЯГА КАЙРАДАН ЧАБУУЛ ДАЯРДАЛУУДА
Бүгүн эгемендүү Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынганына 23 жыл болду.
1993-жылдан бери Баш мыйзамга 7 жолу өзгөртүү киргизилген. Акаев 4 жолу өзгөртүп, ар бир өзгөртүү менен президенттик ыйгарым укуктарын бекемдеп отурган. Бакиев 3 жолу өзгөрткөн. Ал эми 2010-жылы 7-апрелдеги революциядан кийин авторитаризмге кайрылуучу жолду бөгөө үчүн кыргыз эли референдум жолу менен жаңы Конституция кабыл алып, аны 2020-жылга чейин өзгөртүүгө мораторий киргизилген.
Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасынан Азимжан Аскаровду бошотууну талап кылышы Конституцияны өзгөртүүнү эңсегендерге жакшы шылтоо жаратты. Конституциянын 41-беренесиндеги 2-пунктта: "Ар ким бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн, эл аралык келишимдерге ылайык, адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу. Көрсөтүлгөн органдар тарабынан адамдын укуктары менен эркиндиги бузулгандыгы таанылган учурда Кыргыз Республикасы аларды калыбына келтирүү жана (же) зыяндын ордун толтуруу чараларын көрөт",- деп белгиленет. 6 жыл мурун кабыл алынган Баш мыйзамга адам укуктарын коргоого карата ушундай норма кошулган.
Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети быйыл 21-апрелде Июнь окуясына катыштыгы бар деп соттолгон Аскаровду абактан бошотуу жана аны күнөөлүү деп тапкан чечимди жокко чыгарууну талап кылган баяндамасын жарыялаган. Аскаров күнөөлүүбү же БУУ тааныгандай күнөөсүзбү, ал башка кеп. Маселе башкада.
1998-жылы президент Аскар Акаевдин президенттик экинчи мөөнөтү аяктап баратканда ага күчтүү атаандаш катары Феликс Кулов чыгып, 2000-жылы "каржылык мыйзамдарды бузган" деген айыптоо менен түрмөгө камалган. Ошондо да Адам укуктары боюнча эл аралык лига баштаган бир катар эл аралык уюмдар Кулов саясий негизде куугунтукталып жатканын айтып чыгышкан. Европалык союздун парламенти кыргыз өлкөсүнүн жетекчилигин Куловду тез арада түрмөдөн бошотууга чакырган. Эгерде ошол маалда азыркы Конституциянын 41-беренесинде жазылгандагыдай норма иштегенде, эл аралык коомчулуктун талабынын негизинде Кулов бошотулмак дагы, кыргыз тарыхы башка нукта өнүгүшү толук мүмкүн эле. Жогоруда айтылгандай, 2002-жылдагы Аксы, 2010-жылдын Апрель, Июнь окуяларындагыдай жүздөгөн күнөөсүз адамдардын өмүрү кыйылмак эместир... Балким, кыргыздын кызыкчылыгына каршы иштеген "Кумтөр" келишимдери түзүлмөк эмес.
Өлкөдөгү айрым күчтөр эми Аскаровдун ишинин арты менен Конституциянын 41-беренесин шылтоо кылышып Баш мыйзамды өзгөртүү аракетин кайра башташы мүмкүн. Конституцияны өзгөртүүнү каалагандар "Мамлекеттин көз карандысыздыгына доо кетирүүдө" деген аргументти айтышы мүмкүн. Эгерде өлкөдө 2010-жылдан бери сот жана укук коргоо органдарында чын эле реформа жүргүзүлүп, элдин ишенимине ээ болсо, бир дагы эл аралык уюм Кыргыз Республикасына мындай негизде сын тага алмак эмес, анткени өлкөнүн эли сот органдарына ишенерин билишмек. Кыргыз сотунун азыркы абалын эл аралык уюмдар жакшы билишет.

6-МАЙ: КӨЗДӨРҮН МАЙ БАСКАН ГЕНЕРАЛДАР ЭНЕЛЕРДИН КӨЗ ЖАШЫН КӨРБӨЙ ЖАТЫШАТ

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы №718-аскер бөлүгүндө бир жоокер каза тапты. Маалыматка таянсак, аталган аскер бөлүгүндө жоокерлер арасында мушташ чыгып, оор жаракат алган 19 жаштагы жоокер А.Актилек ооруканага жеткирилгенин айтышты. Тилекке каршы, анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
2015-жылдын июнунда аскердик кызматын өтөп жаткан учурда Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 1997-жылы туулган тургуну Нурсултан Карагулов каза тапкан. Маркумдун жакындары анын асынып алганы тууралуу маалыматка ишенбестигин билдирип чыгышкан. Аталган факт боюнча иш бүгүнкү күнгө чейин сотко өтө элек.
2016-жылдын февралында Балыкчы шаарындагы №20636-аскер бөлүгүндө бир күндө 2 жоокердин октон жаракат алышы да коомчулукта күдүктөнүү жараткан. Аскердик бөлүктүн жетекчилиги жоокерлер машыгуу учурунда куралды туура эмес колдонуудан жаракат алышканын билдиргени маалым. Жоокерлердин бири башына тийген октон өзүнө келе албай эртеси каза тапкан. Бул иштин иликтөөсү качан бүтөрү белгисиз.
Кыргыз армиясында жоокерлердин "сырдуу" каза табышы токтой элек. Аскерлердин каза болушуна байланыштуу армия жетекчилиги жоопкерчиликти моюнга алган учурлар жокко эсе. Статистикалык маалыматтар боюнча, бул иштердин көпчүлүгү "өз өмүрүн кыйды" деп жабылып калат. Аскердеги "дедовщина" тынымсыз айтылып жүргөнү менен, аны жоготууга жасалган олуттуу аракеттерден кабар жок. Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев акыркы 4 жылда 62 жоокер аскердик кызмат өтөп жүрүп каза болгонун, анын 70 пайызында иш "суицид" катары жыйынтыкталганын маалымдады. Бирок ата-энелердин көбү балдарынын "суицидге" барганына ишенишпейт. Парламенттин Кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана укук тартиби боюнча комитетине акыркы 2 жылда эле 1488 арыз келип түшкөн. Алардын басымдуу бөлүгүн аскерлерге уставдан сырт жасалган мыйзамсыз мамилеге жана командирлерге болгон нааразычылык түзгөнүн айтат депутат. Маалыматка таянсак, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө азыркы учурда 3 генерал бар (пенсияга кеткендерин кошпогондо).
Аскердеги "дедовщинага" каршы Республикалык жоокерлердин энелер комитети да түзүлүп, бирок абал жакшырып кеткен жок. Жоокерлердин өлүмү дагы эле өсүп, көбүнчө күнөөлүүлөр табылбаган бойдон калууда. Ушундай жагдайлардан кийин 9 ай толгонуп, 18 жыл бапестеп өстүргөн баласын кайсы эле ата-эне аскерге жөнөткүсү келсин?..

9-МАЙ:ПРЕЗИДЕНТ АТАМБАЕВ ОРУС ФАШИСТТЕРИНЕ НААРАЗЫ
Кыргыз мамлекети Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 71 жылдыгын белгиледи. Бишкектеги бүгүнкү нөшөрлөгөн жаан совет элинин бул улуу майрамын белгилөөгө тоскоолдук кыла алган жок. "Жеңиш" аянтына чогулган өлкө жетекчилиги Өчпөс отко гүлчамбар коюп, өлкө башчынын куттуктоо сөзү менен майрам башталды. "Улуу Жеңиштен бери канча жыл өтсө да, ардагерлердин эрдиги унутулбайт. Жаңы муун ардагерлер согушта кандай кыйынчылыктардан өткөнүн билбей баратат. Оор күндөрү фронттон алыс болсо да, оорукта эмгектенген аксакалдар, апалар менен сыймыктанабыз", - деди өлкө башчы.
Өткөн жумада Орусиядагы кыргыз мигранттарына такыр баштар тарабынан кол салуу болгонун эске салган мамлекет башчы согуш болуп жаткан жерлерден башка улуттардагы жүздөгөн адамдар кыргыз жергесине качып келишкенин белгиледи. "Бул жерде кыргыздар аларга камкордук көрсөтүп, жардам беришкен. Бүгүнкү күндө, тилекке каршы, скинхеддер баштарын көтөрүп жатышат. СССР жоюлгандан кийин өлкөбүздө экономиканы өнүктүрүү туура эмес жүргүзүлгөндүктөн жарандарыбыз Орусияда эмгектенүүгө мажбур. Алар орусиялыктардан сый мамиле көрүүгө укуктуу, бирок фашисттер, скинхеддер биздин жарандарыбызга терс мамиле жасашууда",- деди ал.
Улуу Ата Мекендик согушка кыргыз жеринен 363 миңден ашуун адам катышып, анын ичинен 133 миңден ашууну кайтпай калган. Өкмөттүн 20-апрелде өткөрүлгөн жыйынында учурда кыргыз өлкөсүндө Улуу Ата Мекендик согуштун 821 катышуучусу бар экени айтылган. Мекенибизге Улуу Жеңишти алып келгендердин саны жылдан-жылга кыскарып баратат.
Бишкекте 10 миңден ашуун адамдын катышуусунда Улуу Жеңиштин 71 жылдыгына карата "Өлбөс полк" жүрүшү өттү. Бул жүрүш Бишкекте 3-ирет өткөрүлдү. Журналисттер демилге көтөрүп, калың элдин колдоосуна ээ болгон "Өлбөс полк" жүрүшү биринчи ирет 2012-жылы 9-майда Орусиянын Томск шаарында старт алган. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата 2015-жылдын 9-майында бул жүрүш дүйнө жүзүнүн бир нече өлкөсүн кучагына алып, 4 миллионго жакын адам Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын эскерген.
Миллиондордун өмүрүн алып, дүйнөнү эки лагерге бөлгөн бул кандуу согуштун баштоочусу Адольф Гитлердин скульптурасы кечээ кечинде Нью-Йоркто Christie`s аукционунда 17,2 миллион долларга сатылды. Эмгек италиялык сүрөтчү Маурицио Каттеланага таандык. Сүрөткер бул эмгегин жок кылып салууну көздөп жүргөнүн, мындай бааланарын күтпөгөнүн билдирген.

10-МАЙ: КЫРГЫЗ НАМЫСЫ ЭҢ ОБОЛУ ШАЙЛООЛОРДО ОЙГОНСО...

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылында 20 жылдык жолугушуу өткөрүүчү классташтар аталган айылдагы ата-энесинен ажыраган бир туугандарга үй куруп жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына демилгечилердин бири Замир Ыманкалиев билдирди. Классташтар кеңешип, топтолгон 300 миң сомду пайдалуу ишке жумшоону чечишкен. Маалыматка таянсак, жардамга муктаж балдардын атасы 3 жыл мурун, апасы былтыркы жылы каза болгон.
Мындай кайрымдуулук мурда Талас облусунда да болгон. Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылындагы Ж.Тойчубеков атындагы мектепти 2003-жылы бүтүргөндөр 10 жылдык жолугушуу кечесин өткөрүүнүн ордуна 7 балалуу жалгыз бой энеге үй куруп беришкен. Ашыкча чыгымдарга жол бербей, жардамга муктаждарга көмөк көрсөтүү, албетте, жакшы жөрөлгө. Кашыктап чогулткан мүлкүн кайрымдуулукка жумшаган намыскөй элибизден айланса болот. Бирок ошол эле намысыбыз шайлоо кезинде уктап калып жатканы кейиштүү.

11-МАЙ: НАРИМАН ТҮЛЕЕВ БОШОТУЛДУ, "ЭЛДИК ПАРЛАМЕНТТИН" МИССИЯСЫ СОҢУНА ЧЫКТЫ
Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин түрмөдөн эрте бошотулганы коомчулукта кайчы пикирлерди жаратууда.
2013-жылдын 29-июлунда Ленин райондук соту экс-мэр Нариман Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан эле. 2014-жылдын 23-декабрында шаардык сот, 2015-жылдын 30-ноябрында Жогорку Сот ал чечимди күчүндө калтырган. Бирок соттолгонуна 2 жыл 10 ай гана болгонуна карабастан, Нариман Түлеев 7-май күнү кечинде күтүүсүз жерден абактан бошотулду. Окуянын чагылгандай тездик менен өнүгүшүнүн себеби эмнеде? Табышмактын сыры жакында гана пайда боло калган "Элдик парламент" бирикмесине барып такалат.
Эсиңиздерде болсо, 7-май күнү "Элдик парламент" маалымат тараткан эле. Маалыматта бирикменин өкүлдөрү 50 миң кишинин катышуусунда чоң жыйын өткөрүп, президент Алмазбек Атамбаевден эл алдында отчёт алышарын, андан ары отставкага кетүүсүн талап кылышарын билдиришкен.
Мурунку чиновниктерден куралган "Элдик парламент" Кыргыз Республикасынын маалымат талаасында алгач пайда болгондо көпчүлүк анчалык маани берген жок. Алар 26-апрелде Бишкекте митинг өткөрөрүн жарыялашкан. Андан соң 28-апрелге, кийин 12-майга жылдырышты. Акырында "митинг 17-майда өтөт" дешти. ЖМКларга берген маегинде пландалган жыйындын эмнеликтен артка жылдырылып жатканын Бекболот Талгарбеков "Биздин Орусиядагы патриот-досторубуз ойлонуп көрүп, өз эрки менен отставкага кетүүгө Атамбаевге убакыт берүүнү сунушташты..." деп түшүндүргөн.
Бирикменин активдүү өкүлү Бекболот Талгарбеков «Заноза» сайтына берген маегинде аларды Орусия Федерациясынын жогорку бийлик структураларында иштеп жаткан бир нече генерал колдоорун айтып, алардын бири катары Бахтияр Алиевдин ысымын атаган. Маалыматтарга караганда, генерал-лейтенант даражасы бар Бахтияр Алиев учурда Орусиянын чалгындоо кызматында эмгектенет.
Бул ысым 2010-жылы Апрель революциясынан кийин кыргыз коомчулугуна белгилүү болгон эле. Ал жылы "Путин Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер катары чекист Бахтияр Алиевди таптап жатыптыр" деген кеп жайылган. Көп өтпөй табышмактуу Бахтияр Алиев бир нече маалымат булактары аркылуу кыргыз коомчулугуна кайрылуу жолдоп, Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевди мамлекетти жетектөөгө татыктуу инсан катары көрөрүн баса белгилеген.
Дал ушул Бахтияр Алиевди "Элдик парламенттин" өкүлү Бекболот Талгарбеков Орусия тараптан бирикменин колдоочусу катары көрсөтүп жатат. Дагы бир көңүл буруучу нерсе, "Элдик парламенттин" өкүлдөрү өздөрүнүн колдоочулары катары Орусия төбөлдөрүнүн ысымдарын, жадакалса Путиндин ысымын атап жаткандарына карабастан, Орусия тараптан ушул күнгө чейин төгүндөө же ал сөздөргө карата билдирүү жасалган жок. Демейде анчалык олуттуу эмес аракеттери же сөздөрү үчүн тизгиндеп койчу бийлик бул жолкусунда андайга даабай жатканы да "Элдик парламенттин" артында олуттуу колдоочу бар окшойт деген күдүктүү ойго жетелейт.
Окуянын акыркы күндөрдөгү өнүгүшү "Элдик парламенттин" жалгыз максаты Нариман Түлеевди бошотуу гана болгонун көрсөтөт. Түлеев боштондукка чыкты, демек, "Элдик парламент" өз миссиясын аткарып бүттү…

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 706, 13-май-19-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан