ЭКОТЕХИНСПЕКЦИЯ «КУМТӨРДӨН» 7 МИЛЛИАРД СОМ ӨНДҮРМӨКЧҮ

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканасын сотко берди. Инспекция «Кумтөр» кен казган жеринде экологиялык, техникалык жактан бир нече мыйзам бузуп, жер ресурстарына 7 миллиард сомго зыян келтирилген» деп Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна 4 арыз менен кайрылды.
«Кумтөрдүн» өкүлдөрү коюлуп жаткан күнөөлөр негизсиз деп, өз кызыкчылыктарын коргошорун билдиришүүдө.
Бул «Кумтөргө» карата чабуулдун экинчи этабы болду. Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде «Кумтөрдүн» Бишкектеги кеңсесинде Башкы прокуратура тинтүү иштерин жүргүзүп, каржылык мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголгон.
Ал арада «Центерра Голд» компаниясынын директорлор кеңешине мүчөлөрдү шайлоо болуп өттү. Кыргызстан сунуштаган Бектур Сагынов, Эдуард Кубатов жана Нурлан Кыштобаев, ошондой эле «Центерра» көрсөткөн 8 адам шайланды.
«Кумтөр» ишканасы ачылган күндөн тартып экологияга оор залал келтирип, бирок Кыргызстан ага тең келер пайдасын көрбөй жатканы дайыма айтылат, цифралар, фактылар келтирилет, комиссиялар түзүлөт, бирок жыйынтык чыкпай келет.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 707, 20-май-26-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан