Адатта жылдыздарга чалганда номерлерин издеп таппай калабыз. Камчы Сарыбаев болсо көп жылдан бери бир номерде жүрөт. “Мен таза жүрөм да. Ошон үчүн номеримди такыр алмаштырбайм” деген актёр бапылдап кесиби тууралуу кызыктарды айтып берди.
– Камчы мырза, атактуулукка карай жолуңуз шыдыр болдубу же көп кыйынчылыкка тушуктуңузбу?
- Чыгармачылык жактан жолум шыдыр болду. Кинодо “Дезертир” деген тасмада тушоом кесилди. Андан соң Чыңгызхан тууралуу тасмада эпизоддук роль жараттым. Мурат Мамбетовдун “Чиркин өмүр” сериалына тартылдым. Артынан жарнамалык роликтер кетти. Кызыгы, мага суусундук, ун сыяктуу оокаттарды жарнамалап бериңиз деп сунуштай беришет. Жакында эле бирөө"колбасаны жарнамалап бербейсизби?" деп келиптир.
Чынын айтсам, азыркыга чейин көңүлүмдөгү ролду ойной элекмин. Менин могу жагымда (көкүрөгүн көрсөтүп) сакталып турган бир роль бар. Балким, кийин ошол тилегим ишке ашып калар.
– Тасмага тартылуу үчүн сөзсүз билим болуш керекпи же талант жетиштүүбү?
- Азыр бир эле адам билим албай киноактёр, ырчы, композитор да болуп жатпайбы. Аларды көрүп апей, кечээ эле ырдап жүрбөдү беле, актёр болуп кеткен турбайбы деп калам. Андайларды “одноразовый” актёрлор деп билем. Ашып кетсе 2-3 тасмага тартылат, андан ары фантазиясы деле түгөнөт.
– Сиз тартылган тасма сатыктан көрүүчү чогулта албай калса текке кеткен эмгек, аракетиңиз үчүн өкүнбөйсүзбү?
- Албетте, өкүнөм. Актёр пластилиндей эле, режиссёр кандай калыпка салса, ошондой болуп кете берет. Азыркы жеңил тасмалардын кемчилиги – жоопкерчиликтин жоктугунда. Тасма тартуу үчүн алдын ала актёр ким болот, кийими кандай болот, каякта, кандай аба ырайында тартылат, баарын пландаш керек. Ошондо гана жыйынтык жакшы болот. Азыр чала калып эле “Камчыке, түштөн кийин келе калбайсыңбы?” дегендер толтура. "Ай, кандай кино, эмне кийишим керек?" десең, “келе берсең бул жактан тууралап коёбуз” дешет. Келсең тартат да, кинону укмуш даңазалап жарнамалап салат. Ага ишенген эл келет да, көрүп "ушул да тасмабы?" деп түкүрүп чыгат. Элдин келген-келбегенинен эле режиссёрдун билим деңгээли билинип калат.
Бир жагынан жеңил тасмалардын тартылганы да жакшы. Бара-бара арасынан иргелип отуруп сапаттуулары сөзсүз чыгат.
– Быйылкы Маданият жана тарых жылына карата сиздерге кандайдыр бир колдоо көрсөтүлүп жатабы?
- Биздин актёрлорго иштөөгө стимул жок болуп калды. Айлыгыбыз 5000 сом, мораторий жарыяланып мурункудай Эл артисти деген сыяктуу сыйлыктар да берилбей калган, премия алчу элек, ал да жоюлуп кетти. Кишиге стимул болуш үчүн же айлыгын көтөрүп, же премия берип, же сыйлык берип койсо болмок. Азыр фанаттар жөн эле кагылып-согулуп жүрүшөт. Бир чети карап бооруң ооруйт, бир чети эмне иштеп жүрөт деп жиниң келет. Же колдон башка эч нерсе келбесе... Анан эле майрам, шаан-шөкөт болгондо "артисттерди чакыргыла, аянтка келишсин" деп калышат. Элестет, маданиятка мамлекеттик казынадан 0,03 пайыз эле бөлүнөт экен. Азыр маданият менен спорт бизди чет өлкөгө таанытып жатат да, туурабы? Анан ошолор үчүн бир темирди жасап берсе деле "ии" деп сүйүнүп калбайбызбы. Айлыгыбыз болсо аз, айла жок, тамадалык менен жан багып жүрөбүз. Эгерде айлыгым жакшы болсо, тамада болуп иштемек эмесмин.
– Келиңиз эми, кепти үй-бүлөңүзгө буралы. Алдыда жакшы кабарыңыз бар экен...
- Ооба, буюрса, жакында үй-бүлөбүз дагы толукталганы турат. Бир күнү театрга кирип баратсам Элнура
"УЗИге түштүм, кыз экен" деп чалып калды. “Жакшы, мен репетицияга кирип жатам” деп эмоциямды билдирбей телефонду өчүрүп койдум. Трубканы койгондон кийин өзүмчө сүйүнүп, кесиптештериме айтып алып кечке кубанып жүрдүм. Бирок үйгө келгенде анын бири жок. Мен эмоциямды ачык айтып көнгөн киши эмесмин. Жубайыма деле сүйөм-күйөм деп айта бербейм. Аябай сүйүп баратсам акырын кучактап, бетинен сүйүп коём. Анча-мынча кыздарга караганда келинчегим өзүмө ак куудай эле көрүнөт. "Жаркылдаган жакшынакай келинчегиң бар экен" дегендерди угуп өзүмчө топук кылып кудуңдап алам. Бирок, албетте, жубайыма ал сөздөрдү айтпайм.
– Артыңыздан айтылган кептерди териштиресизби? Мисалы, өткөндө бир окурман чалып сизди "тойго заказ алып өзү келбей койду" деп айтты эле...
- Мурдагы күнү дос балам экөөбүз кафеде отуруп калдык. Официанттар келип учурашып, чогуу сүрөткө түштүк. Ошондо досум айтат, "Атактуу болгон ушундай турбайбы. Баары эле келип учурашып, сүрөткө түшөт экен" деп. Ага мен айттым, "Мисалы, силер каалаганыңарды кыласыңар. Эч ким эч нерсе дебейт. А эл көзүнө көрүнүп калгандан кийин кокус туура эмес күлүп, сүйлөп койсоң, тайгаланып кетсең элге шак эле көрүнүп калат" деп. Ушул кезге чейин мени жакшы да, жаман да кептер ээрчиди, "экинчи үй-бүлөсү бар" деп да чыгышты. Жеке өзүмө тийиштүү кептерге көнүп калгам, териштирбейм. Эгер үй-бүлөмө тийишсе кийлигишем. Бир жолу ошондой окуя болду эле, түбүнө чейин жетип, эркекче сүйлөшүп койгом.
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg