КЫРГЫЗ ПАСПОРТУН САТУУ КАЧАН ТОКТОЙТ?

18-май күнү Түркиянын «Хаберлер» порталы Кыргызстандын бетин жер караткан маалымат таратты. Анда «Кытайдын Үрүмчүсүнөн Түркиянын Стамбул шаарына келип, андан ары Сауд Арабиянын Жидда шаарына умра (кичи ажылык) сапары үчүн бара жаткан 98 уйгур Кыргызстандын жасалма паспорттору менен кармалды» деп жазылат. 98 уйгурга паспортторду аэропортко 4 киши алып келип беришкен. Тергөө иштеринде ар бир уйгурдан жасалма паспорт үчүн 2500 евро алышканы белгилүү болгон.
2011-жылы «Супер-Инфо» гезити ажылык зыяратын уюштуруудагы коррупциялык схемалар тууралуу макала жарыялап, укук коргоочу Мирланбек Сатывалдиевдин маалыматы менен көп иштердин көшөгөсү ачылган. «Кыргызстандын визасы менен зыяратта жүргөн 29 түркиялык жаранды өз көзүм менен көрдүм. Алар уюмдун аталышын айтуудан коркуп, бирок ар бири «виза үчүн 2500 доллардан төлөдүк» дешти. Башка мамлекеттин жарандары менен да сүйлөштүм. Кытайдан келген 72 жаштагы уйгур киши ажылыкка баруу кезегин 22 жылдан бери күтүп келгенин айтты»,- деген эле укук коргоочу. Андан бери 5 жыл өттү.
Муфтияттын басма сөз кызматына кайрылсак, умра сапарына муфтияттын тиешеси жоктугун жана аны менчик агенттиктер уюштурарын билдиришти. Кытайдын бийлиги акыркы жылдары Синьцзян провинциясында жашаган уйгурларга бир катар тыюуларды салган. Интернетке жарыяланган маалыматтарга таянсак, 18 жашка чыга электердин мечитке, ажылык зыяратка баруусуна, орозо кармоосуна чектөөлөр киргизилген.
Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев жасалма паспорттор боюнча: «Бул маселе боюнча иликтөө комиссиясы түзүлдү. Мамлекеттик каттоо кызматы укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташууда. Бул жасалма паспорттор боюнча күнөөлүүлөр аныкталса, алар сөзсүз түрдө мыйзам чегинде жазага тартылат»,- деп билдирди.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 707, 20-май-26-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан