Эдил Байсалов, коомдук ишмер: «ЭЛ АРАСЫНДА ЖҮЗҮҢ ЖАРЫК ЖҮРГӨНГӨ ЭМНЕ ЖЕТСИН?!»

Эдил Байсаловдо ар бир суроого өзгөчө жооп бар. Анын көз карашы көпчүлүктөн айырмаланып турат. Анан калса ушундай эмоция менен сүйлөйт дейсиз...

– Эдил Жолдубаевич, орчундуу окуянын ар бирине өз пикириңизди айтып чыгасыз. Айтор, универсалдуу эксперттин образындасыз. Бирок сизде да турмуштук маселелер, кубаныч, кайгы, көңүл калуулар болуп жаткандыр...
– Учурда бардыгы жакшы. Жеке ишкерлик менен алектенип жатам. Эч кимден акча сураган жокмун, Кудайга шүгүр. Үй-бүлөм жөнүндө айтсам, 2009-жылдагы шайлоодон кийин "бюллетендерди элге жарыялап жиберди" деп ар кайсы шылтоону айтып бакиевчилер куугунтуктап баштаганда мен Швецияга үй-бүлөм менен чыгып кетүүгө аргасыз болгом. Келинчегим ошол жактан абдан жакшы жумуш таап иштеп жаткан. Анан кайра Кыргызстанга келерде экөөбүз бир чечимге келип, ал ошол жакта кызым экөө калган. Жакында ал жубайым менен ажыраштым. Азыр ажырашкан, бирок үйлөнөм деп жаткан адаммын.
Кызым 9 жашта. Ар ай сайын же мен Стокгольмго барып турам же ал Кыргызстанга келип, жүрүп кетет.

– Көп саякаттайсыз, биздин өлкөгө окшош, бирок алда канча өнүккөндөрүн көрүп «мына биздин жол, биз да ушинтишибиз керек» деген ойго кептелдиңизби?
– Алыскы өлкө дебейин, бир эл болгон казактарды карагылачы. Алматыны, жок, Алматы дагы эмес, Кордайды эле карагылачы. Кандай өнүгүп жатышат?! Жашоолору абдан жакшы. Биз эле эркелеп жүрөбүз. Демократия куруп жатабыз, акча бергиле, биз кыйналып жатабыз, акча бергиле, кыскасы, ар кандай «каприздерибизди» көрсөтөбүз да турабыз. Биз улут катары өсүп жетиле элекпиз деп ойлоп калам. Болбосо мамлекетибиз 25 жашка чыкты. 25 жаш бул адам катары калыптанып калган мезгил да.

– Себеби эмнеде, сиздин оюңузча?
– Мага таарынышпасын, бирок биз өзүбүздүн казаныбызда, өзүбүздүн коктубузда эле кайнай берет экенбиз. Башка өлкөгө чыгып көрсөңөр, бири-бири менен кандай жылуу учурашышат, тааныбаган кишилерге деле жылмайып турушат. Жаңычылдыкты чын дили менен кабыл алышат, жаңы нерселерди үйрөнгөнгө ашыгып турушат.
Дүйнөдөгү элдер адегенде алачыкта жашашты, анан ылайдан там салышты, анан таштан, анан кыштан. Бийик-бийик имараттарды курушту. Кыргызчы? Боз үйүндө келатат. Жайлоого чыгат, жайытында тоюту түгөнсө, башка жакка көчүп кетет. Ошол азыр да бар. А жетекчилерибиз болсо элди башкарууну билбей жатышат. Алар элди ээрчиткендин ордуна элди ээрчип кетип баратышат. Эл бизге бул жакпайт дедиби, аа, жакпайт экен, токтоткула дейт. Элди жетелеп, мына бул тепкичке чыгабыз, анан бул тепкичке, ушинтип өнүгөбүз деш керек да. Билимдүү адамдардын, чет жерди көргөндөрдүн да оюн угуу кажет. Эгер оюңду кошсоң, сен унчукпа, эл айтып жатат дешет. Мен эл эмесминби? Мен да элмин. Жок, сен чет элдик тыңчысың дешет.

– Тыңчы деп калдыңыз. Элге жакпай жатканыңыздын себеби ушунда эмеспи?
– Менин күлкүм келет. Азыр айтсам сен да күлөсүң. Акаевдин учурунда «Акаев туңгуюкка алып баратат, Айдар уурдап жатат, күйөө баласы уурдап жатат» деп какшадым. Анан мамлекеттик телеканалдардан, гезиттерден "бул деген тыңчы, бул деген элди ойлобойт" деп мага чакалап жугунду куюшту. Акыр түбү Акаевдер куулат деп сезип жүргөм. Ойлогонумдай эле болду. Анан түшкө чейин Акаев сонун деп жаткандар түштөн кийин эле «эл, эл» деп кыйкырып, Акаевдерди сөгүп жатып калбадыбы. Мени камайбыз деп жүргөндөр акаевчилерди камап башташпадыбы.
Бакиевдин учурунда «булар жыргатпайт, Максим башкарып калды, Жаныш соттолуш керек» деп чыңырып жүрдүм. Мамлекеттик телеканалдар, кошоматчылар "Байсалов тыңчы, анын колунан жакшылык келбейт, элди ойлобойт" деп тытмалашты. 7-апрелде түшкө чейин Бакиев сонун дегендер түштөн кийин ошол эле Бакиевди каргап-шилеп калышты.
Акыр аягында белгилүү болду. Мен мамлекеттен уурдаган эмес экенмин, мамлекеттин келечегин ойлоп башымды сайып коюптурмун. Уурдаган ким экен? Уурдаган Айдар, уурдаган Максим. Бирок ким жаман, ким тыңчы? Албетте, Эдил. Мага жабыштырылган образ калып калды. Эл кубулма мамлекеттик телеканалдарга, кошоматчыларга, 180 градуска өзгөрүлүп, биринчи бийликтен экинчисине секиргендерге ишенет.
Мына, Викиликс деген компроматтарды жарыялаган сайт чыкты. Кыргызстан тууралуу АКШнын жашыруун телеграммалары жүрөт. Аны биздин эл, жадакалса мамлекеттик коопсуздук кызматкерлери, тышкы иштер министрлери окуган жок. А мен окудум. Англисче билем. Байсаловдун Кыргызстанга каршы чыккан бир да ою жок ошол жерде. Ишенбесеңер карап көргүлө.

– Саясий жана коомдук иштерге карата сын-пикириңизди интернеттеги баракчалар аркылуу жарыялап турасыз. Адатта интернет аркылуу акыл үйрөтө бергендерди «диванный генерал» деп коюшчу эле. Ошондой персонажга айланып кетем деп чочулабайсызбы?
– Жок, мен «диванный генерал» эмесмин. Ага айланбайм. Сен мага башында туура сүрөттөө бердиң. Мени универсалдуу эксперт деп атадың. Универсалдуу экспертмин, себеби ар бир маселеге өз көз карашым бар. Ооба, интернетте абдан активдүүмүн. Өзүмдүн оюм, позициям бар. Мен эч убакта чындыкты жашырып коё албайм, жагабы-жакпайбы, өз оюм менен бөлүшөм. Үн кошом. Эң ириде элдин кызыкчылыгын ойлойм.

– Бир катар оппозициячылар камакка алынышты. Бул саясатчыларды эл шайлоо кезинде көргөн эмес. Учурдагы оппозициянын шайлоо аркылуу мыйзамдуу бийликке келүүгө ишеними жокпу?
– Алар мени да чакырышкан. "Артыбызда чет элдик генералдар бар" дешет. "Кыргызстандын тагдырын чет элдик генералдардын колуна салгыдай силер кимсиңер" деп айткам.
Азыр эмнегедир акча таратып, Ак үйдү басып алып, бийликти алмаштырууга болот деп ойлошот экен. Акаев да, Бакиев да жалпы элдин каршы чыгуусунан кийин кеткен. Кийинки бийликти эл колдоп берип, бардык органдар баш ийип беришкен. А буларда элдин колдоосу жок. Мындай болбойт. Биз акыры цивилизациялуу жол менен өнүгө башташыбыз керек.

– Сиз өткөн бийликти да сынга алып жүрүп куугунтук жегенсиз. Азыркы бийликти да жакшы көрө бербейсиз. Кызматсыз калтырышканы үчүн ушинтесизби?
– Мен эч убакта кызматка зар болгон эмесмин. Кызмат бергиле деп жалдыраган да жокмун. Эмне, менин колумдан кошоматтык кылган келбейт дейсиңби? Эмне, унчукпай сен жакшы деп коюп жүргөнгө башым жетпейт дейсиңби? Ага акылым жетип эле турат. Бирок мен антпейм. Элдин арасында ээн-эркин, жүзүң жарык болуп жүргөнгө эмне жетсин?!

– Позитивдүү ойлордон да бөлүшө кетпейсизби? Негативдүү маек болуп калбасын...
– Бардыгы эле жаман дегенден алысмын. Биз «эми жакшы эле болуп жатпайбы» деп канааттана беребиз. А бул учурда башкалар тытынып аракет кылып жүрүшөт.
Өзүбүздү өзүбүз тааныганга убакыт келди. Алдыбызда ачык-айкын максаттар болушу зарыл. Азыркыдан да көбүрөөк аракет керек.

БЛИЦ-МАЕК
– «Кырк чоро» катарына чакырса?..
– Аларга мен Манас катары эле барышым мүмкүн.

– Бош убакыт табыла калса?..
– Жөө басам. Тоого чыгам. Былтыр Ат-Башыдан Өзгөнгө жөө түштүм.

– Кыргызстандын тарыхындагы эң мыкты эл башчы ким?
– Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгү жарык көрдү. Окудуңарбы? Эми укмуш. Укмуш эл башчы болгон экен.

– Дүйнөдөгүчү?
– Алыс кетпей Нурсултан Назарбаевди да мыкты эл башчы деп айта алам.

– Интернет баарыбызды «зомби» кылдыбы же жашообузду жакшырттыбы?
– Ар ким өз деңгээлине жараша болду. Деңгээли начарлар "зомби" болушту, деңгээли жакшылар интернеттин жакшы жагын пайдаланып жатышат.

– Кыргызстанда кимдер бактылуу?
– Жайлоого чыккан жаш жигит, жаш келин, анан жөрмөлөп жүргөн наристе. Тоого жөө чыгып жүрүп ошолордун бактысына суктангам.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 707, 20-май-26-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан