– Бир кезде бактылуу күндөрүм түгөнбөчүдөй сезилчү. Азырчы, азыр анын бири да жок. Мен кетирген катачылыкты башкалар да кайталабасын деп окуямды айтып берүүнү чечтим.
Жигитим Азат менен бир клиникада чогуу иштейм. Бири-бирибизге жипсиз байлангандайбыз. Көргүм келип сагына түшсөм 10 эле кадам, дароо кабинетине жетип барам. Азатымдын элде жок жытын шуу этип жыттап алсам эле болду, бактылуу болуп калам. Жигитим тиш доктур болуп иштесе, мен пациенттер заказ кылган тиштерди даярдап берүүчү техник болуп иштейм. Дээримден жоош, улунуп-жулунбаган кызмын. Балээнин баары бир күнү жөн жерден башталды. Жумуштар менен бир тиш доктурдун кабинетине кирип калсам столдун үстүндөгү кооз сувенир – ак куунун түбүн чукулап жатыптыр, анда деле этибар алган эмесмин.
– Сонун ак куу экен, белекке алгансыз го?- деп койдум. Байке эмнегедир суроомду жоопсуз калтырды.
Кийинки күнү дарыгердин кабинетине кирип баратып бир кызыкка туш болдум. Байке ак куусунун түбүнөн акча алып жатыптыр. Көрсө, ал акча чогултуучу куту экен. Баарын көрдүм, түшүндүм, бирок көрмөксөн, билмексен болуп койдум. Байке да мени байкабай калды окшойт, унчукпаганына караганда.
Жумуш күнүм кадимкидей өтө берди. Менин болсо оюмдун баары ак кууда болуп туруп алды. Байкенин акчаны алып жатканы көз алдымдан кетпей айламды кетирди. Бирөөнүкүн алган күнөө деп өзүмдү урушуп да оюмду жеңе албай койдум. Ошентип ак куунун ээси канчада кетет, эртең менен канчада келет, анын баарын бир жумадай иликтеп, тактадым. Андан кийин ак кууну кармалап көрүп, акчаны сууруп чыксам болобу байкаштыра баштадым. Мунун да жолун таптым. Кыйратып салгансып өзүмчө сүйүнүп коём. Бир күнү керектүү маалды күттүм да, доктур чыгып кеткенде калп эле столду жыйнамыш болуп ак куудан акча сууруп алдым. Биринчисинде эле 1000 сом чыкты. Ал күнү ушуга шүгүр кылайын деп, кабинеттен атып чыктым. Колдорум калтырап, жүрөгүм лакылдап жатты. Бул калтырак көптө барып басылды. Ичимден "кармалып калсам өлдүм, бүтүндөй клиникага шерменде болом, экинчи мындайга барбайм! Азат билип калсачы?" деп жигитимди да эстедим.
Акчанын азгырыгы жаман экен. Колумду, акчага болгон сүйүүмдү тыя алган жокмун. Эртеси дагы алдым. Ошентип жүрүп бир топ алып койдум. Салынгандардын бардыгы 1000 сомдуктар окшойт, жалаң ушул сумманы сууруп жүрдүм.
Бир күнү коридордо баратсам кийим илчү жерде ак куунун ээси өң-алеттен кетип бакылдап жатыптыр, жанында орган кызматкери. Дароо бир нерсе болгонун сездим, бутум шилтенбей токтоп, жүрөгүм опкоолжуп оозума келди. Чын эле акчасы азайып жатканын билип калыптыр. Иликтөө жүрө баштады. Мен шек алдырган жокмун. Бирок коридордогу видеокөзөмөл мени шектүү кылып көрсөтүп бериптир. Камера кабинетинде жок деп эле, коридорду ойдон чыгарып коюптурмун. Мени милиция кызматкерлери түз эле Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына алып барып, суракка ала башташты. Мындайды көрбөгөн жаным дароо эле моюнума алып, көз жашымды көлдөтүп отуруп бердим.
Алган акчамды тигил дарыгер 50 миң сом деп айтыптыр. Бирок мынча акча алганымды эстеп, эсебин чыгара алган жокмун. Мындай тагдыр башыма келет деп эч ойлогон эмесмин. Бетимдин тызылдап чымыраганын айтпа, ушундан көрө жер жарылып кирип кетсем кана?! Айыбым ачылгандан кийин эмне кылмак элем, байкеме чалдым. Ал бир ооз сүйлөгөн жок. Бырылдап ыйлап жатканымдан аядыбы же оозуна сөз келбедиби, билбейм.
Байкемдин кийлигишүүсү менен тиги дарыгер милициядан арызын алып, тосмо арыз жазып берди. Баары бүттү. Эми эмне кылам? Акчага болгон азгырыктын айынан ишимден да ажырадым. Андан да жаманы, мени түйшөлткөнү жигитим болчу... Ызы-чуу түшүп мени кармап кетишкенде Азат байкушум бир сыйра милиция кызматкерлери менен кызаңдаша кеткен болчу. "Кандайча? Кайсы фактыга таянып алып кетип жатасыңар?!"- деп муштум түйүп кала берген. Мен эмне демекмин, жер караган бойдон басып кеткем.
Ошол боюнча мага ишенген, менсиз жашай албайм деген Азатымдан кабар болбоду. Менин да ага чалганга эрким жетпеди... Эмне дейм, "кечир мени, азгырылып кеттим, мындан ары кайталанбайт" дейминби? Мага ишенеби? Мени кечиреби? Ошол окуядан кийин дагы деле баш көтөрүп жүрө албай калдым. Гезит аркылуу байкеден, Азатымдан кечирим сурайм. Жигитим мени кечирбесин билем, бирок мага кабарлашып, ак же көк деп койсо дейм...
Акылай
Сүйүн Кулматова