ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

КОСМЕТОЛОГИЯДА

MUAH – "make up artist and hair" деген англис тилиндеги сөздөрдүн комбинациясы. Которгондо "макияж жана чач жасалгалоочу адис" дегенди билдирет. Акыркы кезде социалдык тармактар аркылуу визажисттер макияж жасаткан сулуу кыздын сүрөтүн илип, алдына MUAH деген жазуу менен катар өз эмгегин жарнамалап жүрүшөт. Кыскасы, сиз барган салондун адисин өз баракчаңызда жарнамалагыңыз келсе, MUAH’ты колдонуу менен адистин аты-жөнүн жана салондун атын жазып койсоңуз болот. Интернет колдонуучулары бул сөздү "бирөөнүн жүзүнөн сүйүү" деп түшүнүшөрүн жана ал сулуулукка байланыштуу сөз экенин билгенде таң калганын жашырбай келишет.

ИНТЕРНЕТТЕ

GIF – "Graphics Interchange Format", биздин түшүнүк боюнча сүрөттөр менен алмашуу форматы же бир компьютерден экинчи компьютерге сүрөттөрдүн сапатын жоготпой өткөрүү форматы. Бул программа британиялык "CompuServe" фирмасы тарабынан 1987-жылы иштелип чыккан. Ал эми 1989-жылы буга анимациялык форматта сүрөттөрдү кошуу функциясын кошушкан. Азыркы учурда интернет айдыңында "гифка" деген термин кеңири колдонулат. 5тен 30 секундга чейинки убакытты камтыган, белгилүү бир маанини же элести калтырган видеонун кесиндисин "GIF" же "гифка" деп атап, түрдүү максатта колдонушат. Ошондой эле интернет колдонуучулар достору менен майрамдарда же туулган күндөрдө гифка катары гүл кармаган, өөп жаткан жана көзүн кыскан мамалак, коён сыяктуу анимациялар менен алмаша алышат.

МОДАДА

Сэтчел – сумка. 2012-жылдан бери айымдардын сүйүктүү буюмдарынын бири катары келе жатат. Сэтчел сумкалары алгачкы жолу мода индустриясында документтерди салып жүрүүгө ылайыкталып, эркектер үчүн чыгарылган. Кийинчерээк сэтчел мектеп окуучуларынын артына асынып жүрүүсүнө ылайыкташып чыгарыла баштаган. 2012-жылдан тарта мындай сумкалар айымдар арасында трендге айланды. Кийинүү стилине жараша сэтчелди артына асынгандар, узун асынгычы менен бир ийинине асып көтөргөн айымдарды көрүүгө болот. Заманбап сэтчелдер баштапкысынан ар түстө, түрдүү темир бекиткичтери, магниттери менен айырмаланат. Ошондой эле эң чоңунан капчыктын көлөмүнө чейинкилерин да көрүүгө болот.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
owtu
2016-05-16 14:12:31
МУАХ озгочо экен... менда опкон деп ойлогом)))
+1
№ 706, 13-май-19-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан