ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (23-майдан 29-майга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада каржы маселеси башкы темага айланат. Көйгөйдү бирөөлөрдүн жардамына ишенбей, өзүңүз чечүүңүз керектелет. Үй-бүлө мүчөлөрү менен болбогон нерсе үчүн ызылдашпаңыз. Иште болсо сиздин иш бааланат. Сырт келбетти өзгөртүү менен сизди кызыктырган адамдын көңүлүн бурдурууга жетишесиз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Кыймылсыз мүлк алуу же сатуу, же башка жакка көчүү кыйынчылыгы чыгат. Шаршембиде туура эмес сүйлөп балээге калуудан сактаныңыз. Жума күнү иштин көптүгү, үйгө коноктордун келиши сизди суй жыгылтат. Жекшембини өзүңүзгө арнап, ден соолугуңузга кам көргөнүңүз туура.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Чөйрөдөгүлөр сизге камкордук көрүп, бир нече иштериңизди чогуу бүткөрүп беришет. Жумушта сиздин тажрыйбаңыз керектелип, сыйлыкка татууңуз мүмкүн. Сапарга чыгууда жол кырсыгынан абайлоо зарыл. Көз карашыңыз туура келбеген адамдардын чөйрөсүндө болуп калбоо үчүн чакырган жерден баш тартыңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Ден соолугуңузду бекемдеп, уккан маалыматтардын чын-төгүнүн тактаңыз. Аптанын биринчи жарымында жолдо көп жүрүп, түрдүү адамдар менен таанышып, баарлашасыз. Аптанын экинчи жарымы короо-жайды жашылдандырууга, бүлүнгөн нерселерди оңдоого ылайыктуу. Алыстан келген жаңылык кубанычка бөлөйт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Сизди достор, жамааттык чыгармачылык кызыктырып чыга келет. Бирок эс алууга көп убакыт бөлсөңүз, иштер жыйналып каларын унутпаңыз. Шейшембиде маселелер оңой чечилет. Бейшембиде досмун деген адамдын дагы бир жашыруун мүнөзүн байкайсыз. Ишембиде үйдөгүлөр сиздин тапкычтыгыңызга муктаж болушат.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Көңүлүңүздүн баары коомдук иштерге, карьералык өсүүгө, жогорку кызматта тургандар менен сүйлөшүүлөргө бурулат. Абайлабасаңыз душман арттырып аласыз дешет жылдыздар. Жан дүйнөңүзгө жаккан адам менен сүйүү романын курууңуз мүмкүн. Чоң буюм аларда карап албасаңыз, кийин кайра өткөрүүдө кыйынчылык туулат.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Чет жерде жүргөндөрдөн кабар алуу, керектүү документтерди талап кылган жерге өткөрүү, балдарды эс алдыруу сыяктуу иштер чыгат. Акчаны үнөмдөбөсөңүз кийинки аптада кыйналып калууңуз мүмкүн. Бош убактыңызды эс алууга пайдаланып калыңыз. Көп нерседен үмүттөндүргөн жолугушуу үмүтүңүздү актабай калышы ыктымал.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Сизди кыйын, бирок унутулгус апта күтөт. Эркиңиздин күчтүүлүгүнөн кандай кыйынчылык болсо да муюбай чыга аласыз. Терс энергияга ээ болбоо үчүн сизге ким жагымдуу болсо, ошолор менен гана баарлашууга аракет кылыңыз. Бойдоктор сүйүктүүсү менен баш кошууну пландашат. Дем алышта хоббиңиз менен алектенесиз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Өзүңүздү ар тараптуу көрсөтүүчү апта. Коомдук пикирлерге каршы чыгуудан карманып, мыйзамды бузбаңыз. Дүйшөмбүдө тааныштар бир суранычыңызды аткарып беришет. Бейшембиде докторлордун кеңешине кайрылууңуз мүмкүн. Ишембиде үйдөгүлөрдү жакшы белегиңиз менен кубантасыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада майда иштерге көп убактыңыз коройт. Жумушта сизди бирге иштегендер коргоп жана колдоп турушмакчы. Тагдыр бир убакта бирге жүргөн таанышыңызга жолуктуруп кубандырат. Балдар кырсыкка чалдыкпашы үчүн аларды оттон, газдан, ысык суудан коргоо керек. Чала тааныш адамдарга ишеним артып, үй-жайыңызды көрсөтпөңүз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Сүйүшкөн түгөйлөрдө көйгөй жаралат. Бул бири-бирине толук ишеним артпоодон, меники гана туура дегенден чыгат. Жай отуруп талкуулабаса жыйынтыктын чыгышы күмөн. Калган суу куярлардын жашоо шартты жакшыртуу тилектери ишке аша баштайт. Чоң суммада болбосо да акчанын келип түшүшү күтүлүүдө.

БАЛЫК(20.02-20.03)
Чоң иштерди колго албай туруңуз, ийгиликтин коштоосу арсар. Уккан сындарга чычалабай, кемчиликтерден арылууга тырышуу керек. Шейшембиде досуңуз чогуу бир жакка барып келүүнү сунуштайт. Жума күнү эски окуя козголуп, бирөөлөр менен териштирүүгө чейин жетесиз. Ишембиде жамааттык ишке кол кабыш кыласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 707, 20-май-26-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан