Аптанын мырзасы - ДАНИЕЛЬ

Жылдыз баян

– Алгачкы сөздү апамдан баштайынчы. Анткени ал инсан бар үчүн мен бармын. “Дүйнөдө эч нерсеге алмашкыс, издесең табылгыс, жоготсоң кайрылгыс нерсе – эне мээрими” деген учкул сөздү угуп, абдан таасирлендим. Апам Оштун кызы. Аты Камила. Кесиби боюнча врач-стоматолог.

– Көп кыздар “сен абдан сексуалдуу көрүнөсүң” деп айтып калышат. Кээ бирлери “оозун боёп, кашын терет экен” деп алышыптыр. Чынында, эч боёнбойм. Эркектин эркектей эле болгону жакшы.

– Чыгармачылыктагы агам – Канат Култаев, байкем – Мирбек Атабеков, досум – Алихан. Канат байке менен 2007-жылдан бери иштешип келатам.

– Айтматов – сүйүктүү жазуучум. Чынында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен чоңойдук.

– Мен апамдын эрке уулу болсом, эжем Жамийла менден өткөн эрке. Учурда КМЮАда 4-курста окуйт. Кандай гана маселе болбосун эжеме айтып, кеңешип, сырдашам. Кыскасы, экөөбүз бири-бирибиз үчүн баарына даярбыз.

– Моюнумда бир эмес, үч чынжырчам бар. Тумарды жакын байкем белекке берген. Ичинде арабча жазылган дубалар бар. Күмүш чынжырчаны болсо дос кызым тартуулаган. Дагы бири Алихандан эстелик. Негизи эле ушундай жасалгаларды тагынганды жактырам.

– Кичинемден бери ар кандай машиналардын сүрөттөрүн гезит-журналдардан топтоп келем. Бул машинаны Дубайга барган сапарымда көрүп калып сүрөткө түшкөм. Буюрса, мындай үлгүдө болбосо да, темир тулпарлуу болом деп жүрөм.

– Музыка – жашоомдун негизги бир бөлүгү. Бул сүрөткө Мирбек байке экөөбүз Дубайдагы сапарыбызда бир клубга барганда түшкөн элек.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
leylaaa
2010-02-22 22:33:10
ото татына жигит эмне кереги бар, боенсо да боенбосо да мага жагат!
0
bayash
2010-05-11 12:08:43
Даниель азаматсын ийгилик сага!!!Биз дайым сен менен!!! Оштон Гулбурак.
0
№ 381, 19-25-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан