Бөбөктөр сүйгөн ``КЕРЕМЕТ КӨЧ``

Анимация дүйнөсүндө

“Жүрү деп шамал шашылат,
“Керемет көч" жолго чакырат...”
деген таттуу үндөр теледен чыкканда, биздин кичинекей бөбөктөр сыналгынын маңдайына чогулуп калышат. Ооба, бул ырды “Керемет көч” телеберүүсүндөгү Актан менен Акылай аткарышат. Ал эми биз бүгүн жогоруда айтылган каармандарыбызга конокко барабыз.

АЛГАЧКЫ ЭФИР
Бул телеберүүнүн менеджери Туребекова Назира жаралуу тарыхынан сөз баштап берди.
– “Керемет көч” анимациялык берүүсү алгачкы жолу 2006-жылы 14-ноябрда эфирге чыккан. Мына ошол күндөн тарта эле бул телеберүү бөбөктөрдүн жүрөгүнөн орун таба алды.
Алгач эфирге чыга баштаганда окурмандардан күнүнө 20дан ашык кат келчү. Ал каттардын көбү бизден жардам сурап, мисалы, “апамдын сүйүктүү чынысын сындырып алдым, эмне кылсам болот?” деген мааниде эле. Кээ бирлерине эфирден берген жомокторубуз аркылуу жооп берсек, кээ бирлерине отуруп алып кат жазчубуз. Биздин көрүүчүлөрүбүздүн негизги бөлүгүн алыскы аймактардагы бөбөктөр түзөт. Кээ бирлери “мага Актанды, Акылайды чакырып койгулачы?!” деп чалышат экен. Алгач Актан менен Акылайды улуу эле актёрлор сүйлөтүшчү. Бул байкалып калып жаткандыктан, жаш балдарды алууну чечкенбиз.

КИМДИ КИМ СҮЙЛӨТӨТ?
Такай – Махабат Байгабылова, актриса:
– Такайдын үнүн образдуу, бөбөктөргө жеткиликтүү кылып берүү оңой эмес. Ал эми Акылайды сүйлөткөн менин кызым Адеми. Кызымдын келечекте экономист болом деген ою бар.

Актан – Дастан Мадалбеков, Бишкек шаарындагы №5-гимназиянын 8-кла­ссы­нын окуучусу:
– Талас шаарында 7-класста окуп жаткан кезим эле. Бир жолу “Тай күлүк” берүүсүнө алпаруучулар талап кылынат” дегенди сыналгыдан окуп калдым. Мен өз күчүмдү сынап көргүм келди. Анан Таластан Бишкекке келдим. Жүздөн ашуун балдардын ичинен төрт кыз, төрт бала өтүп кеттик. 2-3 жолу алпаруучу болгондон кийин апам телефон чалып “Керемет көчкө” да балдар талап кылынып жатыптыр, катышып көрбөйсүңбү?” деп калды. Мен буга чейин эле "Керемет көчтү" калтырбай көрчүмүн. Чынын айтсам, кароого абдан таланттуу балдар келиптир. Бир бала жаныбарлардын үнүн укмуш туурады. Бирок мен “Керемет көчтөгү” Актандын ролуна өтүп кеттим. Ошондуктан окуумду Таластан эмес, Бишкектен улантууга туура келди.
Биринчи жолу микрофондун алдына отурганда таманыма чейин тердеп кеткеним эсимде.

Акылай – Адеми Кулмамбетова, Бишкек шаарындагы №72-мектептин 6-классынын окуучусу:
– Кастингге барганымда алдыма койгон текстти так жана образга кирип окуп бергеним үчүн өтүп кеткем. Мектепти бүткүчө “Керемет көчтөгү” Акылайды сүйлөткүм келет. Учурда 6-класста окуганым менен, 5 жаштагы Акылайдын үнүн келиштирүү оңой эмес. 7 жаштагы сиңдим Аземи да “Керемет көчтөгү” тыйын чычкан, коёнек өңдүү каармандарды сүйлөтөт.

Мына окурман, бөбөктөрдүн сүйүктүү каармандары болгон Актан жана Акылай менен тааныштыңыздар. Балдарга "Керемет көч" тартуулаган жаш таланттар дайыма бар болушсун.

Силер сүйгөн "Керемет көч" анимациялык фильми Улуттук телевидениенин балдар үчүн телеберүүсү, "Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду" (ЮНИСЕФ), "Сорос- Кыргызстан", "Ага-Хан" фонду, КРнын Президенттик администрациясынын алдындагы Балдарды өнүктүрүү долбоорунун колдоолору менен эфирге чыгат.

Бахияна Сатылганова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Тынчтыкбек
2010-03-11 19:53:41
Жакшы программа, бирок кээбиринде бир ала топучан сартты коруп калам, анан да такай. Биздин идеологиябызга туура келбейт. Сартташтыруу...
+1
almasbek
2010-03-28 23:15:23
казактардын тв каналынан тан калышып керемет кочтун суротчусу кичинекей (бала же кыз деп корсотушкон эсимде жок)
0
№ 381, 19-25-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан