2 майып кызын, карыган апасын баккан аял: "4 МАЙЫП ӨЛБӨСТҮН КҮНҮН КӨРҮП ЖАШАП КЕЛЕБИЗ"

"Эки доо бир келсе, амалыңдын кеткени, эки оору бир келсе, ажалыңдын жеткени". Мен мындай сөздү тоготпой калганыма канча жыл болду? Кээде ойлоп кетем, темирден жаралганмынбы деп. Оорукчан эки кызымды жайлуу жакка жайгаштырып койбостон кантип таштап кетем? Мен өлүп калсам өзүмө кайгырбайм, кыздарымды ойлойм. Анткени экөө тең майып, аларга кошулуп мен дагы жарым жанмын",- дейт 48 жаштагы Анархан Сулайманова.

"КҮЙӨӨМ ИЧКИЧ БОЛЧУ, ТАШТАП КЕТКЕН"
– Биз Жалал-Абад шаарында турабыз. Жолдошум экөөбүз ажырашып кеткенибизге 10 жылдай болуп калды, ал иччү. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү кызды төрөп койгонум үчүн жалгыз мен күнөөлүүдөй болуп, ичип алып сабачу. Экинчи кызым боюмда бар кезде да сабап, анын да майып болуп төрөлүшүнө күйөөмдү күнөөлөп кетем. Эки кызым тең балдардын шал оорусу (ДЦП) менен төрөлдү.
Улуусу 23тө, жакшы баса албайт. Тыйралаңдап араң жүрөт байкушум, ошентсе да үй тиричилигинин баарын ошол кызым кылат. Кичүүсү болсо 16 жашта. Улуу кызым барбай калган мектепке кичүүсү барсын деп аракет кылып башында окууга жиберип турчумун. Бир күнү сиңдисин мектепке алып баратканда жолдон экөөнү машина уруп кетип жатпайбы. Какаганга муштаган болуп, ого бетер басыгы начарлап кетти. Сүзүп кеткен унаанын айдоочусу дагы көзү көрбөгөн майып экен. Өзүбүзгө окшогон майыпка догурунуп эч нерсе дей алган жокмун. Кичүү кызым улам класстагы курбалдаштарынан артта калып жатып, мектепке бара албай калды. Азыр көрүүсү начарлап кеткен, жакшы сүйлөй албайт, оюн эптеп түшүндүрөт. Шаардык билим берүү бөлүмү жардам катары үйгө мугалим жиберип, алар дүйнө таанымын кеңейтүүгө көмөк берип, окутуп турушат. Өзү 13 жашында буту баса баштаган. Ага чейин эки тизесин бириктирип алып кызыл ашыгы менен басчу. Гипске салып түздөп, тизесин ажыратканбыз.

"ИНИМ АПАМДЫ БАКПАЙ МАГА БЕРИП КОЙДУ"
– Өзүм дагы 2-топтогу майыпмын, 6 жашымда колума 3 жолу операция жасалган. Кийин өтүмдү алдырдым. Төрөттөн кийин онкологиялык жактан жабыркап, жаман дарт жабышып, 9 жыл мурун жатынымды алып салышты. Ошентип жатып баш-аягы 7 жолу наркоз алдым. 5-6 ай сайын Бишкекке барып дарылануу курсунан өтүп турушум керек болчу. Былтыр ноябрда барган боюнча ал жакка дагы барганга шарт жок.
7 жылдан бери батирден батирге көчүп, кыздарым менен кыйын турмушту көрүп келем. Минтип темселеп калганга чейин сиңдимдин үйүндө жашачубуз. Күйөө баламдын короосуна 2 майып кызым менен батыша албай чыгып кеткем. Багы жокко дагы жок болуп, иним ичкич чыгып, апамды карабай, аны да колума алгам. 73 жаштагы апам дагы полиартрит менен жабыркап, баса албайт. Анан дагы жүрөк кемтиги менен жабыркайт. Ошентип өзүм менен кошо 4 майып бир батирде өлбөстүн күнүн көрүп келебиз.

"ҮЙ БЕРГИЛЕ ДЕП СУРАНЫП ЖҮРҮП ТҮҢҮЛҮП ДА КАЛДЫМ"
– Мамлекет тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катары баарыбыз биригип 9500 сом жөлөк пул алабыз. Апам 6000 сом пенсия алат. Анын деле бир тобу өзүнүн дары-дармегине кетет. Мындан 7000 сомду ай сайын батир акысына төлөйбүз. Батирдин ээси бир бөлмөсүнө оокаттарын киргизип, бизге тапшырып кеткен. 1-кабат болгондуктан ным тартып, чычкандын көптүгүн айтпаңыз. Мындан сырткары суу, таштанды, газ, электр жарыгына деп коммуналдык төлөмдөрдү төлөйбүз. Үй-бүлөбүздө болсо эч ким иштебейт. Мен эптеп колуман келген ишти кылайын десем, доктурлар "2 килограммдан ашык эч нерсе көтөрбө" дешкен. Кардым жарылган, жамалган, айтор, эскирген куурчактай элемин.
Доктурлар деле бизге окшогон акчасы жокторду кайдан карасын? Маалы келгенде тизмесинен карап, "өлгөн жокпу, жүрөбү?" деп текшерип коюшат. "Ушул үй-бүлөгө жардам керек" деп деле бир мамлекеттик орган басып келип акыбалыбызды сурап койгон эмес. Жалал-Абад шаардык мэриясына үй тууралуу кат жаза берип чарчадым. "Тизмедесиңер" эле дейт. Акыркы үч жылдан бери үмүтүмдү үзүп барбай да калдым. Бишкекте жашап жүргөнүбүздө квартал сайын көңүл буруп, көмүр берип турушчу. Кийин атам каза болгондо Бишкекте жашоо оор болуп, бул жакка келе бергенбиз. Жалал-Абадда андай жардам деле жок.

"АЙЫГАРЫМА КӨЗҮМ ЖЕТПЕЙТ"
Апасынын сөзүнө улуу кызы Айпери Сулайманова да аралашып, татаал тагдырын айтып, көзүнө жаш алды:
– Бардык нерсеге акылың жетип турат, бирок колуңан эч нерсе келбей, аракетсиз отурган эң жаман нерсе экен. Эшикке чыгып баса албайм, апамдын оорун колдон алып жардамдаша албайм. Таап келгенинен тамак жасап эле үйдө отурам. Биздей жарым жандарды багып отурган апама эле боорум ооруйт. Кайдан каражат таап келип жатат, кандай азап менен алып келди деген ойлор мага тынчтык бербейт. Абалым жакшырып кетеринен деле үмүтүм үзүлгөн. Айыгарыма көзүм жетпейт. Же билимим жок болсо, китеп карайын десем көзүм ооруйт. Жаш туруп мындай жазаны кайсы күнөөм үчүн тартып жатканымды деле билбейм.

"Эки кызым тең тубаса шал оорусу (ДЦП) менен төрөлгөн".

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Baktyluu_bolgum_kelet
2016-05-23 12:27:22
Боорум ооруп кетти ай ушунчалык. Ээ, Кудаай ушулар деле бактылуу кундорду корушсо экен. Ээ, Аллахым озун ушуларга шыпаа бере кор.
+16
Begimai85
2016-05-23 13:36:21
Умутунорду узбогуло кудайым жардам берет
+12
mmdina2013
2016-05-23 14:06:40
O ALLAH bir ozun koldo bul ui buloonu!
+7
Gul.08
2016-05-23 14:49:18
Кудай десениз кудайым куруу калтырбайт,биз да кудайдан тилейбиз
+9
Swallow
2016-05-23 16:25:56
Boorum oorup ketti... Kana emi kolumda bolso uy alyp bersem. Birok sabyr kylynyzdar, turmywta ar nerse bolot. Kudayim ozu koldosun sizderdi...
+3
Fatima2016
2016-05-23 16:47:47
Кудай буюрса сиздин дагы арыгынызга суу келет.Бул дагы Алланын сизге берген сыноосу коп коп дуба кылыныз эрте менен турганда бугунку кунунуз жакшы кун менен отушун тилениз
+6
lelik
2016-05-23 17:09:58
Окуп алып аябай журогум ооруп жатат. Мамлекетке 1 уй бериш кыйынбы? Супер инфо аркылуу Алмазбек Атамбаевге кайрылса болбойтбу..? Баары биригип 9500 сом алышат экен,ал эмнеге жетет..? Мени аябай ойлондуруп койду
+6
raiana53
2016-05-23 20:01:57
ее Аллахым ушул уйбулого шыфаа берчи женилдик кылчы.Атамбаев байке 1 комната болсода уй берип коюнусчу буткул кыргыз элинин атынан суранам((((не деген акчалар ысырап болуватат
+2
Kroxa
2016-05-23 21:15:10
Окмоттон эч жардам жок уй бериш керек го биринчи орунда,,таш боор бийликтегилер Жон териси менен сезип козу менен корсо да кормоксон..билсе да билмексен,кантейин Ай кудай колдосун женилинен бере корсун...
+2
emir_muslima
2016-05-23 22:35:34
Атамбаев 6-млн.чу балага квартира акча берди.ал аял ОЗУ эле 6млн.торогонсуп.ушундай майыптарга конул болуп койсо болот эле. Аллахым жакшы кундорду буйурсун сиздерге
+1
dastanbik
2016-05-23 23:34:47
Урматтуу Админ, сураныч. Ушул уй-булонун адресин, телефон номерин билип бере аласынарбы? Мен Кыргызстандан сырт жакта болгондуктан силер аркылуу табыш оной деп ойлойм. Тапсанар менин жеке баракчама жооп калтырып коюуунуздарды суранам. Аллах ыраазы болсун.
+1
Гүлжан Асанкожоева
2016-05-24 09:22:30
dastanbik, Үй-бүлөнүн дареги: Жалал-Абад шаары, Токтогул көчөсү 52, 4-квартира. Анархан Сулайманованын телефон номери 0553279064, жардам берем дегендер үчүн.
+2
tim11ai
2016-05-23 23:47:28
Иий эң эле өкүнүчтүүсү жогору жактагылар ушундай адамдарга жардам бербегени
+1
kyrgyzstan00
2016-05-24 03:06:59
Иий,байкуштарымай окуп журогум ооруду,олгондун устундо комгон болуп.Мен да 6 млнду айтайын дегем,жон эле акчаны ысырап кылбай ушуга окшогондорго жардам кылсын.Супер инфо силерге ыракмат,кабар айтып турган.Аллахым жакшы кундорун насип этсин,колдо эле болсо гана жардам бермекмин,каап,отто окунучтуу,эже сабыр кылыныз.
+1
Imaraliev
2016-05-27 16:07:52
Аллахым оз шыпаасын берсин , оо Аллахым озунган жардам беруучусун,дарты да берген Аллахым шыпаасында озу берет,
0
Abutyan0
2016-11-16 21:45:08
Оо аллахым жардамыңды аяба
0
№ 707, 20-май-26-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан