18-майда «Сүлүктү-Көмүр» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин башчысы Урмат Нурбаев Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалганы маалым болду. Ал кызматтык абалын пайдалануу менен ишкананын директорунун милдетин аткаруучу Адыл Абдрахмановду кызматынан аларын айтып опузалап, банктык эсепке 115 миң сом котортуп алган деп айыпталууда. Маалыматтарга караганда, Нурбаевге карата «пара талап кылуу» жана «коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы» беренелери менен кылмыш иши козголгон.
Эске салсак, гезитибиздин өткөн сандарында интернет айдыңында «Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондундагы коррупция» деген аталыштагы аудиожазуу тараганы боюнча маалымат жарыяланган. Анда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Алмаз Кадыркуловдун кеңешчиси Кубаныч Шатемиров, «Сүлүктү-Көмүр» ишканасынын башчысынын милдетин аткаруучу Адыл Абдрахманов, ошондой эле ишкананын директорлор кеңешинин башчысы Урмат Нурбаев делген адамдардын ортосундагы сүйлөшүү баяндалган. «Сүлүктү-Көмүр» акционердик коомунун төрагасы Урмат Нурбаев бул аудиожазууну өзү тараткандыгын, ага карата жасалма кылмыш иши козголгондугун билдирген болчу. Андан аз өтпөй эле Нурбаевдин камакка алынганы күдүк ойлорду жаратууда.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg